Бул күнү президент Сооронбай Жээнбеков Боспиек айылына барып, курман болгондорду эскерүү митингине катышты.
Ушул эле күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП Бишкекте эскерүү иш-чарасын уюштуруп, бийликти «үй-бүлөлүк башкаруу жолуна түштү» деп сындады. Атамбаев митингде "Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгени үчүн" элден кечирим сурады.
Атылган ок жана артылган док
Эскерүү митингине президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, саясатчы Азимбек Бекназаров, жакында эле абактан чыккан Бектур Асанов, Аксы окуясында жабыркагандар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы окуясынын маани-маңызына токтолду.
«Аксылыктар элибиздин аң-сезиминде бурулуш жасап, элди ойготту. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө жаңы дем берди. Акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка каршы күрөштүн башаты болуп калды».
Президент "Апрель окуясына түздөн түз катышып, кландык башкарууга каршы чыккан адам катары бул күндөр эсинде экенин" кошумчалады.
Бул эскерүү иш-чарасында өлкө башчысынан башка адамдарга сөз берилбегени айрымдардын нааразычылыгын жаратты. Аксы окуясынын жабырлануучусу Наркыз Шералиева президент жабырлануучулардын үнүн угушу керектигин, эскерүү иш-чарасы кемчилик менен өткөнүн билдирди.
«Революцияны жөө-жылаңаяк жасаганбыз. Атылгандары атылып, калганыбыз таяк жегенбиз. Мен мугалим болуп турганда куугунтукка алынгам. Биздин акыйкат издегенибизге бийлик азыр да жооп бере элек. Ошондуктан акыйкат үчүн күрөшкөн адамдардын пикирин угушу керек болчу. Бизге президенттин сүйлөгөнү кереги жок. Эл сүйлөшү керек болчу».
Ушул эле күнү Бишкекте экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП «Медиа форумдун» алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскеришти. Ал иш-чарада Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады.
Атамбаев билдирүүсүндө Аксы окуясы 2002-жылы ошол кездеги бийлик Үзөңгү-Куушту Кытайга бергенинен улам чыкканын айтып, ал кезде Сооронбай Жээнбеков вице-спикер, агасы Жусуп Жээнбеков губернатор болуп турганын эстеди. Ошондой эле Атамбаев "Сооронбай Жээнбеков ошол учурда бул окуя боюнча унчукпай отурган" деди.
Атамбаев «эскерүү митингин өткөрүүгө бийлик каршылык көрсөтүп, элдин "Форумга" келүүсүнө тоскоолдук кылды» деп айыптады жана Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгени үчүн элден кечирим сурады.
«Өмүр бою үй-бүлөлүк авторитардык режим менен күрөшүп келип ичин көрбөй, тышын гана көрүп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү колдоп жүрүп бийликке алып келгеним үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм. Мен өз катамды дайыма оңдойм. Башым аман болсо ушундай чындыкты дайыма айтам», - деген Атамбаев бийликти элди бөлүп-жарууга да айыптады.
«Сооронбай Жээнбеков, сен жалаң гана партияны, «Айкөл Ала-Тоону» бөлгөн жоксуң. Сен элибизди бөлүп жатасың. Мен «эл түндүк-түштүк болбосун, эл бир болсун» деп сени Оштон, Кара-Кулжадан алып келгем. Сен элибизге жарака кетирип, элди бөлө баштадың. Куран окуганга чейин кирише баштадың. Кеч боло электе токто! Анткени эл деген сел. Эл чыдайт. Бирок канчага чейин чыдай турганын билбейм. Эл бир күнү ойгонсо, аны эч ким токтото албайт. Биз аны көргөнбүз. Барган сайын Бакиевдин режимине кайтып баратабыз».
«Форумдагы» митингде бийликтин дарегине негизинен «үй-бүлөлүк башкарууга жол алды» деген сын-доомат байма-бай айтылды. Экс-президент Атамбаев мындан бир жыл мурун Сооронбай Жээнбековго анын иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин эскерткенин, азыр парламенттеги депутаттарды Асылбек Жээнбеков башкарып жатканын билдирди.
Атамбаев "Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду бийлик азыркыга чейин коргоп келатканын" да кошуп кетти. Атамбаев дээрлик бардык билдирүүлөрүндө коомчулукта «Раим миллион» деген лакап ат менен белгилүү Райымбек Матраимов тууралуу айтып келет.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Атамбаевдин үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу айткан пикирин колдоп, буларга токтолду:
«Учурда үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык режим орноду. Биз бүгүнтөн баштап авторитардык режимге өтө баштадык. Анткени бийлик үймө-үй кыдырып, адамдарды телефон аркылуу коркутуп, аларды бул жакка келтирбөө аракетин жасады. Бирок бардыгы келишти. Жаңы келген бийлик партияны, элди, коомду бөлө баштады. Эртең ар бириңердин үй-бүлөңөрдү бөлөт. Мындан кийин да куугунтуктар, коркутуп-үркүтүүлөр боло берсе биз «Жээнбековдорсуз Кыргызстан» деген ураан менен чыгышыбыз керек».
Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы районундагы Боспиек айылында Кыргызстан эгемендик жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көргөнүн айтып, «мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган мезгил да болгон» деди. Өлкө башчысы үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын убада кылды.
«Үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы күрөштүн башатында болгон адам катары мен эч качан үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербейм. Биз мыйзамды сыйлаган, адилет, эркин коомду курабыз».
Саясат талдоочу Эмил Жороев Аксы окуясы экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары үчүн саясий билдирүү жасаганга жакшы мүмкүнчүлүк болгонун айтты. Жороев мурдагы жана учурдагы бийликтин Аксы окуясын эки жакта эки башка маанайда эскериши Кыргызстандагы саясий абалды көрсөтүп турат деген пикирде.
«Атамбаев «бийликке үй-бүлөмдү аралаштырган жокмун» деп өзүн көтөрмөлөп, жакшы президент катары көрсөтүп жатат. Бирок ал өзүнүн эң жакын, саясий кызматка туура келбеген кишилерин кызматка койгон. Мисалы, жан-жөкөрлөрүн министр кылып, жардамчыларын да башка кызматтарга дайындаган. Мунун үй-бүлөлүк башкаруудан айырмасы деле жок».
2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.
Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баарына көп өтпөй мунапыс берилген.
Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.