Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

Мырзакматов партиясын жанданта баштады


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

Бишкекте 1-мартта «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, анда аткаруучу комитеттин катчысы болуп Клара Сооронкулова дайындалды.

Бул партияны Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов түзгөн. Экс-мэрге 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап жүрөт.

Конститициялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова аны «Улуттар биримдигине» партия лидери, экс-мэр Мелис Мырзакматов өзү чакырганын «Азаттыкка» ырастады. Ал партиянын учурдагы башкы максаты шайлоого карата ишин жандантуу болорун айтып берди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Мен «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңешине кирдим. Мени бүгүн аткаруучу комитеттин катчысы кылып шайлашты. Буга чейин «Ата Мекен» партиясында эмес белем? Парламенттик шайлоодо алардын тизмесинде болгом. Партиялар өздөрү кыймылдабаса, эч качан партиялык түзүлүш болбойт. Парламентаризмдин өнүгүшү да партиялардан түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан жасалма партияларды түзүүдөн качышыбыз керек. Мен көптөн бери эле кайсы партиянын алкагында күчүмдү сынап көрсөм экен деп ойлонуп жүргөм. Анан мага Мелис Мырзакматов өзү сунуш кылды, саясий кеңеш менен эки-үч жолу жыйын болду. Мен макулдугумду бердим. Азыр эми партияны жандантып, күчтөп, чыныгы партия түзөлү деген кыялыбыз бар. Ошонун үстүнөн иштейбиз.

Мелис Мырзакматов партиясынын ишинин жанданышы тууралуу өзү үн ката элек.

Юридика илимдеринин кандидаты Клара Сооронкулова 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болгон. 2011-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын сунушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп дайындалган.

Ал коомчулуктун калың катмарына 2015-жылы таанылган. Ошол кезде биометрикалык каттоо жөнүндө мыйзам боюнча талаш чыккан. Сооронкулова «бул жарандардын укугун бузат» деп баа берген. Ошондон кийин Соттор кеңешинин сунушу менен Жогорку Кеңеш аны судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Бишкекте Сооронкулованы колдогон нааразылык акциялары да өткөн.

Клара Сооронкулова ошондон тартып өлкөдөгү коомдук-саясий иштерге кызуу аралаша баштаган. 2015-жылы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде болгон.

Саясат таануучу Турат Акимов Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов өз партиясына таасирлүү адамдарды топтоого аракет кылып жатканын айтты:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Клара Сооронкулова белгилүү адам жана мыйзамчыл юрист. Шайлоо кодексин жакшы түшүнөт. Анан ушул жагдайларга кызыгуудан улам Мырзакматовдон сунуш түшкөн чыгар. Мырзакматов өзү Кыргызстанда болбогондуктан, анда «Кыргызстанда ишимди жүргүзсүн, эгер партия шайлоодон утуп парламентке келип калса, мени реабилитациялоо боюнча иш жүргүзөт» деген бир эле максат бар. Башка максат деле жок. Партияга таасирлүү адамдарды топтошу мүмкүн. Анткени куугунтукка кабылган адам бизде ар дайым сыйланып келген. Эми Сооронкулова тегерегине кимди топтойт - кеп ошондо. Саясий кеңешине кимдер киргенин билбейм, ошон үчүн мүнөздөмө бере албайм. Мындар ары кандай иш жүргүзүшөрүн айтуу кыйын. Партиялар ар кошкон адамдарды жыйнап алып, парламентке келгенде эле чачырап жатпайбы.

«Улуттар биримдиги» партиясынын жылдызы Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турганда жанган. 2012-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоодо 45 мандаттын 21и аталган партияга тийген. Андан кийин мэр шайлоодо Мелис Мырзакматов Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган. Экс-мэр буга байланыштуу ошол кездеги бийликти айыптаган.

Мелис Мырзакматовго 2014-жылы ноябрда кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага «Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген» деп айып коюлган. 2015-жылы жайында Ош шаардык соту Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарган.

«Улуттар биримдиги» соңку парламенттик шайлоого өз алдынча барган эмес. Бирок «Ата Мекенди» ачык колдогон жана Мырзакматов партиянын тизмесинде үчүнчү болуп турган. Тизмеге «Улуттар биримдигинин» 40 мүчөсү кошулганы менен бирөөнө да мандат тийген эмес. Ош шаарында «атамекенчилерди» добуш бергендердин алты пайызга жетпеген бөлүгү колдогону маалым болгон.

«Улуттар биримдиги» 2016-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоого да катышкан эмес.

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиевдин баамында, Кыргызстанда саясий партиялар келерки парламенттик шайлоону утурлап жандана баштады.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

- Саясий партиялар 2020-жылдагы шайлоого кызуу даярдана башташты, - дейт саясат таануучу. - Алар күчтүү, эл алдында жүргөн адамдарды тартканга аракет кылышат. Тизмелер тууралуу сөз кылуу азырынча эрте. Тизме шайлоонун алдында гана аныкталат. Азыр партияларда күчтөрдү топтоо иштери болуп жатканы бир чети мени кубандырат. Партиялар так шайлоонун алдында эмес, ага чейин деле иштегенди үйрөнүшү керек. Биз саясий демократиянын ушундай тибин тандап алгандан кийин партиялар өтө маанилүү саясий институт болуп саналат. Улуттук биримдикти көздөгөн партиянын чыгышы деле менимче жаман фактор эмес. Бирок биздин партиялык системадагы негизги маселе - саясий партиялар бир адамдын тегерегинде, ошол адамдын каражаты менен топтолгону. Тилекке каршы, бир эле адамдын кадыр-баркы менен кармалып турган партиялар көп болуп жатпайбы.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Мелис Мырзакматов тууралуу пикири өзгөргөнү белгилүү болгон. Былтыр жыл этегинде «Апрель» телеканалындагы маегинде ал азыркы президент Сооронбай Жээнбековду «убагында Мырзакматовдун көлөкөсүндө эле жүргөн» деп айткан. Жээнбеков жана анын аппараты буга байланыштуу үн каткан эмес.

Кыргызстанда келерки парламенттик шайлоо 2020-жылы күзүндө өтөт. Кыргыз коомчулугу үчүн шайлоого карата партиялардын биригиши, саясатчылардын күтүүсүз тандеми, тизме түзүүдөгү ызы-чуу, бириндеп-чачырап кеткен учурлар жаңылык эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG