Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Алмазбек Атамбаев: Жээнбеков Мырзакматовдун көлөкөсүндө болчу (видео)


Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси тууралуу суроолорго да жооп берди. ​

"Бүгүн ал менин эмес, Бакиевдин жолу менен бара жатат, мен муну ачык айта алам. Шайлоо алдында Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз эле болчу. Ал эми 2010-жылы ошол эле Мелис Мырзакматовдун (Ош шаарынын мурдагы мэри) жанында кимдир бирөөнүн далысына жашынган көлөкө эле. Июнь коогасында ал өмүрүн тобокелге салып жүргөнү тууралуу ошол жерде жашагандардын эч кимиси эч нерсе айткан эмес. Мен Жээнбеков менен 24 жыл дос болдум. Ал өзү деле менин жардамым менен 2000-жылы вице-спикер болгонун айтып жүрөт. 2007-жылы менин өкмөтүмдө министр болгон, анын өтүнүчү менен иниси Асылбек Жээнбековду партияга киргизип, депутат кылгам. Сооронбай Жээбековду президенттикке чейин жеткиргем".

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.​

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков "24 kg" маалымат агенттигине берген маегинде Атамбаев аны башкарып алууга аракет кылды деп күнөөлөгөн эле.

“Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мен мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма анын жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын политтехнологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт”, деген Сооронбай Жээнбеков.

Алмазбек Атамбаев 2011-2017-жылдары өлкөнү башкарган Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал былтыркы президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдогон. Бирок эки саясий өнөктөштүн мамилеси быйыл жыл башынан тарта бузула баштаган. Акыркы маектеринде Атамбаев менен Жээнбеков бири-бирин сындашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG