Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:56

Бабановдун табышмактуу кетиши


Өмүрбек Бабанов менен Мирлан Жээнчороев учакта.
Өмүрбек Бабанов менен Мирлан Жээнчороев учакта.

Буга чейин тергөөгө сурак бериш үчүн Орусиядан Кыргызстанга келген «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов кайра Москвага учуп кетти.

Бул маалыматты ырастаган анын жакын санаалаштары Өмүрбек Бабанов ал жакка жумуштары менен кеткенин жана кайра келе турганын билдиришти. Буга чейин ал өзү жалпысынан ага байланыштуу сегиз иш иликтенип жатканын айткан болчу. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрбек Бабанов бул иштер боюнча күбө катары суралып жаткандыктан сыртка чыгууга укугу бар экенин маалымдады.

Чукул сапардын себеби табышмак

Белгилүү саясатчы, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 26-сентябрь күнү эртең менен Москвага учуп кеткени кабарланды. Аны менен бирге парламенттин «Республика - Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороевдин учакта чогуу учкан сүрөтү Интернетке жарыяланды. Ал эми саясатчынын санаалаштары Өмүрбек Бабанов Москвага жеке иштери менен кеткенин айтып, анын Кыргызстанга кайра сөзсүз кайтып келерин белгилешти. Бирок анын эмне себептен тергөөгө сурак берип жаткан мезгилде чукулунан Москвага учуп кеткени айтылган жок. Болгону аны бул жолу депутат Мирлан Жээнчороев коштоп кеткени гана белгилүү.

Парламенттин «Республика - Ата-Журт» фрациясынын депутаты Кенжебек Бокоев Бабановдун өлкөдөн чыгып кетишинде эч кандай саясат жок экенин айтты:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Жумуштары бар болсо, албетте, барып келет да. Ал киши ишкер адам. Бизнес иштери менен сыртка чыгып, кайра келе берет. Ал жаран катары чакырган сурактарынын бааына барып, суроолоруна жооп берди. Эми ал аны куугунтуктай тургандай, бирөөнүн бир нерсесин уурдабаса, бирөөнүн бир нерсесин басып албаса же бирөөдөн бийлик талашпаса... Эми ал барат, келет. Бабанов жоопкерчиликтен качкан жери жок. Ал өзү келип, сурак берип жүрөт. Ал мыйзам чегинде уруксат сурап, айылга келип кетет же болбосо Москвага барып келет. Бул жерде эч кандай маселе деле жок.

Бабановго тоскоолдук жок

2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, Орусияда баш калкалап жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов быйыл 9-августта Кыргызстанга кайтып келген. Ал анда мурда ага козголгон кылмыш иштеринин алкагында өз ыктыяры менен тергөөгө сурак берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондон кийин ал УКМКнын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөөчүлөрүнө бир нече жолу сурак берип чыккан. Өмүрбек Бабанов буга чейин коомчулукка белгилүү кылмыш иштерин кошкондо, жалпысынан ага байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан болчу. Калган кылмыш иштеринин мазмуну боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат берген эмес. Ал эми социалдык тармактарда тергөөдө сурак берип жүргөн Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы белгисиз экени айтылып, анын сыртка чыгышы канчалык мыйзамдуу болду деген маселе көтөрүлдү.

Бирок УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов ал күбө катары гана өтүп жаткандыктан анын сыртка чыгышына тоскоолдук жок экенин айтуу менен чектелди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Эми ал аталган кылмыш иштери боюнча күбө катары гана өтүп жатат да. Ошондуктан мыйзам боюнча анын сыртка чыгышына эч кандай тыюу жок.

Буга чейин бир жарым жылдан ашуун убакыт Орусияда баш калкалап жүргөн Өмүрбек Бабанов бир жолу маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстанга кайтып келерин улам шардана кылып, бирок Москвадагы аба майданынан кайра айнып кеткен да жайы бар. Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келүүнү көздөгөн кийинки аракети Кой-Ташта мурдагы президент Атамбаевди кармоо учуруна туура келди. Ал ошол окуядан соң 9-август күнү Москвадан Бишкекке учуп келген.

Бийлик менен ымалага келүүнүн жыйынтыгыбы?

Жарандык активист Чыңгыз Ысманов бийлик менен тымызын тил табышып, ымалага келген саясатчылардын кылмыш иштери жең ичинен бүтүп, башка саясатчылардын иштерин калыс кароого көмүскө тоскоолдук бар деп эсептейт.

Чыңгыз Исманов.
Чыңгыз Исманов.

- Негизи кандай гана кылмыш иштери болбосун, мыйзам чегинде иликтенип, тергелип бүтүшү керек, - деди ал. - Бирок бүгүнкү күндө ошого окшогон иштер бийлик менен ымалага келүүгө байланыштуу чечилип жатпайбы. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз дегенден кийин биздин бийлик, сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде, ачык иштей турганын көрсөтүшү керек эле. Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши жана анын кылмыш иштеринин кантип бүткөнү жалпыга эле маалым болуп калды окшойт. Ал эми Мелис Мырзакматовдун иши кандай болот - азырынча белгисиз. Эгерде тергөө калыс болоруна кепилдик болсо ал да тергөөгө келип, катышмак да. Демек, бул жерде ачык болбосо дагы анын Кыргызстанга эркин кайтып келип, тергөөгө сурак берип, соттон акталып чыгышына тымызын тоскоолдук болушу мүмкүн. Президент сот тутумунда калыстык болушу керек экенин айтып жатат. Бирок иш жүзүндө жыйынтык көрүнбөй жатат.

Анткен менен саясатчы Өмүрбек Бабанов өзү мындай дооматтарга макул эмес. Ал өзүнүн атынын айланасында ушактар дайыма көп экенин айтып, «кылмыш иштерин жаптырыш үчүн бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алып келген» деген сөздөрдү буга чейин журналисттерге берген жообунда четке каккан болчу:

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

- Мен Кыргызстанда депутат болуп жүргөн кезде да, президенттикке талапкер болгонумда да, 1 жыл, тогуз ай сыртта жүргөн учурумда да көп ушактар айтылды. Кыргызстанга келбесем «коркок эле, коркок» дейт. Өлкөгө эми учуп келсем «бул сүйлөшүп алып келиптир же болбосо бирөөлөр кепилдик бериптир» дейт экен. Эгерде мен бийлик менен сүйлөшүп алып келсем бардык укук коргоо органдары мени улам суракка чакырбайт эле да?

Белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Бабанов ошол шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, 2018-жылы чоң саясаттан биротоло кеткенин, мындан ары жалаң ишкердик менен алектенерин жарыялаган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG