Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

«Кыргызстандын» курултайы убадаларды эске салды


Бишкекте «Кыргызстан» саясий партиясынын VI съезди өттү.

Курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Исаевдин талапкерлигин партиянын саясий кеңеши көрсөткөн.

«Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жыл апрелде негизделип, аны ишкер Шаршенбек Абдыкеримов түзгөн. Ал бүгүнкү курултайда партиянын жетекчилигине Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков менен Алмазбек Баатырбековдун да талапкерлигин сунуштаган. Аты аталган эки саясатчы лидерликке ат салышуудан баш тартышты.

Съездге 1175 делегат катышты. Арасында парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары жана партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да бар.

Калың убадалар актандырат

Партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөлгөн балдарга берилип жаткан сүйүнчү пулду, трансформация болгон жерлерди жана акыркы жылдары салынган социалдык объектилерди жетишкендик катары баалады.

Дастанбек Жумабеков
Дастанбек Жумабеков

«Биз жакшы мыйзамдарды кабыл алдык. Албетте дагы көп мыйзамдар кабыл алынышы керек болчу. Кыргызда «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дейт. Биз дагы да күрөшөбүз. Ошол мыйзамдардын аткарылышына салымыбызды кошобуз. Биз шайлоого аттанып жатканда социалдык тармактарда көп убадаларды бергенбиз. Алар 100 пайыз аткарылбаса да көп ийгиликтерди жараттык. Сүйүнчү пул, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 18 жашка чыкканга чейин ата-энелерине мамлекет тарабынан камкордук көрүү боюнча мыйзамдар кабыл алынды».

«Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев партия шайлоодо берген убадаларын толук аткара албаганын айтты.

Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

«Шайлоодо берилген убадалардын айрымдары аткарылган жок. 18 депутат менен бардык маселени чечүү мүмкүн эмес экен. Бирок биз алдыбызга чоң максат койгонубуз туура. Алдыга карай умтулуу болушу керек».

«Кыргызстан» партиясы 2015-жылы «Башкалар убада беришет, биз аткарабыз!» деген ураан менен шайлоого аттанган. Шайлоо алдында партия «Жети кадам» аттуу программасын жарыялаган.

«Жети кадам» программасынын биринчи кадамы «Ыймандуу Кыргызстанды куруу» деп аталган. Анда байыркы жана диний каада-салттарды сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү керектиги белгиленген. Андан кийинки кадамда «Дени сак Кыргызстан» деп, ден соолукту сактоого көңүл бурулган. Андан ары билим, мыйзамдуулук, жигердүү ишкерлик, экологиялык таза продукция өндүрүү аркылуу бакубат Кыргызстанга жетүү убадасы белгиленген. Мыйзамдуулук каралган пунктта уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, сот реформасын аягына чыгаруу негизги милдет катары көрсөтүлгөн. Партия ээлеген кызмат ордуна карабай ар бир жаран мыйзам алдында бирдей жоопкерчиликтүү болуш керек деп билдирген.

Бирок партиянын элге эң эле белгилүү убадасы - ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул берүү.

Бул программа тезис түрүндө берилгендиктен ал максаттарга жетишүүнүн, программаны аткаруунун мөөнөтү, каражаттары көрсөтүлгөн эмес. Бирок «Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Канатбек Муратбеков программаны турмушка ашыруу жол-жобосу, эсеп-чоту такталганын «Азаттыкка» айткан эле:

«Программабызды же кадамдарыбызды жарыяларда биз ар бир пунктка каржы булактарын кайдан аларыбызды караганбыз. Биз эртеңки күнү эл алдында жооп беришибиз керек да. Ошого жообубуз бар. Мисалы, азыр ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом деп жатабыз. Жогорку Кеңешке келсек биз аны сунуштап чыгабыз. Кандай төлөнөт? 50 миң сомду жыл бою төлөмөй кылабыз, 12 айда төрт миң сомдон ашыгыраак төлөнөт».


Ошол кезде премьер-министр болуп иштеген Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджетти кароо маалында «Кыргызстан» партиясынын «ар бир төрөлгөн ымыркай үчүн мамлекетке 50 миң сом төлөтүү» демилгеси ишке ашпасын билдирген. Өкмөттүн расмий сайты кабарлагандай, партиянын энелик капиталды киргизүү сунушу финансылык негиздемеге ээ эмес, анткени бюджетте бул финансылык каражат каралган эмес.

Коомдо кызуу талкуулардан кийин жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган. Бирок анын суммасы учурда 4 миң сомду түзөт.

Саясат талдоочу Эмил Жороев "сүйүнчү пул - башынан эле аткарылбай турган убада болчу" деген пикирде:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

«Ар бир партия, фракция кылган иштери боюнча өзүнө жана элге отчёт бериши керек. Шайлоодо өзгөчө акчага байланыштуу ар кандай популисттик ураандар айтылат. Анын ичинде «50 миң сом сүйүнчү беребиз» деген убада берилген. Ушундай обу жок, негизсиз убадаларды тыйыш үчүн элдин партияларга убадалардын аткарылышы боюнча суроо берип, талап кылганы жакшы нерсе. Муну партиялар да, шайлоочулар да түшүнүшү керек. Өзгөчө парламенттик шайлоодо партиялар чоң убадаларды бергенде биз бир да партия парламентте өзү жалгыз көпчүлүктү түзүп, өкмөттү өзү курай албасын түшүнүшүбүз керек. Партиянын «парламентте биздин депутаттарыбыз аз болуп калды» деген шылтоосу дайыма эле боло берет. Экинчиден, Кыргызстандагы экономикалык шартты да эске алыш керек. Мисалы, ошол эле жөлөк пул боюнча мыйзамды кимдер көтөрүп чыкты? Азыр сүйүнчү акча 4 миң сом болсо да берилип жатат. Бирок ошол мыйзамдын авторлору, сүрөөнчүлөрү ким? Эгерде аны «Кыргызстан» фракциясы сунуштаган болсо бир жөн. Бирок менин билишимче жөлөк пул мыйзамын кабыл алууда «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары лидер болгон жок».

«Кыргызстан» партиясы Казакстанда соттолгон депутаты менен да аты чыккан. 2017-жылы 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Дамирбек Асылбек уулу, Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган эле. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган. Былтыр Дамирбек Асылбек уулу он жылга эркинен ажыратылган.

Лидерди абакка жеткирген иштер

Канатбек Исаев 2015-жылы парламенттик шайлоону утурлай, партиянын лидери болуп тандалган. Ошол кезде коомчулукта «Кыргызстан» КСДП партиясынын «клону» деген ойлор айтылган.

Канатбек Исаевге эки кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын 30-сентябрынан 2018-жылдын 18-июлуна чейин УКМКнын тергөө абагында отуруп чыккан. Аны Бишкек шаардык соту былтыр үй камагына чыгарган. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иштери боюнча коррупция айыбы коюлган. Буга чейин Бишкек шаардык соту Исаевге карата «Коррупция» беренеси боюнча райондук сот 10 жылга кескен ишти «мөөнөтү өттү» деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми «Бийликти басып алуу» беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Учурда Жогорку Кеңеште КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен» фракциялары бар.

Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт. Мунун алдында партиялар, саясатчылар кыйла жандана баштаганын талдоочулар белгилеп жатышат.

Кыргызстанда 2018-жылга карата 225 саясий партия Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG