Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:56

Тогуз пайыздык чек талкууга түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөөрүн жарыялады.

Шайлоо жакындаган сайын саясий чөйрөдө шайлоо мыйзамдары боюнча талкуулар күчөп, парламентке өтүүчү босого пайызын түшүрүү жана шайлоо күрөөсүн азайтуу боюнча сунуштар айтылууда. Бул демилгени колдогондор Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого чеги тогуз пайыз боюнча калса парламентке оппозициялык күчтөр өтө албай, өлкөдө саясий кырдаал курчуй турганын эскертип жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясы кийинки парламенттик шайлоонун так датасын жарыялаганы өлкөдө шайлоо мыйзамдарына байланыштуу талкуунун жанданышына себеп болду көрүнөт.

Учурда негизинен Жогорку Кеңешке өтүш үчүн саясий партияларга коюлган тогуз пайыздык босого балл менен 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсүнүн айланасында талкуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги айрым фракциялар менен парламенттен тышкары бир топ партиялар шайлоодогу тогуз пайыздык чекти жети, беш же үч пайызга чейин түшүрүүнү сунуш кылып жатышат. Бийлик бул боюнча позициясын ачык билдире элек.

Бишкекте 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары, партия лидерлери менен жарандык коомдун өкүлдөрү дал ушул шайлоо мыйзамдарын талкуулашты. Жыйында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү босогосун үч пайызга чейин түшүрүүнү сунуш кылды:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Менин оюмча босого пайызды үч пайызга түшүрүш керек. Ошондо биз элге: «Кимиң шайлоого катышууну каалайсың? Үч киши болсо да партия түзгүлө» дей алабыз. Алар болгону 50 миң добуш жыйнашы керек. Мен буга чейин босого чекти беш, жети пайыз кылууга добуш бергем. Бирок парламент - дүйнөдө болуп аткан тенденциянын алдын ала турган орган. Кечээ мүмкүн болуп аткан нерсе бүгүн мүмкүн болбой калат. Ошондуктан биз ушундай чакырыктарга алдын-ала жооп беришибиз керек. Биз өкмөткө, президентке жана парламентке да артык кылабыз деп, тыртык кылып ала турган мезгил келип калганын түшүндүрүшүбүз керек.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков эгерде 2020-жылы парламенттик шайлоо тогуз пайыздык босого чек менен өтсө өлкөдөгү саясий кырдаал курчушу мүмкүн экенин айтып жатат:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Оппозиция жана бийликтен башкача ойлонгондор парламентте болушу керек. Акаев Конституцияны тогуз жолу өзгөртүп, бардык ыйгарым укуктарды өзүнө топтогон. Акыр аягында сараңдык кылып парламентти толугу менен өзүнө алгысы келген. Эми азыр ал кайда? Ушундай эле тагдырды Бакиев башынан өткөрдү. Кайсы гана президент болбосун Жогорку Кеңешти кол бала кылгысы келген жана кылгысы келе берет. Мейли, президент эки партиясын парламентке алып келип, баарын башкарсын. Бирок оппозиция сыртта калат да, курултайлар башталат. Тогуз пайыздык босогонун кесепетинен президент коркушу керек. Анткени ал бардык бийликти колго алам деп жатып, революциялык кырдаалга туш келиши мүмкүн.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да «Азаттыкка» ушундай эле пикирде экенин айтып, босого пайызды түшүрүүнү колдоду:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

-Тогуз пайыздык чек - бул «парламентке менин гана партиям келсин, башка эч ким келбей калсын» деген эле сөз. Бул чоң жаңжалга алып келет. Муну Мадумаров эле айтып жатса башкача кабыл алмаксыңар. Бирок талкуу учурунда бир эмес, бир нече кишинин оозунан «мунун айынан төңкөрүш болот» деген сөз чыкты. Менин да пикирим ушундай.

Ошол эле учурда тогуз пайызды колдогондор мындай чек парламентке 3-4 сапаттуу партиянын келишин шарттап, туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болорун жүйө кылып келишет. Андан тышкары алар Кыргызстанда саясий партиялар биригип, партиялар азаярын да жүйө келтиришет.

9 пайыздык чекти колдогондордун бири, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасында өз оюн мындайча негиздеди:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«2020 жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес. Көпчүлүгү парламенте олтурушкан. Эми гана айта башташты. Демек, ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрки жеткен эмес. Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем. Саясий атаандаштыкта күч сынашалы. Кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин эл чечсин».

2015-жылдагы парламенттик шайлоого кайрылсак, ага шайлоочулардын жалпы санынын 59 пайызы же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Талдоочулар кийинки парламенттик шайлоодо деле добуш берүүчүлөрдүн саны олуттуу өзгөрбөй турганын айтышууда.

Эгерде Жогорку Кеңешке өтүү босогосу үч пайыз болсо, анда партия кеминде 51 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайызга 120 миң жана тогуз пайыз босого чек болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова Жогорку Кеңешке өтүүнүн босого пайызын толугу менен алып салыш керек деп эсептейт. Ал өз оюн саясатка келгиси келген жаштардын позициясы менен түшүндүрдү:

Ширин Айтматова.
Ширин Айтматова.

- Мен Жогорку Кеңешке өтүүгө тогуз, жети, беш же үч пайыз да босого балл болбош керек деп эсептейм. Анткени бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек. Азыр жаңы түзүлгөн, жаштардан турган партияларда административдик ресурс да, акча да жок. Бүгүн депутаттар парламентке өтүү боюнча тогуз пайыздык чек Алмазбек Атамбаевдин аппараттынын тапшырмасы болгонун моюнга алышты. Буга карабастан алар азыр деле тогуз пайызды жокко чыгаргысы келбей турушат. Себеби, бул аларга ыңгайлуу. Мен азыр жаштар менен жолугуп жатам. Аларда тогуз пайыз чекти ашабыз деген үмүт жок.

Жыйынга парламентке өтүү боюнча жети пайыздык босогону тогуз пайызга көтөрүү боюнча мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев да катышты. Ал Кыргызстанда партиялык системанын абалын эске алып, босого пайызды кайра түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкканын жана кийинки жумада талкууга алып чыгарын айтты.

Шайлоо мыйзамдарына байланышкан дагы бир маселе - бул шайлоо күрөөсү. Учурда парламенттик шайлоого барууну каалаган партия күрөөгө 5 миллион сом коюшу керек.

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов шайлоо күрөөсү жана тогуз пайыздык чек сыяктуу эрежелер шайлоонун баасын кымбаттатарын эске салды:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

- Эгерде мурун мандаттын эң жогорку баасы 300 миң доллар болсо, азыр ал 300 миң доллардан башталат. Ал эми «алтын орун» дегендери 500-700 миң доллар болсо, эми 1 млн. долларга чыгат. Шайлоочунун добушу 1000-1500 миң сом болсо, ал 3000 сомго чейин көтөрүлөт. Андан тышкары тогуз пайыздык босого саясий партиялардын жетекчилеринин үстөмдүгүнө алып келет. Талапкерлер партия лидеринин эле көзүн карап калышат.

Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (54)

XS
SM
MD
LG