Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:51

Атамбаевдин саясий «синдрому»


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан жана көрсөтмө берүүдөн баш тартууда.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин тагдырына кайдыгер эмес экенин айтып, бирок ал өзү абалды туңгуюкка кептеп салганын, эми анын иши укуктук алкакта гана чечиле турганын басма сөз жыйынында билдирген болчу. Атамбаев маселеси коомдук-саясий кырдаалга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Президент: менин да жүрөгүм ооруйт

Бишкекте 26-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга байланыштуу УКМКнын имаратында өтө турган соттун көчмө жыйыны кийинкиге жылды. Кылмышка шектелгендердин бири, академик Абдухалим Раимжановдун саламаттыгы начаралап кеткенине байланыштуу сот жараянды 9-январга жылдырды.

Сот жараянын өткөрүү жайына каршы болгон жактоочу тарап аны Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөрүүгө өтүнүч келтирди. Бирок бул өтүнүч кийинки жыйында карала турган болду. Бул сот жараянынын башталышында ага алып келинген Алмазбек Атамбаев нааразылык иретинде ордунан туруп, сот залынан чыгып кеткенин анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 25-декабрдагы басма сөз жыйынында Атамбаевдин тагдырына кайдыгер эместигин айтып, анын маселеси ойлонтуп турганын билдирди:

- Мамлекетти экиге бөлгөнгө чейин барышты. Бийликти күч менен басып алууга чейин чакырыктар ташталып жатты. Менин дарегиме кандай гана сөздөр болбосун, мен анын бардыгына чыдадым, күттүм. Бирок ал аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка кептеп койду. Бул маселе азыр менин колумда эмес, сот жана тергөө органдарынын колунда. Ал маселе эми мыйзам чегинде чечилет. Менин да жүрөгүм ооруйт, мени ойлондурат. Анткени мен бир топ адамдын кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргошум керек. Бул - менин тагдырым. Ал эми мени келечекте эмне күтөрү - бир Кудайдын колунда.

«Мени да, өзүн да, өлкөнү да туңгуюкка кептеди»
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:36 0:00


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков быйыл жайында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жараштырып, ортодогу түшүнбөстүктөрдү жөнгө салуу демилгеси болуп, бирок андан майнап чыкпаганын белгиледи.

- Кыргызстандагы азыркы кырдаалга Атамбаевдин тагдырынын түздөн-түз байланышы бар. Ошондуктан биз бардыгыбыз «ушундай болбошу керек эле» деп айтып жатабыз. Биз ошон үчүн жайында «ошондой иштер болуп кетпесе экен» деген максатта аракет жасаганбыз. Тилекке каршы, ал аракеттер ишке ашпай калды. Бул эми өлкөдөгү кырдаалга таасирин тийгизет. Анын сабактары келечекте өз ролун ойнойт. Себеби биз бардыгыбыз «бийлик тынтчык жолу менен өткөрүлдү» деп сүйүнгөнбүз. Бирок тарых такыр башка тарапка бурулду. Эми бул жерде ушул нерсе салт болуп калбаса экен деген маселе ар бирибиздин көкүрөгүбүздө турат.

Өзүнө өзү өкүм чыгаруу

Анткен менен башка бир саясатчылар бул көйгөйдү Атамбаев менен Жээнбековдун жеке мамилесинин гана туундусу катары кароого мүмкүн эмес деген пикирде.

Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун жетекчиси Эмилбек Каптагаев президент Сооронбай Жээнбековдо мамлекеттин же Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоо деген эки гана тандоо болгонун айтып, аны чырдын чыгышынын негизги себеби катары белгиледи:

- Бардык маселе «бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бердим» дегенден кийинки Атамбаевдин кадамдарында болуп жатат. Ал өзү бийликти өткөрүп бергендей болгону менен иш жүзүндө «бийликти өзүм көзөмөлдөйм, сырттан туруп өзүм башкарам» деген анын дымагынан чыкты. Кырдаал улам чиеленишип, туңгуюкка кептелип, 8-августта аскер адамынын өмүрүнө кол салып, алардын айрымдарын Атамбаевдин үйүндө барымтага алган окуя менен аяктады. Атамбаев өзүнүн үйүнө мүшөктөн баррикада куруп алып, таш төктүрүп, ага барган аскер адамдарына ок чыгарып, ошону менен өзүнүн тагдырын өзү чечип койду. Эми бул жерде мындан аркы коомдук-саясий кырдаалга анын эч кандай таасири болушу мүмкүн эмес.

Замирбек Жоошев
Замирбек Жоошев

Бирок Атамбаевдин адвокаты Замирбек Жоошев мындай пикирди укуктук жактан туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, Кой-Таш окуясында мурдагы президентти суракка күч менен алып келүүгө тыюу салган анын мыйзамдуу укугу бузулган:

- Аны суракка чакыруунун өзү мыйзамсыз болчу. Ошондуктан ал тергөөгө барган эмес. Мыйзам боюнча экс-президентти суракка чакырууга мүмкүн эмес. Анын кол тийбестигин алууга шарт түзгөн мыйзамга киргизилген өзгөртүү Атамбаевге карата жайылтылбайт. Себеби мыйзам артка иштебейт. Атамбаевди тергөөгө алып келүүгө аскер адамдарын жиберген кызмат адамдары Кой-Таш окуясы боюнча жооптуу болушу керек болчу.

Конституцияга кайтуу чакырыгы

Ошол эле кезде «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Атамбаев-Жээнбеков тирешинин негизги себебин конституциялык талаадан чыгып кетип, бейформал борборлор аркылуу бийликти өзүнө ыйгарып алган өнөкөттүн кесепети катары сыпаттады. Мындай жагдайда ал бийликте мыйзамдар эмес, түшүнүктөр үстөмдүк кылып каларын айтты. Ошондуктан Өмүрбек Текебаев өлкөнү туңгуюктан сактоо үчүн азыркы бийликти конституциялык алкакка кайтып келүүгө чакырды:

- Президент Сооронбай Жээнбековго, өкмөткө жана парламентке бир кеңеш берет элем. Өлкөнү саясий туңгуюктан алып чыгуу үчүн биз мамлекеттик башкарууда конституциялык нукка кайтып келип, ар бирибиз өзүбүздүн ишибизди кылып, ар бирибиз өзүбүз жасаган иш үчүн эл алдында, тарых алдында жооп бергендей болушубуз керек. Мына ошондо Конституция потенциалдуу өзүнүн жакшы жактарын ачат. Болбосо аны биз бир тарапка алып коюп, өзүбүз билгендей иш жүргүзө беребиз. Убагында менден «Атамбаевдин режими кандай, бир ооз сөз менен баа бериңизчи» деп сурашканда, бул «"бардыгын өзүм билем" деген саясий система» дегем. Бүгүн деле дал ошондой. Биз андан кетишибиз керек.

Текебаев: Конституциялык нукка кайтышыбыз керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:32 0:00

Быйыл жазында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, тергөө органдары аны күбө катары суракка чакырган. Бирок ал суракка баруудан баш тарткан.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө быйыл 7-августта аны тергөөгө алып келүүгө барган атайын ыкчам топ менен мурдагы президенттин тарапташтары кагылышып, айрым аскер адамдары барымтага алынып, бирөө октон каза тапкан. Ошондон соң колго түшүп берген Алмазбек Атамбаев камакка алынып, ага Жазык кодексинин бир нече беренелери боюнча айып коюлган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

XS
SM
MD
LG