Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 20-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:51

Партиялардын көрөңгөсү жана келечеги


Жогорку Кеңештеги микрофон.

2019-жылы Кыргызстанда 14 саясий партия каттоодон өткөнү рекорддук көрсөткүч катары саналууда.

Партиялардын көбөйүшүнүн негизги себептери эмнеде? Бийликтеги азыркы партиялардын кайрадан парламентке келишинин мүмкүнчүлүгү канчалык же таасиринен тайдыбы? Жогорку Кеңешке жаңы саясий күчтөрдүн келишине шарт барбы? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга саясий серепчилер Кубан Абдымен, Чолпонбек Сыдыкбаев жана Абдыжапар Аккулов катышты.

“Азаттык”: Кубан мырза, 2019-жылы Кыргызстандын Юстиция министрлигинен 14 саясий партиянын каттоодон өткөнү мурда-кийин боло элек көрүнүш катары бааланууда. Бул факт шайлоо алдында боло турчу кадимки көрүнүшпү же Жогорку Кеңешке жаңы саясий күчтөрдүн келе турганынын белгисиби?

Азыркы парламентте отурган партияларга элдин көпчүлүк бөлүгүнүн ичи чыкпай, ишеним азайып жатат, башка саясий партияларды бийликке алып келебиз деген күчтөр бар.
Кубан Абдымен.


Кубан Абдымен: Саясий партия уюштурууга Кыргызстанда да мыйзам боюнча ошондой жагымдуу шарт түзүлгөн. Беш жыл мурдагы парламенттик шайлоого 24 партия катышканын билебиз.

Азыркы жаңы саясий партияларда мурдагылардын кемчиликтерин, саясий тагдырын кайталабай өзүнчө жаны система түзөбүз деген максат болушу мүмкүн. Бул дагы Кыргызстандын саясий турмушунун бир өңүтү.

Дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, өткөөл мезгилдерде, транзиттик өлкөлөрдө саясий партияларды түзүү процесси абдан күчтүү экенин байкасак болот. Биздин кошуна мамлекеттерде деле 14 болбосо да, жылына бирден-экиден жаңы партиялар түзүлүп жатат.

Кыргызстандагы партиялардын санынын кескин көбөйүп кетишинин себеби бар десек болот. Биринчиси - азыркы парламентте отурган партияларга элдин көпчүлүк бөлүгүнүн ичи чыкпай, ишеним азайып жатат, башка саясий партияларды бийликке алып келебиз деген күчтөр бар. Ошондуктан 14 партиянын бир жылда түзүлгөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болот.

Көпчүлүк партиялар коом жаңыланууну каалап жаткан кезде бийликке келүүнү көздөп турат. Албетте, ар бир партиянын артында шыкактаган күчтөр да жок эмес.
Чолпонбек Сыдыкбаев.


Чолпонбек Сыдыкбаев: Кыргызстан демократиялык жолду тандап алгандан бери бир топ тарыхый процесстерди башынан өткөрдү. Бизде саясий ишмерлердин ар биринин чоң амбициясы бар, ар бири саясий партиянын лидери болгусу келет. Бир жылда эле 14 партиянын түзүлүшүнүн саясий, тарыхый себептери бар. Анткени бийликте турган партиялар коом алдындагы шайлоодо берген убадаларын аткарбай беделин түшүрүп алышты.

Ошондуктан быйылкы парламенттик шайлоонун жаңы сезону башталып жатат десек болот. Көпчүлүк партиялар коом жаңыланууну каалап жаткан кезде бийликке келүүнү көздөп турат. Албетте, ар бир партиянын артында шыкактаган күчтөр да жок эмес.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, Жогорку Кеңештеги партияларды салыштырып айтканда, баалаганда эл арасындагы аброю, орду, шайлоочулардын ишеним деңгээли кандай?

Ар кошкон партиялар жылыш жасай албасын мезгил көргөздү. Анын үстүнө Кыргызстанда толук парламенттик башкаруу жок. Парламент, фракциялар, спикер баш болуп президенттин көзүн карап турганы жалган эмес да.
Абдыжапар Аккулов.


Абдыжапар Аккулов: Кыргызстан 30 жылдан бери башкаруунун көп формасын башынан кечирип жатат.

“Президенттик башкаруу болбойт экен, парламенттик башкарууга өтөбүз” дедик. Азыр бийликте отурган партиялардан түзүлгөн парламент элдин үмүтүн актабай турганын көргөздү. Бир партияны дурус деп атай албайбыз. Ошондуктан "парламентаризм Кыргызстан үчүн башкаруунун өзүн актай турган формасы деген жаңылыш ой. Кыргыз элинин менталитети мындай башкарууга ылайык эмес" деген пикирлер арбын.

"Бийлик башындагы киши күчтүү болсо, саясий системада туруктуулук болуп, ырааттуу өнүгүү болот" деген ойлор да арбын. Азыркы бийликтеги партиялардын кайрадан Жогорку Кеңешке же жергиликтүү кеңешке шайлануу мүмкүнчүлүгү бар деп айтуу кыйын. Бийлик элдин ою, талабы менен эсептешкен жок.

“120 депутат Кыргызстан үчүн көп, аны азайталы. Бизде 35 депутаттан турган мыйзам чыгаруу жыйыны, 70 депутаттан турган өкүлдөр жыйыны өзүн актады эле” деген ойлор басымдуулук кылганына карабай, ал пикирди уккан жан болбоду. Ар кошкон партиялар жылыш жасай албасын мезгил көргөздү. Анын үстүнө Кыргызстанда толук парламенттик башкаруу жок. Парламент, фракциялар, спикер баш болуп президенттин көзүн карап турганы жалган эмес да.

“Азаттык”: Кубан мырза, азыркы Жогорку Кеңештеги фракциялардын беш жылдык ишмердигин эске алганда күздө өтө турган парламенттик шайлоодо алардын кайрадан бийликке келишине канчалык ишеним бар?

Кубан Абдымен: Азыркы парламентте отурган алты партиянын баары келерки Жогорку Кеңешке келет деп айтуу кыйын. Дээрлик бардык партиялар эл арасындагы беделин түшүрүп алды. Өзгөчө КСДП партиясынын айланасындагы болгон окуялар көп шайлоочуларды, саясий ишмерлерди ойлондуруп койду.

Партия канчалык күчтүү деп айтылганы менен анын тагдыры, келечеги лидерине байланыштуу экенин көргөздү, эл ошол лидеринин айланасына баш кошору белгилүү болду. Лидерге байланыштуу чатак чыкса, партия алсырай тургандыгын көрүп жатабыз. Мындай тагдырды “Ата Мекен”, “Кыргызстан” партияларына байланыштуу айтсак болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG