Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 11:13

«Өнүгүү-Прогрессти» апкаарыткан тогуз пайыз


Иллюстрациялык сүрөт

2012-жылы түзүлгөн “Өнүгүү-Прогресс” келерки парламенттик шайлоого катышууну көздөп турат. Эксперттер келе жаткан шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс” эле эмес, бардык партиялардын курамы өзгөрүп, шайлоо жыйынтыгы элди эле эмес, саясатчылардын өзүн да таң калтыра турганын айтышууда.

Боршайком – Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо 2020-жылдын октябрь айында өткөрүү белгиленип жатканын кабарлады. Бирок саясий партиялар келе жаткан аламанга даярдыкты расмий баштай элек. Азырынча шайлоого катышуу планын “Кыргызстан” партиясы гана билдирди. Айрым саясатчылар саясий бирикмелер ичинде да, ар кандай партиялар ортосунда да сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилешет.

"Өнүгүү-Прогресстин" лидери да, анын мүчөлөрү да жарышка кайсы курам менен бара турганы белгисиз. Бакыт Төрөбаев башка партия менен биригүү ниети барын танган жок, ар кандай сунуштарга да ачык экенин белгиледи.

"Өнүгүү-Прогресс" сунуштар үчүн ачык

“Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев “Азаттык” радиосуна партия алдыдагы шайлоо боюнча эч нерсе чече электигин, келерки жылы окуяга жараша ар кандай варианттар болушу мүмкүндүгүн айтып берди.

Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

- Биздин партия шайлоого сөзсүз катышат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чынын айтканда, биригүү тууралуу да сунуштар да түшүүдө. Бирок мындай чечимди кабыл ала турган атайын саясий кеңешибиз бар. Жеке мен диалог үчүн ачыкмын. Бирок кайсы бир партия менен бирге шайлоо босогосунан ашып өтүүдөн мурда ою жана максаты сеникине үндөш союздаш табуу керек, - деди Төрөбаев.

Саясатчы партия өз күчү менен шайлоонун 9% чегинен өтө алат деп эсептейт. 2015-жылы жаш партия биринчи жолу парламенттик шайлого катышып, шайлоочулардын 9,39% добушу менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынан 13 орун алган.

Эксперттер “Өнүгүү-Прогресс” башка партия менен бириге алат деп эсептешет. Эске салсак, мындай тандем 2014-жылы “Республика” менен “Ата-Журттун” ортосунда түзүлгөн.

Медет Тулегенов.
Медет Тулегенов.

- Парламенттеги азыркы партиялардын баары окшош. Негизги көйгөй булар партия деле эмес, конкреттүү персоналардын айланасындагы эле бирикме болгонунда. “Өнүгүү-Прогресстин” саясий амбициясы бар, ошол себептүү ал ушул партия менен баргысы келгендерди айланасына топтошу шарт. Мурда кайсы бир партиянын лидери башка партияга катардагы мүчө катары өтүп кеткен учурлар болгон. Төрөбаевдин мындай кадамга барышы күмөн. Кептин баары мыйзам жана анын ичиндеги 9% өзгөрөбү деген маселеге көз каранды. Партия өз мүмкүнчүлүгүн кандай баалайт? Эгер партия чектен өтө албайбыз десе, анда тандемге барышы мүмкүн, - деп эсептейт саясат таануучу Медет Тюлегенов.

2015-жылы шайлоо алдында босого чеги бештен жетиге чейин көтөрүлгөн. 2017-жылы кирген өзгөрүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңешке барууну каалагандар шайлоочулардын 9% добушун алышы керек. Бирок жакында эле депутаттар бул чекти 5% түшүрүүнү сунушташты.

Партияга кимдер кошулбайт?

“Өнүгүү-Прогрессте” VII чакырылышка бара турган депутаттардын жаңы тизмеси азырынча жок. Ошол эле маалда партиянын учурдагы айрым мүчөлөрү да ал тизмеге кошулбай турганы анык болду.

2017-жылы үч депутат: Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов фракциянын катарынан чыгарылган.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров бул үчөө фракциянын саясаты менен макул болбогону үчүн катардан сүрүлгөнүн айткан.

- Көпчүлүктүн кабыл алган чечимдерге каршы болгону үчүн фракциядан чыгарылды. Алар ар кандай интрига уюштуруп, туура эмес маалыматтарды таратышты. Азыркы чечимди кабыл алууга ушундай кир оюндар себеп болду. Фракцияда анын чечимине баш ийген, саясатын колдогондор гана болушу керек, - деген депутат.

Анда фракциядан чыккан Тазабек Икрамов ЖМКга партия жетекчилиги андан “лидерди алмаштыруу демилгесин көтөрөт” деп коркуп кеткенин айткан. Буга анын жана эки кесиптешинин фракция жыйындарын лидерсиз эле өткөрүп келишкени себеп болгонун билдирген. Икрамов бирок лидерди алмаштыруу планы түзгөн деген дооматты четкен каккан.

Учурдагы депутат Исхак Масалиев да “Өнүгүү-Прогресстин” курамы менен кийинки шайлоого барбай турган болду. Ал фракциянын мүчөсү болгону менен партиянын катарына кошулган эмес.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Мен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү эмесмин. Мен Коммунисттер партиясынын жетекчисимин. “Өнүгүү-Прогресстин” кийинки шайлоого кандай пландары барын мен билбейм. Бирок мен бул партия менен шайлоого барбайм. Анткени мыйзам бир партияга кирген адамдын башка партиядан депутаттыкка аттанышына тыюу салат. 2015-жылы мындай норма жок болчу. Ошол себептүү мен “Өнүгүү-Прогресстин” сунушун кабыл алгам. Азыркы мыйзам боюнча шайлоого бара турган болсом, бул партиянын катарынан чыгышым керек. Буга мен барбайм. Эгер шайлоого бара турган болсом, анда Коммунисттер партиясы менен гана барам, - деди Масалиев.

Бакыт Төрөбаев мурдагы тажрыйбалардан сабак алганын, депутаттардын тизмесин түзүүдө жаңылбаганга аракет кылып жатканын айтууда. Ал “Депутат фракциядан чыгып кеткен күндө да мандаты кала берет” дегенге макул эмес. Баш мыйзамдагы "Жогорку Кеңештин депутаты императивдүү мандатка байланган эмес" деген беренени жоюуга аракет кылып жатканын белгиледи. Анын оюнча, фракциядан чыккан депутаттын мандаты да алынышы керек.

Кийинки чакырылышка жол ачыкпы?

Политологдор партиянын кийинки чакырылышка кошулары же кошулбай турганы бийликтин кайсы партияны түзүп, анын курамына кимдер киргенине көз каранды деп айтышат. Ал арада айрым депутаттар бийлик партиясынын атынан шайлоого катышарын кыйыта башташты.

Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикиринде, Кыргызстандын шайлоосунда акча маанилүү ролду ойнойт. Мындан улам идеологиясы жана күчтүү программасы жок деле партиялар акча тапса, парламентке өтүшү ыктымал.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Бул партия 2015-жылы кыйла динамикалуу эле. Электораттын реформа боюнча талабын эске алып, жаңы жүздөрдү катарына кошо алган. Бирок партия беш жыл ичинде эски партиялардан өзгөчө экенин көрсөтө алган жок. Платформасын толугу менен жокко чыгарды. Бирок олигархтарга, жарым легалдуу жана уюшкан топторго кызмат кылган шайлоо мыйзамын эске алганда бул анчалык деле маанилүү деле эмес. Шайлоодо акча гана утат жана жаңы күчтөргө жеңиш алып келчү механизмдер жок. Кадимки шартта “Өнүгүү-Прогресс” ишке ашпай калган программасы менен эле утулмак. Бирок бизде андай болбойт. Демек, идеологиясы жана баалуу багыты жок партиялар акчасы көп жана таасири күчтүүлөр менен тигил же бул аймакта биригиши ыктымал, - деп эсептейт Кадырбеков.

Шайлоо-2020: 9 пайыздык чек талашка түштү​

Шайлоодогу 9 пайыздык чек талашка түштү
please wait

No media source currently available

0:00 1:04:14 0:00

Адатта Кыргызстандын саясий партиялары шайлоого даярдыкты бир жыл мурда башташчу. Бул жолу депутаттар партиясынын мүмкүнчүлүгүн билбей калган кырдаал түзүлдү. Мындан улам алар парламентте кресло убада кылгандар менен биригүүгө даяр болуп турушат. Айрым эл өкүлдөрү Жогорку Кеңеште көшөгө артында мындай сүйлөшүүлөр болуп жатканын моюнга алганы менен бул тууралуу айткысы келбейт.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG