Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:55

«Үмүт 2020» ун мыкчыгерлерине сес көрсөттү


Ширин Айтматова.

Мурдагы депутат Ширин Айтматова башында турган «Үмүт 2020» кыймылы парламенттеги депутаттардын көмүскө кызыкчылыктары боюнча тасма таратты.

Парламентти «уурулардан жана коррупциячыл элитадан» тазалоо максатын көздөй турганын жарыялаган «Үмүт 2020» кыймылынын видеосу 22-сентябрда Интернетке жарыяланды. Анда кыймылдын негиздөөчүсү, парламенттин экс-депутаты Ширин Айтматова «парламенттеги депутаттардын элге каршы чечиминин» бир мисалы катары буудай, ун өндүрүү жаатындагы сүрөөнчүлүк (лобби) тууралуу баяндаган.

Анын жүйөсүндө, бул көрүнүш 2015-жылы 14-октябрда өкмөт сунуш кылган «Кыргызстанга ташылып келген арпа менен буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө» мыйзам долбоорунда байкалган:

«Кыргызстанга ташылып келген бардык товарлардан импортерлор кошумча нарк салыгын төлөшөт. Бирок парламенттин үч фракциясы: КСДП, «Кыргызстан» жана «Өнүгүү-Прогресс» буудайды ташып келүүдө кошумча нарк салыгынан бошотууну колдоп чыгышкан. Эмнеге алар майды же шекерди эмес, унду жана буудайды ташып келүүнү колдошкон? Жообу жөнөкөй. Ал фракциялардын лидерлеринин бизнеси ташылып келген буудай жана андан өндүрүлгөн ун менен түздөн-түз байланыштуу. КСДП фракциясынын лидери ал кезде Чыныбай Турсунбеков болчу. Ал парламентке келгенге чейин - 1997-жылдан 2010-жылга чейин «Акун» фирмасынын жана «Бишкек ун комбинатынын» жетекчиси болгон. «Кыргызстан» фракциясынын көмүскө кожоюну, көп тармактуу «Аю» холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов болсо Казакстандагы жарым-жартылай мамлекеттик «Самрук Казына» компаниясы менен бирге «KazGrain» ишканасына ээлик кылат. Бул ишкана Кыргызстанда «Алия» жана «Eline» деген соода маркалары аркылуу ун жана макарон азыктарын өндүрөт. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев болсо парламентке келгенге чейин 2000-2007-жылдары «Мариям» ун комбинатынын директору болгон. Учурда ишканага анын жубайы ээлик кылат».

Андан соң Ширин Айтматова мындай мыйзамдын аркасы менен анын демилгечилери миллиондогон киреше тапканын, андан көп өтпөй Кыргызстанда өндүрүлгөн ун азыктары кошумча нарк салыгынан бошотулганын белгилеген. Ал ушундай өзгөртүүлөргө карабай өлкөдө нан менен ун арзандабаганына көңүл бурган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айтматова жарыялаган видео социалдык тармактарда талкууларга жол ачты. «Үмүт» кыймылы тараткан видеодо аты аталган депутаттар да өз жүйөлөрүн айтып, жооп кайтарышты. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков аталган мыйзам кыска кызыкчылыкты колдогондуктан эмес, ошол кездеги кырдаалдан улам кабыл алынганын айтты:

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

«Мунун себеби Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулушу эле болгон. Ал кезде «ата мекендик өндүрүштү коргош керек, чек ара ачылган соң контрабандалык товарлар жайылып келет, ортодогу дистрибюторлор өлбөш керек» деген маселелер турган. Ошол маселелерди чечиш үчүн өкмөттүн реакциясы болот. Мен мыйзам кабыл алынып жаткан учурда эле «кийин бизге сөз тиет» деп катышпоого аракет кылгам. Тилекке каршы, болбой эле аралаштырып жатышат. Бул жерде ун аткезчилиги менен алектенгендер кыйкырып чыгышкан. Бүгүн да ал маселе бар. Убагында «миллиард сом түшпөй калды» деп жатышты эле, анын ордуна 100 миллионбу, ага жетпеген сумма экенин статистика көрсөтүп турат».

Ал эми Айтматова даярдаган тасмада аты аталган дагы бир депутат, парламенттин учурдагы вице-спикери Мирлан Бакиров болсо иликтөөнү «экономика менен чарбадан алыс, кырдаалды билбегендер даярдаган» деп мүнөздөдү:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Ширин Айтматованын баасын экономикадан, чарбадан алыс, реалдуу кырдаалды түшүнбөгөн, конкреттүү көрсөткүчтөр боюнча маалыматы жок пикир деп эсептейм. Себеби, Кыргызстан буудайдын дээрлик 80 пайызын башка өлкөлөрдөн сатып алат. Өз өлкөбүздө эгилген буудай менен калкты толук камсыз кыла албайбыз. Экинчиден, сапаты да төмөн. Бул жерде өкмөттүн негизги максаты - ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо, жумушчу орундарды сактоо, бул тармактагы туруктуулукту кармоо болгон. Бирок популисттик айрым туура эмес маалыматтар айтылып жатып, бул чечим жокко чыккан. Учурда өлкөдөгү тегирмендердин 90 пайызы токтоп турат».

«Дан мыйзамынын» чоо-жайы

Негизи буудай жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгынын алуу, кийин киргизүү маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Ширин Айтматова белгилегендей, 2015-жылы октябрь айында буудай ташууга жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгы алынып ташталган. Бирок эки жыл өтпөй «ал чечим ун жана дан азыктарын арзандатат деген үмүттү актабай, тескерисинче ун жаатында иш жүргүзгөн компанияларды гана байытты» деп парламент депутаттары кайрадан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү сунуш кылышкан.

Бул маселе боюнча ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, депутаттар арасындагы «ун мыкчыгерлеринин» айынан мамлекеттик казына кертилип жатканын айткан жайы бар.

«Парламентте үч бай «тегирменчи» отурат. Ал «ун мыкчыгерлери» өлкө кызыкчылыгына каршы иш алып барууда. Эми алардын айынан бюджетке миллиард сомдой кошумча акча түшпөй калчудай болуп турат. Бул акча Эл аралык Валюта Фонду тарабынан грант катары келмек. Албетте, бул өкүнүчтүү окуя болуп жатпайбы».

Натыйжада 2017-жылы ноябрь айында парламент ун жана буудай өндүрүүгө кошумча нарк салыгын киргизген.

«Үмүттүн» кызыкчылыгы эмнеде?

Айтматова жарыялаган тасмада аты аталган айрым саясатчылар бул видеону «Үмүт 2020» кыймылынын парламенттик шайлоо алдындагы упай топтоо аракети менен да байланыштырышты.

«Үмүт 2020» - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова негиздеген кыймыл. Ал буга чейин бийликтеги, анын ичинде бажыдагы коррупция боюнча билдирүүлөрдү таратып, коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге бурууга аракет кылып келет. Айтматова өзү бул кыймылдын парламенттик шайлоого катышуу ниети жок экенин билдирген болчу. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова буга чейин 2010-2015-жылдары «Ата Мекен» партиясынын тизмеси аркылуу парламент депутаты болгон.

Бирок ошого карабай учурдагы бийликке элдешкис оппозиция жок деп бааланып жаткан кезде мындай демилгелүү топтун чыгышын оңунан баалагандар да арбын. Экономист, «Марал» радиосунун директору Руслан Акматбектин айтымында, «Үмүт» кыймылы видеосу аркылуу коомдо терс көрүнүштөрдү көзгө сайып көрсөтүп жатат.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Жарандык коомдун атынан чыгып жаткан жаңы кыймылдын мындай аракеттери колдоого татыктуу, - деди ал. - Бизде учурда оппозиция жок, саясий партиялар айрым саясатчыларга гана таандык болуп калды. Парламент баштаган калган бийлик бутактары кол балага айланды. Дал ушундай саясий боштук турган учурда дал ушундай жарандык коомдон өкүлдөр чыгып, кемчиликтерди, мыйзамдардын бузулушун көзгө сайып көрсөтүп берди. Бул биз үчүн утуш. Муну бийлик же башкалары «туура эмес айтып жатасың» дебестен, булар элдин, өлкөнүн көйгөйлөрүн айтып турушу керек».

Ал эми коррупция маселелери боюнча адис Эркайым Мамбеталиеванын айтымында, Кыргызстанда бийлик органдарында кыска топтун кызыкчылыгын көздөгөн сүрөөнчүлүк аракети кеңири жайылган. Мындай көрүнүштөр тамырын кенен жайгандыктан көпчүлүк ага терс иш катары маани берип, элес деле албай калган.

«Албетте, парламентте лобби боюнча атайын изилдөө жүргүзгөндө жакшы болмок. Бирок изилдөө жок деле Кыргызстанда саясатчылар арасында өз кызыкчылыктарын коргоп жатканы кеңири жайылган эле көрүнүш. Биз саясий коррупция деп айтканда сүрөөнчүлүк да эриш-аркак жүрөт», - деди эксперт.

Антсе да парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров «конкреттүү ишкерлердин түздөн-түз кызыкчылыгын коргогон демилгелер болуп жатат деп айта албай турганын» билдирди.

Кыргызстанда бийлик жетекчилеринин бизнеси, мал-мүлкү жана кирешеси боюнча абдан көп маалыматтар айтылып, утур-утур көтөрүлүп келет. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлердин киреше боюнча декларациясын ачыкка чыгарууга жана мыйзамсыз байыгындарды жоопко тартууга убадаларды берген. Өлкө башчысы өлкөдөгү жемкордукту жок кылыш үчүн жарандык коом менен журналисттерди жигердүү иштешүүгө чакырган.

Бирок айрымдар журналисттер ачыкка чыгарган бир топ окуялар боюнча иликтөөлөр аягына чыкпай, тиешелүү баасын албай жатканына нааразы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (74)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG