Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:17

Бийлик партияларынын убадасы жана убарасы


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште отурган фракциялар мурдагы шайлоодо берген убадаларын кандай аткарды?

Партиялардын убадаларынын негизи эмнеге байланган? Саясий, экономикалык, укуктук негизи бар беле? Айтканын аткарбаган депутаттардын жоопкерчилигин кантип сурайбыз? Саясий партиялардын ролун канткенде көтөрө алабыз?

«Арай көз чарай» талкуусуна Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу акедемиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев жана саясий талдоочу Сейтек Качкынбаев катышты.

«Азаттык»: - Алмазбек агай, парламенте отурган партиялардын мындан төрт жыл мурда шайлоо алдында берген убадаларын эстеп көрсөк. Мисалы, башкаруучу партия аталып келаткан КСДП «мамлекетти башкаруунун натыйжалуулугуна жетишүү үчүн аймактык-административдик реформаларды жасайбыз» деди эле, иш жүзүндө эмне болду?

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

Алмазбек Акматалиев: - Шайлоо алдында ар кандай убадаларды берүү - дүйнө жүзүндө өнөкөткө айланган тажрыйба. Кыргызстан да Батыштын демократиясына, саясий жаңы технологияларына көнүп жатат.

Эгер КСДПга келсек, анын убадаларынын бири да ишке ашкан жок, ашпайт да болчу. Анткени убадалардын көбү реалдуу турмуштан алыс болчу. Мисалы, эсимде, КСДП «өлкөнүн ИДӨсүн эки эсе көтөрөбүз» деп чыккан. Азыр ИДӨ канча көтөрүлгөнүн баарыбыз билебиз.

Кыргызстанда бир партия гана бийликке келбешин, сөзсүз коалиция түзүлөрүн бардык партиялар жакшы билишет. Чынын айтканда партиялардын шайлоо алдындагы убадаларын окуганда күлкүң келет. Менин жеке пикиримде, Кыргызстанда саясий партиялардын программаларын эч ким окубайт, эч ким көңүл бурбайт. Азыр Жогорку Кеңеште турган депутаттар партиянын программасында кандай пункттар бар экенин да билишпейт. Шайлоодо программа эмес, акча, жердештик-туугандык факторлор негизги ролду ойноп келатат.

«Азаттык»: - КСДПнын программасындагы «Бишкек Жылуулук электр борбору реконструкцияланат» деген пункту аткарылды го?

Алмазбек Акматалиев: - Ооба, аткарылды. Бирок чоң чатак, чоң коррупциялык схемалар менен аткарылганы өкүнүчтүү болуп калды. Мен, саясат таануучу, шайлоочу катары да партиялардын программасын окубайм, окугум да келбейт. Анткени алардын баары курулай убада, жалган, аткарылбай турган нерсе экенин билем. Мен үчүн партиянын тизмесинде кандай адамдар бар, алардын көз караштары кандай, ал коомдо таза адамбы, ошого ынанып добуш берүү маанилүү.

«Азаттык»: - «Республика - Ата Журт» партиясынын программасын эстегенде «кичи ГЭСтерди куруп, энергетикалык кризистен чыгабыз» деп жазылып жүрөт. Иш жүзүндө бул аткарылган жок. Анын себебин эмнеден көрөсүз?

Сейтек Качкынбаев.
Сейтек Качкынбаев.

Сейтек Качкынбаев: - Менде кайсы бир партиянын демилгеси менен кичи ГЭСтер курулду деген маалыматым жок. Балким, «Республика - Ата Журт» партиясынын тиешеси жок эле менчик сектор кичи ГЭСтерди куруп жатышы мүмкүн. Бул жерде, маселенин төркүнү партияда эмес, анын тамыры тереңде.

Кечээ, бир партиянын лидери интервью берип жатып, «биздин партиянын мүчөсү өз акчасына бир мектеп курду» деп айтып жатат. Партия же анын мүчөсү өз акчасына мектеп, көпүрө куруш керекпи, ага милдеттүүбү? Эгер куруп жатса анда мыйзам боюнча добуштарды сатып алууга аракет (подкуп), коррупция деп бааланышы керек. Ошондон улам эл партиялардан «эмне жасап бересиң, эмне куруп бересиң» деп күтүп калды. Партия деген эмне, курулуш компаниясыбы, кайрымдуулук коомбу?

Саясий партия өлкөнүн өнүгүү жолун аныктай турган саясий күч болушу керек. Добуш деген бул карыз, ишеним насыясы. Шайлоочу партияга «мен сага беш жыл ишенимимди карыз бердим, сен убадаларды аткарууга милдеттүүсүң» деш керек. Тилекке каршы, шайлоочу аны талап кылбай эле, биздин эл өз добушун миң сомго сатып жатат.

Экинчиси - партиянын берген убадасын билбеген, ага тиешеси жок адамдар өкмөттү башкарууга келип алышып, иштеп жатышат. Бул - Кыргызстанда парламентаризмдин өнүкпөгөндүгүнүн чоң көйгөйү.

Дагы бир маселе. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстанда элдин 30 пайызга жакыны жакыр жашайт. Ал 6 миллион элдин, 2 миллиону кедейчиликте күн өткөрөт деген сөз. Анын ичинен 700 миңден ашык потенциалдуу шайлоочу бар. Дагы ортодо 600 миңдин тегерегинде добушун акчага сатып жүргөн шайлоочулар бар. Ошол эле мезгилде Кыргызстанда анча-мынча оокаттуу, орто жашап жаткандардын көбү шайлоого барбайт, аларга убадалардын кереги да жок.

«Азаттык»: - «Республика» партиясы «прокуратура органын жоюп, анын милдетин Юстиция министрлигине беребиз» дептир. Бул колдон келе турган принципиалдуу маселе беле же курулай эле кеп болуп калганбы?

Алмазбек Акматалиев: - Ал партия 2020-жылга чейин Конституция өзгөрбөй турганын билет. Прокуратураны жоюп, Юстиция министрлигине кошуп коюу конституциялык мыйзамдар аркылуу чечилиши керек экенин да жакшы билишет. «Республиканын» бул сунушу эч кимдин эсинде жок. Шайлоонун жыйынтыгы мындай сунуштар менен эмес, таптакыр башка принциптер, башка баалуулуктар менен чыгарылып келатат. Партиялардын дээрлик көпчүлүгүндө өз электораты жок, анча-мынча «Ата-Мекен» жана «Республикада» бар деп ойлойм.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG