Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Парламенттеги оппозициянын алсыз үнү


Кыргызстандын президенти журналисттер менен жолугушууда “өлкөдө күчтүү оппозиция бар” деди.

Мамлекет башчысы айткандай кимди, кайсы күчтөрдү оппозиция деп атай алабыз? Парламентте оппозициялык фракциялардын үнү эмнеге угулбайт? Оппозиция жөнүндө мыйзам эмне үчүн кабыл алынбайт?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, “Замандаш” паратиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясий серепчи Абдыжапар Аккулов катышты.

“Азаттык”: Исхак Абсаматович, президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар” деп билдирди. Сиз мамлекет башчынын пикирине кошуласызбы? Эгер болсо алар эмнеси менен күчтүү?

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Исхак Масалиев: Президент кимди “күчтүү оппозиция” деп айтып жатканын билбейм. Менимче, оппозициялык саясий күчтөр бизде бар, айталы, мурдагы президент Атамбаевди колдогондорду айтсак болот.

Мындан сырткары көп жылдан бери расмий бийликти туруктуу, катуу сындап келаткан, өз ойлорун ачык билдирип келаткан Адахан Мадумаров башында турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясын оппозициялык күч десек болот. Алар азыркы бийликтин саясатын ачык сындашууда. Биз, Коммунисттик партиянын мүчөлөрү да көп жылдан бери капитализм жолун тандап алган системага каршы оппозициялык көз карашыбызды айтып келатабыз.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан оппозициялык күчтөр коомдук процесстерге таасир берип жатабы?

Исхак Масалиев: Биринчи кезекте алар элдин арасындагы коомдук пикирге чоң таасирин тийгизип жатат. Алар президенттин аппаратын, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ишин сындаганда коомчулукта катуу колдоо тапкан учурларын көрүп жүрөбүз. Мындай маанай келерки парламенттик шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийиши мүмкүн.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, демейде демократиялык мамлекеттерде оппозиция парламентте болот, биздин Жогорку Кеңеште оппозиция барбы, оппозиция деген эки фракция: “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” өз милдетин кандай аткарып жатат?

Жеңиш Молдокматов
Жеңиш Молдокматов

Жеңиш Молдокматов: 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын ченеми менен айтсак, оппозициялык күчтөр парламенттин ичинде болору белгиленген. Анын негизинде биздин Жогорку Кеңеш эки чакырылышта иштеп жатат, тилекке каршы, парламентте оппозициянын карааны көрүнбөйт, үнү анча угулбайт.

Менимче, “Ата Мекен” фракциясы гана оппозициялык көз караштарын ачык айтып келет. Лидери жок болгон учурда да, тогуз эле депутат отурганына карабай президенти, өкмөттү катуу сындап келатышат. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын оппозициялык маанайын байкай алган жокмун. Исхак Апсаматовичти коммунист катары эле тааныйм.

“Өнүгүү-Прогресс” эмне үчүн оппозиция боло албайт, анткени ал партия бир адамга көз каранды. Президенттин айтканын мен парламент сыртындагы жарандык коомдун активдүүлүгүнө байланыштырдым.

Экинчиден, учурда бийликке жалпыга маалымдоо каражаттары күчтүү оппозиция болууда. Мисалы, мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкеринин сот ишине байланыштуу маселелерди жарандык коом жана ЖМКлар козгоп, көтөрүп чыккандан кийин Жогорку сот башка чечим чыгарып жатпайбы. Мурда мындай көрүнүш болгон эмес. Ошондуктан парламенттин ичинде оппозиция болбогондон кийин сыртта сөзсүз пайда болот, ал бизде бар.

Ооба, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы оппозициялык позициясын системдүү улантып келатат. Биздин “Замандаш” партиясы да өкмөттүн бир топ иштерин катуу сындайбыз, анын иши боюнча жакында коомдук угуу өткөрөлү деп жатабыз. Батыш мамлекеттеринде оппозициянын орду, укугу, жоопкерчилиги мыйзам менен каралат. Кыргызстандын Конституциясында “оппозиция азчылык жөнүндө” учкай эле жазылган, бирок, деталдуу каралган өз алдынча мыйзам жок. Ошондуктан аны кабыл алуу керек.


“Азаттык”: Абдыжапар мырза, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге да коалиция, оппозиция түзүүгө укук берилген. Айталы, Ош шаардык кеңешинде оппозициялык күчтөр барбы, болсо алардын орду кандай, үнү угулабы, таасири барбы?

Абдыжапар Аккулов: Жергиликтүү кеңештерде “ушул партиялар оппозиция, күчтүү программалар менен чыкты” деп айтуу кыйын. Оппозиция коомго өнүгүүнүн альтернативдүү жолун көрсөтө ала турган саясий күч болуш керек. Биздин эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлигинде – парламентте оппозициянын добушу угулбай калгандан кийин жергиликтүү кеңештерде ал маанай жок десек болот. Бишкекте, Ошто мэр шайлоо болду.

Эгер оппозиция күчтүү болгондо шаар башчылыгына талапкерлерди алып чыгышмак. Мурда шайлоо учурунда оппозицияда жүргөн партиялар, алардын өкүлдөрү шайлоодон утуп чыгып, мандат алгандан кийин бийликке жакындап, жагынып, коалицияга киргиси келип калгандары таң калтырат. Учурда Ош шаардык кеңешиндеги депутаттардын “кимиси коалицияда, кимиси оппозицияда” экенин түшүнүү кыйын. Жергиликтүү бийлик башчысына конструктивдүү сын айтып, альтернативдүү жол көрсөткөн саясий күч байкалбайт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG