Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Мадумаров чек ара чырына байланыштуу бийликти сындады


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасында адам өмүрүн алган акыркы окуялар боюнча видео кайрылуу таратты. Мадумаров бийликти сындап, чек ара чырынын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгонун жана аны күчөтпөө үчүн азыр да мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Ал үчүн бийлик колунан иш келген адамдарды кызматка коюшу керек экенин кошумчалап, ушул жылдын июль айында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусун эске салды:

- «Биз бардык маселени чечтик. Жеринде кол койдук» деп калпагыбызды көккө ыргытып, аш-тойлорду өткөрүп, «кылымдар бою чечилбеген маселени эки мамлекеттин жетекчиси чечип койду» деп сайрагандар бүгүн кайда? Ал маселелер чечилбей келген жана чечилиши да кыйын. Колуңардан келбесе колунан келе турган, маселени чече ала турган, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргой ала турган, көкүрөгүн тосо турган азаматтарга орун бошоткула. Колуңардан келбесе уялбай эле айткыла. Облустук, райондук деңгээлде болосуңбу, «колумдан келбей калды. Келечекте каргыштан коркуп жатам. Мени бошотуп койгула» деп айт. Тырмышып отурбагыла. Бул республикалык деңгээлдеги жетекчилерге да тиешеси бар.

Мадумаров 2008-жылы 26-ноябрда жана 2009-жылы 3-мартта кыргыз-тажик коопсуздук кеңеш катчылары кол койгон протокол боюнча эч нерсе айткан эмес. Аталган протоколдо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салыш үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга алуу маселеси макулдашылган.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев ал жолду алып өтүш үчүн тажик тарап менен 10 жыл мурун түзүлгөн протокол талаш-тартышка негиз болгонун, Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салганын айткан эле.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болду. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 12 адам жаракат алган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирди. Жараат алган 10 жаран бүгүн Бишкекке жеткирилди. Чырга байланыштуу эки тарап бирин-бири айыптап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG