Линктер

дүйшөмбү, 21-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 16:29

Жаатташтырган Жака-Өрүк


Кыргыз-тажик чек арасы.

Баткен менен Лейлекти байланыштырган жолдун боюнда тажик тарап курулуш иштерин баштаган Жака-Өрүк тилкесинин таржымалы кандай?

Кыргыз-тажик чек арасындагы ал жердин чоо-жайы мындан 10 жыл мурун кыргыз тараптын Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого жана көпүрө курууга 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун алышына барып такалат. Тажик тарап «бул тилке ижарага алынган» деген негиз менен аны өзүнө караштуу деп эсептесе, кыргыз тарап ал жакты тактала элек чек ара тилкеси катары белгилеп келет.

Өз жерин өзү ижарага алган протокол

Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш менен Орто-Боз айылдарынын ортосундагы Жака-Өрүк тилкесине жакында тажик тарап бир тараптуу курулуш иштерин баштап жиберди. 2008-жылы 26-ноябрда жана 2009-жылы 3-марттагы эки тараптын Коопсуздук кеңештеринин катчылары кол койгон протоколдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салыш үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга алуу маселеси макулдашылган.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев ал жолду алып өтүш үчүн 10 жыл мурунку тажик тарап менен түзүлгөн протокол талаш-тартышка негиз болгонун айткан эле:

Мамат Айбалаев.
Мамат Айбалаев.

«Жака-Өрүктө чек ара маселе чыкпадыбы. Бул маселе чыкпайт болчу. Бакиевдин мезгилинде ошол жерге жол салынып жатканда дарыянын боюнан баштап, Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салган. Ошондон тартып Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрү, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен эксклав болуп калды. Себеби ошол документке кол коюлгандан тартып аймактын Мачайыга жана Чоркуга кеткен жагында үйлөр түптөлө баштаган. Бул жер негизи бош турган кыргыздын жери болчу».

Жер бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы

Кыргызстан менен Тажикстандын жер участокторун өз ара бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган. Ага ылайык, Баткендеги «Айгүл-Таш» көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы «Канибадам» көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруш үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 49 жылга ижарага берген. Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек. Бул боюнча ошол макулдашуунун шарттарында көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстан ал макулдашуунун шарттарын аткарган менен тажик тарабы аны кечеңдетип келген. Кыргыз тарап 2009-жылы Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоону тездетиш үчүн ал тилкени ижарага алуу боюнча протоколго кол коюуга аргасыз болгон.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров аталган протокол андан аркы сүйлөшүүлөргө гана негиз болчу документ болгонун айткан жайы бар:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Ошол мезгилде бизде Тажикстанды айланып өтүү маселеси чечилген. Биз мындай макулдашканбыз. Тажик тарап электр энергиясын Өзбекстандан өз алдынча алып өтөт. Биз болсо анын аймагын басып өтпөгөндөй кылып, өткөнгө жол салып, айланма жолго чыгууга укук алганбыз. Ошондой макулдашканбыз. Натыйжада биз толугу менен кыргыз авто жолдорунун көз каранды эместигин камсыз кылган болчубуз. Биз бул боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкенбиз. Бирок бул иш ошондон ары карай тынымсыз жыйналып, чечилип турушу керек эле. Ошондон кийин кандай иш алып барышты? Кандай келишимдер болгону мага белгисиз».

Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 49 жылга ижарага берилип, бирок анын ордуна 275 метр узундуктагы 5 гектар жер берилбей калган жагдай 2011-жылы ачыкка чыккан. Парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитети 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган ал макулдашуунун шарттары аткарылбай калгандыктан, «Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет» деген негиз менен аны ратификациялоону четке кагуу боюнча корутунду чыгарган. Буга байланыштуу 2012-жылы 25-январда ошол кездеги өкмөт Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу протоколду бекитүү боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алган.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев чек араны тактоо тартиби бузулгандыктан, улам бир жаңы шылтоолор чыгып жатканын белгиледи:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

«Тажиктерге жер берүү боюнча кол коюлган документтер тууралуу мага эч нерсе белгисиз. Анан Мадумаров кол койгон документ - бул ошол кездеги кырдаалды жөнгө салуу аракети болсо керек. Бирок ал парламенттен бекитилген эмес. Биз негизи 2014-2015-жылдары чек араларды тактоо тартиби боюнча макулдашууга жетишкенбиз. Анда КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, союз таркай турган маалдагы чек ара тилкелери кол тийгис деп таанылган келишим түзүлгөн. Биз ошону негиз катары алып, чек араларды андан ары тактай турган болгонбуз».

Ворухту «чоң жерге» бириктирүү аракети

Бир катар адистердин айтымында, эгерде кыргыз тарап Жака-Өрүктөгү 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын Тажикстанга караштуу деп тааный турган болсо, анда Баткендин кээ бир айылдары жана Лейлек району толугу менен эксклавга айлануу коркунучу бар. Бирок тажик бийлиги аны 1924-жылдагы карта боюнча өзүнө караштуу аймак катары санап, Ворух айылын анклав деп эсептебей турганын билдирип келген.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тажик тарап Ворух анклавына коридор алууга аракеттенип жатканын айтты:

Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

«Ошол жерде чоң кызыкчылык болгондуктан ал жактарда чыңалуу жүрүп жатат. Тажик тарап ошол Ворух анклавына коридор алууга аракет кылып жатат. Бирок биз андай коридор бере албайбыз. Себеби анын ортосунда биздин Ак-Сай деген айылыбыз бар. Ошондуктан ички кыймылдардын натыйжасында чоң чырлар чыгып кетип жатат».

Тажикстан: Кыргыз тараптын аракеттери протоколго каршы келет

Ал арада Тажикстан Исфара менен Ворухту бөлүп турган жолго, талаштуу аймакка көзөмөл-өткөрмө бекетин салууга ниеттенип жатканын билдирди. Тажик тараптын маалыматына караганда, расмий Бишкек өз аракеттери боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Ушу тапта Исфара менен Ворухтагы тажик айылынын ортосунда өзүнчө жол жок. Азыркы жол Кыргызстандын Баткен облусунун Ак-Сай айылы аркылуу өтөт. Мурда тажик тарап Бишкек бул жолду бир тараптуу жаап салганын билдирген учурлар болгон. Кыргызстан бул темага комментарий берген эмес.

Исфара шаар администрациясынын басма сөз катчысы Икбол Илёсзода 15-сентябрда «Озоди» радиосу менен болгон маекте андагы маалымат боюнча кыргыз тарап көзөмөл-өткөрмө бекетин салыш үчүн төрт вагон жана курулуш материалдарын алып келгенин кабарлады.

Исфарадагы атын атагысы келбеген башка бир маалымат булагы ал бекет Исфара менен Ворухтун ортосундагы жолго салынарын, ал ортодогу кыймылга жолтоо болорун билдирди.

«Кыргыз тараптын аракеттери талаш тилкелерде кандай гана болбосун курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салган 2014-жылдагы протоколго каршы келет. Тараптар өз ара макулдашууга келүүгө тийиш», - деди маалымат булагы.

2011-жылы 21-апрелде ошол кездеги Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү Тажикстан менен болгон 2005-жылы кол коюлган ал макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырып, аны парламентке бекитүүгө жөнөткөн. Бирок Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин терс корутундусунан кийин Бабановдун өкмөтү 2012-жылы 25-январда аны артка чакыртып алган. Ошондон бери расмий Бишкек менен расмий Дүйшөмбү бул түйүндүү маселени чече албай келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (49)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG