Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Чек арадагы чырдан жабыркагандар Бишкекке жеткирилди (видео)


Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институту.
Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жарадар болгон Баткендеги Максат айылынын алты тургуну, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкери Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди. Дагы үч чек ара кызматкеринин абалы оор болгондуктан Лейлектин аймактык ооруканасында калтырылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кыргызстандык бир аскер кызматкери каза болуп, 13 адам жаракат алды. Мекеме чатакта тажик тарап биринчи болуп ок атып, ага кошумча миномёттон аткылаганын кабарлады.

Тажикстандын чек ара күчтөрү болсо «окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болду» деп билдирди. (BTo/AiA)

Чек арада жабыркагандар Бишкекке жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

XS
SM
MD
LG