Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Министрлик чек арада жабыркагандардын абалы боюнча маалымат берди


Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда бир аскер кызматери курман болуп, 13 киши жабыркады. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда бир аскер кызматери курман болуп, 13 киши жабыркады. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын абалы туурасында маалымат таратты. Ага ылайык, 17-сентябрда Лейлек районундагы аймактык ооруканага ар кандай жаракат алган 13 киши жаткырылды. Алардын арасында ок тийген 12 жаштагы бала да бар. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалап жатышат. Өспүрүм коркконунан нес болуп, фамилиясын айта албай калган. Учурда абалы турукташууда. Жабыркагандардын дээрлик баарына ок тийген. Абалы өтө оор болгон эки аскер кызматкери жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жабыркаган 11 жаран бүгүн Бишкекке жеткирилет.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болду.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, миномёттон да аткылаганын билдирүүдө.

Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун жазышууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы аймакта абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирүүдө. Бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганы айтылды. Кырдаалга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна учуп барды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG