Линктер

шейшемби, 12-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:56

Жээнбековдун оош-кыйыштуу эки жылы


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодон жеңгенине туура эки жыл толду. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн саясий айдыңында бүйүр кызыткан окуялар орун алып, Жээнбековдун мурдагы өнөктөштөрү элдешкис каршылашка айланды.

Мындан эки жыл мурда президенттик шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун ишмердиги өтө кызуу жана чиеленишкен окуялар менен коштолду.

Бул убакыт аралыгында коррупцияга каршы күрөштү жандантуу ураанынын астында Жээнбековдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон кечээги саясий өнөктөштөрү, бүгүнкү каршылаштарын камакка алуу, эки жыл мурда кызматташтык жаатындагы мамиле начарлап кеткен бир нече өлкө менен алаканы оңдоо сыяктуу окуялар болду.

Жээнбековдун негизги жеңиши катары өзүнөн мурдагы президент Атамбаевдин таасиринен чыгып, өз алдынча саясат жүргүзө алганы аталууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул жагынан учурдагы президент саясий эркин көрсөтө алды деген пикирин айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- «Мени президенттикке жеткирди, анын сөзүн угам» деп көз каранды болбой, мурдагы жетекчисинен ажыраганы чоң кадам болду. Ал кишиге көз каранды болуу Жээнбековго кадыр-барк алып келмек эмес. Мындан башка коррупция боюнча күрөштө бир-эки кадамдар бар. Эми соттун чечими чыккан соң кандай жыйынтык болорун көрөбүз.

Ошол эле кезде Жээнбековдун ишинде көзгө көрүнөрлүк аракет катары бир топ саясий, жарандык күчтөр менен жолугуп, пикирин угуу аракетин баалагандар бар.

Буга чейин президент жарандык коом менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, мурдагы премьер-министрлер, спикерлер жана Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү менен бир нече жолугушууларды өткөрдү.

Муну саясатчы Акматбек Келдибеков оңунан баалап, «саясий консолидацияга жол ачты» деп билдирди:

- Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин «мен баланча партиядан келдим. КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм» дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозиция же позиция дебей, Атамбаевдин убагында куугунтукта жүргөндөрдүн эч кимисине карабай, кылган эмгегине жараша баарын мамлекеттик иш-чараларга чакырды. «Менин партиялашым же Атамбаев мени колдоду эле» дебей, ошол учурда желип, уурдалып кеткен нерсенин баарын ачыкка чыгарып, жоопко тартып жатат.

Бирок азыркы президенттин ар кыл күчтөрдүн башын кошууга аракет кылганы менен андан чыныгы майнап сезилбей жатканын айткандар бар. Маселен, укук коргоочу Азиза Абдирасулова:

- Мисалы Бакиев бийликке келген эки жыл аралыгында ар кандай күчтөрдү кабыл алып, жарандык коом менен маал-маалы менен жолугуп турчу. Атамбаев деле коомдук кеңештерди түзүп, кийинчерээк жолугушууну токтоткон. Жээнбеков деле ошол эле баскычты, ошол эле окуяны кайталагандай болуп жатат. Бир жолу жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, андан соң токтотту. Мен азыркы учурда президенттин өлкөнү өнүктүрүү боюнча негизги программасын көрө албай жатам. Биз чоң дарыянын агымы менен бараткан кайыкка эле окшошуп калдык, - деген пикирин айтты.

Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаева.
Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаева.

Сооронбай Жээнбековдун дарегине айтылган дооматтардын негизгилери - сот реформасы ишке ашпай, экономикадагы абалдын чеке жылытпаганы, келечекке багытталган ири долбоорлордун башталбаганы болуп калды.

Ушундай жагдайда президент Жээнбековдон жыйынтык күтчү, анын ишин электен өткөрчү учур жакындап келе жатат.

Көпчүлүк саясатчылар президентке болгон ишеним кредити кызыл чекке жетип, убадаларынын өтөсүнө чыга турган мезгил келгенин айтышууда.

Мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун пикиринде президенттин эки жылдык мөөнөтүн коомчулук түшүнүү менен кабыл алса, эми чыныгы талаптар айтыла баштайт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Биринчиден, анын Баш мыйзам боюнча укуктары чектелүү, - деди ал. - Экинчиден, президенттин маселелерди чечип, кадимкидей ишке киришине тоскоол болгон фактор Атамбаев менен каршылаштыгы болду. Эми Атамбаев жана анын тарапкерлеринин маселеси мурдагыдай курч болбогон соң өзүн көрсөтүшү керек. Чечкиндүү кадамдарды күтүү мөөнөтү бүттү, эми иш менен көрсөтүшү зарыл. Муну президент түшүнүп турат деп ойлойм.

Дегеле Жээнбеков үчүн мурдагы өнөктөшү Атамбаев эки жыл бою башкы маселе болуп келсе, эми мындан ары аны жоопкерчиликке тартуу оңой эмес түйшүктүү маселеге айланчудай.

Анткени эксперттер мурдагы президент баш болгон саясатчылар боюнча кылмыш иши козголгон сот жараяндары кандай нукта өтөт, натыйжасы эмне менен аяктайт деген суроо маанилүү экенин белгилешет.

Сооронбай Жээнбеков сот реформасын чындап жүргүзүүгө ар дайым убада берип келет. Бирок буга чейин бир нече жолу бул багытта азырынча жыйынтык сезилбей жатканын билдирген.

- 2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында «Реформа жасаш үчүн эмне керек?» деген суроомо сот системасынын өкүлү «саясий эрк жана акча» деп жооп берген. Саясий эрк бар, каражат да бар. Биз эң оор реформаны баштап жатабыз. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүп жатат. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өнүккөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз артыкчылыктуу багыт кылып отурабыз. Бирок силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат, - деген Жээнбеков.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев Жээнбеков мурдагы президенттер сыяктуу кийин өкүнүп калбашы үчүн чыныгы сот реформасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушу керек экенин белгилейт.

Эксперттин баамында, акыркы эки жылда бул жаатта чыныгы өзгөрүү байкалган жок.

- Кыргызстанда сот реформасын ишке ашырууга даярдык бар, - деди ал. - Президент эрк бар экенин бир нече жолу айтып келген. Бирок бул өтө татаал жана кылдат иштелип чыккан стратегияны талап кылган реформа. Бизде учурда ошондой тыкан иш болуп жатканы сезилбей жатат. Бардык нерсе сөз менен гана чектелүүдө.

Мындан сырткары президент жөнүндө кеп болгондо өлкөдөгү өкмөттүн кадр саясатынын чабалдыгы боюнча сын айтыла келет. Бул органдарга мыйзам боюнча мамлекет башчысынын тиешеси жок болсо да, өлкөдөгү чечим кабыл алчу негизги борбор президентке барып такаларын көпчүлүк түшүнүп турат.

Ошондуктан, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, Жээнбеков өкмөттү күчтөп, парламент менен бирге чечкиндүү кадамдарга барбаса, коомчулуктун талабы күч болот.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, президент алты жылга бир мөөнөткө гана шайлана алат. Азыркы өлкө башчынын мөөнөтү 2023-жылы аяктайт.

Сооронбай Жээнбеков өз башкаруусундагы жылдар аралыгында парламентаризмди бекемдеп, бийликти кийинки татыктуу талапкерге тапшыра турганын айтып келет.

Адистер эгемендик тарыхында «жакындарын бийликке аралаштырды» деп эки президентти бийликтен төңкөрүш жолу менен оодарып түшүп, «коррупциялашты» деп дагы бир президентти камакка алган Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековго сабак болчу мисалдар арбын экенин баса белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (145)

XS
SM
MD
LG