Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Убактылуу Өкмөт менен бийликтин диалогу (видео)


Убактылуу Өкмөт: президентке сын айта алабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:02 0:00

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президентке жолукканга чейин Ынтымак багында көчөт отургузушту.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды талкуулашты.

Жолугушуудан чыккан мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев президент менен бардык темада ачык-айкын сүйлөшүү болгонун билдирди.

“Эмдиги жылы апрель окуясынын он жылдыгы болот. Ошол боюнча ой-пикир алмаштык. Экинчиден, азыркы саясий кырдаалда тынчык болуп, өнүгүүгө өбөлгө түзүлсө деп сүйлөштүк. Үчүнчүдөн, саясий туткундар жөнүндө сөз болду. Мурда туура эмес соттолгондорго мыйзамдык шарттар түзүлүп берилсе деген ойду айттык. Президент “Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы ушул жерде отурса болмок. Бирок саясий абал ушуга алып келди. Мен дагы бир топ чыдап, тынчтык жолу менен чечилсе дегем. Тилекке каршы, саясий нук талаш-тартышка түшүп кетти” деп айтты", - деди Сариев.

Сариевдин айтымында, президент Текебаев жана Чотоновго акыйкат сот жүрүшүн камсыздап, мыйзам чегинде укугун коргоп алуусун каалаган.

Убактылуу Өкмөт менен президенттин жолугушуусун кескин сындаган саясатчылар да болду. Алардын бири мурдагы парламенттин депутаты Жылдызкан Жолдошова Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү акыркы 2005-2010-жылдардагы март, апрель, июнь окуяларына жоопкер деп эсептейт.

Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн аракетине юридикалык баа берилиши керек деген Жолдошева бул саясатчыларды кабыл алган бийликти дагы сындады.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

“Эки төңкөрүштүн башында турган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү июнь коогасына кыйыр болсо да тиешеси бар. Айрыкча, 2010-жылдагы Оштогу тополоңдун болушуна жол берген, өлкөбүздү ушул абалга алып келгендерден президент кандай кеңеш сурайт? Ушуну мен түшүнбөй турам. Менин айтарым, эки окуяга тең юридикалык баа берилиши керек. Бул бийликтин тушунда июнь коогасынын себептери ачыкка чыкпайт деген жыйынтыкка келдим. Президент өзүнүн демилгеси менен Убактылуу Өкмөттү кабыл алганына кийин өкүнүп калбайбы деген суроо жаралды”.

Жолугушууга чейин Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бишкектеги Ынтымак паркына барып көчөт отургузушкан. Алардын айрымдары президент менен эмне тууралуу кеп болоруна токтолуп, өлкөнү оор кырдаалда башкарган саясатчылар катары бийликке айтаар кеби белен экенин билдиришкен.

Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент менен жолугушуу зарыл экенине токтолгон.

"Бул жолугушуу абдан зарыл. Биринчиден, бул - президент Жээнбековдун Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даяр экенинин белгиси. Экинчиден, Убактылуу өкмөт бул - тарых. Президент Кыргызстандын келечеги кечээги күндөн келип чыгарын, өткөндүн каталарын таанып, аларды келечекте болтурбоого аракет кылып жаткандыгынын белгиси", - деди Текебаев.

Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров бийликтин кемчилигин айтууга Убактылуу Өкмөттүн курамындагы саясатчылардын эрки жетерин белгиледи.

Өткөн курултайда эле үч деген баа койгонбуз. Ошол курултайдагы чечимдердин эмнеси аткарылды? Мен ошону сурайм. Кыргызстанда бизден башка бетке айта алган саясатчы барбы? Эмне барып алып бүжүрөп отурат деп жатасыңарбы?”.

Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда өткөнү белгилүү болду, бирок президенттин администрациясы бул жөнүндө маалымат тарата элек.

Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү.

Коомчулукта бийлик менен УӨнүн мүчөлөрүнүн жолугушуусуна оң баа бергендер да болду.

Буга чейин саясий серепчи Эмилбек Жороев президенттин мурдагы бийлик жетекчилери менен жолугуп жатканын жакшы көрүнүш катары сыпаттаган.

«Кандай болгон күндө да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү - өлкөдө саясий көз карашы, таасири бар адамдар. Кандай гана болбосун диалог маанилүү. Айрыкча мамлекет башчы үчүн бийликтен сырткары турган, айрым учурда өзүнө кайчылаш пикир айткан адамдар менен жолугушканы жакшы. 2010-жылы алар саясий окуяларга чечим кабыл алган адамдар. Аларды угуп коюу туура болот».

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсү бар. Арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камакта. ​

Убактылуу Өкмөт мурдагы президент Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелде бийликтен кулатылгандан кийин түзүлгөн. Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев баштаган он чакты оппозиция лидерлери жарым жылдык мөөнөткө аткаруу бийлигин колго алышкан. Убактылуу Өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл мезгилдеги Кыргызстандын президентинин укуктары ыйгарылган.

Ушул эле жылы ноябрь айында Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Аны менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн мамилеси 2016-жылы август айынан кийин бузулган. Анда УӨ мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жазып, Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG