Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Июнь коогалаңы эскерилди


Ош. 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик. 10-июнь, 2019-жыл.
Ош. 2010-жылдын июнь окуясында курман болгондорго эстелик. 10-июнь, 2019-жыл.

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь окуяларына быйыл тогуз жыл болду.

Бул күнгө карата Ошто жана Жалал-Абадда маркумдарды эскерүү иш-чаралары өттү. Бирок коогалаңда жакындарын жоготкондор калабадагы кылмыштарга айыптуулар дагы эле жазага тартылбай жатканы айтып даттанып келишет. Ошол эле кезде «июнь окуясына саясий баа берилбей калды» деп сынга алгандар да бар.

Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы дайынсыз жоголгондордун аты жазылган бешик эстеликтин алдында башталды.

Митинг-реквиемге бийликтин атынан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, жакындарын жоготкондорго көңүл айтышты. Иш-чарага 2010-жылдын июнь окуясында жакындарын жоготкондор, жарадар болгондор, шаар тургундары келишкен. Коогалаңда каза болгондордун жакындары түптөгөн «Дайынсыздар коомунун» төрайымы Шаани Топчубаева «күнөөлүүлөр калыс жазаланбай жатат» деп кейиди.

Чогулгандар ошол оор күндөрдө карапайым элдин даанышмандыгы, сабырдуулугу жалындаган өрттү өчүрүүгө себеп болгондугун айтып, «ынтымак өзүбүздөн башталарын ар бирибиз өз учурунда сезе билдик» деп белгилешти. Эскерүү иш-чарасында коогалаңда каза болгондорго багыштап куран окулду.

Июнь окуясында курман болгондорго арнап куран окуу Анар жана Манас-Ата кичи райондорундагы атайын июнь коогасында жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдө да уланды. Мындагы кыргыз жана өзбек үй-бүлөлөрү 10-июндан башка күндөрү деле түлөө өткөрүп, коогалаңда мерт болгондорду эскерип турушат.

«Боздогон энелердин, көз жашын төккөн балдардын убалынан коркуп күнөөкөрлөрдү кармап, жазага тартышса болмок» деген талаптарын билдирген энелерге вице-премьер-министр Аскарбек Замиров «бир тууган эки элди кайраштырып, ортого от жагып, качып кеткен жикчилдер өз жазасын алышат» деп жооп берди.

2010-жылкы коогалаңга байланыштуу беш миңге жакын кылмыш иши козголгон. Мекеме аралык тергөө топтору 2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда. Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, кандуу окуялар боюнча 5 646 иш козголгон. Анын 3 346сы Ош шаарына, 1 303ү Ош облусуна жана 954ү Жалал-Абад облусуна тиешелүү. Аскер прокуратурасында 43 иш кароодо.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 532 адамга карата козголгон 336 кылмыш иши сотко ашты. Анын ичинен 488 жаранга карата козголгон 286 иш каралып, ар кандай жазалар берилген.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG