Линктер

бейшемби, 24-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:44

Сооронбай Жээнбеков Оренбургга жол тартты


Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин. Москва, 11-июль, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады.

“Борбор-2019” биргелешкен стратегиялык командалык-штабдык машыгуулар кандай болбосун күтүүсүз кырдаалдарга туруштук берүү учурунда, анын ичинде терроризм менен күрөшүүдө дагы өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгынын абдан маанилүү баскычы болуп саналат”, - деди орус лидери.

Кыргызстандын мамлекет башчысы машыгуулар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү үчүн сыймыктанса болорун айгинелеп турганын жана эки өлкөнүн аскердик топтору эки жана көп тараптуу форматта активдүү кызматташып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы өлкөлөрдүн аскердик бөлүктөрүнүн «Борбор-2019» аттуу биргелешкен машыгуулары өтүп жаткан Орусиянын Оренбург шаарына бүгүн учуп барган.

Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусуна ылайык бир күндүк иш сапары менен кеткенин президенттин басма сөз кызматы кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматта сөз болуп жаткан аймактагы коопсуздуктун кайсы өңүттөрү талкууланары ачык айтылган эмес. Бирок кыргыз президентинин Орусияга барышы кыргыз-тажик чек арасында төрт адамдын өлүмү менен аяктаган тирешүүдөн кийинки убакка туш келди.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, эки өлкөнүн төрт аскери курман болду.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Бул окуядан кийин уюштурулган эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда чек араны тактоо иштерин тездетүү макулдашылганы айтылганы менен, анын чоо-жайы ушул күнгө чейин белгисиз.

Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болуп эсептелет. 2018-жылдын ноябрынан тартып ЖККУда бир жылдык мөөнөт менен Кыргызстан төрагалык кылып келди. Ал эми ШКУнун кезектеги саммити быйыл 14-июнда Бишкекте өткөн.

Кыргыз президентинин Оренбургда өтө турган жумушчу сапарын бир катар серепчилер бир эсе зарыл, бир эсе кадыресе эле көрүнүш катары кабыл алышууда. Алардын пикиринде, кыргыз бийлиги Орусиянын жетекчилигинин колдоосуна муктаж жана мынчалык көз карандылык расмий Бишкекти ойлондурушу керек. Атап айтканда, талдоочу Эмилбек Жороев Сооронбай Жээнбековдун жумушчу сапарын мындайча чечмеледи:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Бишкектин Москва менен байланышы жана туруктуу түрдө бир коммуникацияны кармап турушу азыркы күндө кадыресе күтүлгөн нерсе болуп турат. Президенттин Оренбургда машыгуунун четинде эле жолугушуусу көнүмүш жолугушуу болуп калат го деген ойдомун. Кескин түрдө кандайдыр бир чоң маселени, долбоорду талкуулоо же чечүү, менинче, күн тартибинде жок. Бирок ушундай тез-тез сүйлөшүп турганы, Кыргызстандын ичиндеги ар кандай процесстерди талкуулаганы, кыргыз бийлиги канчалык деңгээлде Путиндин мамилесине, анын колдоосуна муктаждыгы жана ошол муктаждыкты ачык-айкын кабыл алып, колдоп турганы кайсы бир деңгээлде бизди өз алдынча мамлекет катары кооптондурушу керек. Албетте, Атамбаевдин камалышы жана Тажикстан менен чек арадагы окуя учурунда бир топ жарандарыбыз «Орусиянын Канттагы базасын Баткенге көчүрүш керек» деп талап койгону да Орусия үчүн кызыгуу туудурат».

Оренбургдагы аскердик машыгуунун өзү тууралуу кыскача гана маалымат берилген. «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбековдун айтымында, «Борбор» машыгуусу абдан таасирдүү машыгуулардын бири болуп эсептелет.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Күндөн-күнгө техника, технология жана маалымат байланыштары өнүгүп жатканда тиешелүү органдар аларды пайдалануу ыкмаларын, тактикалык маселелерди бири-бири менен талкуулап, көрсөтүп, тажрыйба алмашат, - дейт ал. - Азыр эл аралык террордук, экстремисттик уюмдардын коркунучу чакан да, чоң да мамлекеттерге таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгыштан Борбор Азияга өтө баштаганы белгилүү. Ооганстандагы соңку окуялар буга далил. Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстанда туулуп-өскөн жарандар Орусияда жана башка өлкөлөрдө террордук актыларга тиешеси бар кишилер катары кармалып жатат. Ошону менен катар акыркы жылдары эки полярдык системада бири-бирине атаандаштык күчөй баштады, көмүскө коркунучтар пайда болууда. Мына ушунун баарын эске алганда ЖККУдагы мамлекеттер өз позициясын билдирип, карым-катнашын бекемдеш үчүн ушундай машыгууларды өткөрүп турушу зарыл».

Расмий тизмеден көрүнүп тургандай, кыргыз делегациясынын курамына экономика маселелерине байланыштуу жетекчилер кирген эмес. Жолугушуунун күн тартибинде анын максаты коопсуздук маселелерин талкуулоо экендиги учкай айтылганына караганда, азырынча анын алкагында экономикалык маселелер каралар-каралбасы белгисиз.

Энергетика маселелери боюнча талдоочу Расул Умбеталиев Кыргызстан ГЭС куруу долбоорлору боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү улантышы керек деп эсептейт. Анын пикиринде, бул чуулгандуу долбоорлорду ишке ашырууга Орусиядан башка эч ким киришпейт. Ал Жогорку Нарын ГЭСтерине жумшалган акча Орусиядан келгенин эске салды:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

«Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча 37 миллион доллар - «Русгидро» деген менчик компаниянын акчасы. Кыргызстан бул акчаны карыз катары таанып, долбоорду улантышы керек. Себеби 37 миллион доллардын башы чечиле элек, ызы-чуу болгондуктан башка мамлекеттер келбейт. Камбар-Ата-1 ГЭСин да Орусия менен куруш керек. 2017-жылы Өзбекстандын президенти Мирзиёев келгенде убадалар болгон, бирок андан бери эки жыл өттү, эч жылыш жок. Бул долбоорлорду аягына чыгарбасак, эгер электр энергиясын кошуналардан сатып ала баштасак бул энергетикалык да, улуттук да коопсуздугубузга түздөн-түз зыянын тийгизиши мүмкүн».

Акыркы жолу Сооронбай Жээнбеков орус президенти менен быйыл 11-июлунда жолуккан. Анда Жээнбеков Швейцариядан кайтып келатып Москвада кыска мөөнөттө иш сапары менен болгон.

Андан көп өтпөй, 24-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвага барып, Владимир Путин менен жолуккан. Бирок анда орус президенти кыргызстандыктар «азыркы бийликтин айланасына чогулуп», өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек экенин билдирген. Ал эми 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын бири, ИИМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жарат алып, Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборуна жөнөтүлгөнү белгилүү.

Дмитрий Медведев.
Дмитрий Медведев.

Ошого удаа эле 9-августта Чолпон-Атада Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына келген Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев:

«Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла», - деп айтканы бар.

Кой-Таштагы окуялар боюнча 29-августта мамлекеттик комиссия түзүлдү. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген. Акыркы жолу бул комиссиянын жыйыны 19-сентябрда өттү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (57)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG