Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:13

Кой-Таш окуясы: комиссия күбөлөрдү сурады


Кой-Таш.

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чакырылган.

Комиссия мүчөлөрүнө биринчи болуп Абдил Сегизбаев көрсөтмө берди.

Ал Кой-Таштагы мурдагы президент Атамбаевди кармоо учурунда бутуна желим ок тийгенин ырастады.

«Мен барсам кагылыш болуп жаткан экен. Бир жагында жаш балдар, экинчи жагында камфуляж кийгендер экен. Ал убакта биз атайын бөлүк келгенин билген жокпуз. Ок атып жатышты. Айылдаштарыма «таш ыргытпагыла» деп айттым. Жоокер балдарга да «атпагыла» деп кыйкырдым. Андан кийин эле кулак тундуруучу эки граната жарылды. 10-15 секунда өтпөй бутума ок тийди. Ошол бойдон мени алып чыгып кетишти. Болгон окуя ошол».

Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

УКМКнын мурдагы төрагасы Кой-Ташка бир нече жолу барганын өзүнүн жарандык позициясы, мурдагы президентке болгон моралдык колдоосу катары түшүндүрдү.

Комиссия мүчөлөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, Сегизбаев Атамбаевдин тарапташтарына бир жолу мал союп бергенин ырастады.​

Комиссиянын мүчөсү, саясатчы Исмаил Исаков Сегизбаевдин Атамбаевдин тарапташтарына мал союп бергенин моралдык эмес, материалдык колдоо деп эсептей турганын белгиледи:

«Моралдык колдоо деп «сен духунду көтөр, башыңды ийбе» дегенди айтабыз. Азыр эле өзүңүзгө каршы чыгып «мал сойдум» деп айттыңыз. Бул каржылык жактан колдоо болуп атпайбы? Ал «мен мамлекетке баш ийбейм, чакырууга барбайм, өзүм каалаганды кылам» деп чакырык таштап жатпайбы? Сиз ошону каржылап, колдоп жатпайсызбы? Мал сойгон ошого тете да, туурабы?»

Сегизбаев «бул пикирге кошулбайм» деп так кесе жооп берди. Ошондой эле ал саясат тууралуу мурдагы президент менен сүйлөшпөгөнүн кошумчалады.

«Ал жакта эч кандай бийликти басып алуу, түндүк-түштүк жөнүндө сүйлөшүү болгон эмес», - деди Сегизбаев.

Комиссиянын мүчөсү, депутат Талант Мамытов Сегизбаев менен Коёналиевге «Алмазбек Атамбаевдин суракка келбей койгон аракетине кандай баа бересиңер?» деген суроо салды.

Экөө тең бир ооздон буга эч кандай баа бере албай турганын айтышты.

Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Турусбек Коёналиев комиссиянын отурумунда Кой-Таштагы окуя тууралуу кеч укканын айтты:

Балдарга барып «арашандык байкеңер болом, токтоткула» деп сүйлөштүм.


«7-августта мен өзүмдүн үйүмдө болгом. Кечки саат 6да ооруканада жаткан бир тууган агамды көргөнү чыгып кеткем. Ошону менен үйгө 8ден өткөндө келдим. 9дан өткөндө сыртка чыксам, кошуналарым Кой-Ташта ызы-чуу болуп жатканын айтты. Менин келинчегим ошол айыл тарапта иштейт. Ал үйгө келгенден кийин Кой-Ташка барууну чечтим. Кан төгүлүп кетпесин, ИИМдин жетекчилигине жолугайын деп саат түнкү 11ден өткөндө айылга келдим. Тоолуу Маевкага келсем да чоң блок-пост бар экен. Андан өткөндөн кийин ички иштер министринин биринчи орун басары Курсан Асановду, Алмаз Орозалиевди, Канат Жумагазиевди көрдүм. Курсан мага «балдарды токтотконго жардам бериңиз, утур-утур таш ыргытышып, чагым болуп жатат» деди. Мен макул болдум. Балдарга барып «арашандык байкеңер болом, токтоткула» деп сүйлөштүм. Ал жерде Нарындан, Таластан келген балдар бар экен. Ошентип «балдар бул линиядан, милиция да бул линиядан жылбасын» деп сүйлөштүк. Жогору барсам Асел Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Тариел деген жигит келди».

Жыйынга ички иштер министринин орун басарлары Памирбек Асанов менен Алмазбек Орозалиев да көрсөтмө беришти.

Полковник Памирбек Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таш окуялары учурунда моралдык, каржылык колдоо көрсөткөндөргө юридикалык баа берилерин билдирди. Анын айтымында, тергөө органында Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө жүргөн тарапташтарына мал союп, каржылык колдоо көрсөтүп тургандар тууралуу маалыматтар бар.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн аскерлер эмнеге милиция кызматкерлери каска, атайын форма кийип барбаганына кызыкты. Полковник Алмазбек Орозалиев ал кезде Балыкчыда болгонун, милиция кызматкерлеринин ишин Курсан Асанов көзөмөлдөгөнүн айтты:

«Мен Балыкчыда иш сапарында болгом. Менимче жетекчиликтен ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов болгон».

Орозалиев 7-август күнү кечинде кайсы тараптан таш ыргытылганы жөнүндө тергөө жүрүп жатканын айтты. Комиссиянын суроолоруна жооп берип жатып Памир Асанов менен Алмазбек Орозалиев «Курсан Асанов алып чыгып кетти» деген баштык, анын качып кеткени айтылган баласы боюнча маалыматы жок экенин билдиришти.

Күбөлөр Кой-Таш окуясы боюнча суроолорго жооп берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00

Буга чейин комиссия мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүн документтер топтому, анын ичинде «өтө жашыруун» деген маалыматтар менен тааныштырган.

Анткен менен бул комиссиянын калыс чечим чыгарыларынан күмөн санагандар бар. Маселен, укук коргоочу Рита Карасартова комиссияда эл арасында абройлуу жарандык коомдук өкүлдөрүнүн кошулбай калганын сындады:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Жарандык коомдун өкүлдөрү көбүрөөк болсо жакшы болмок. Өзүнүн пикири бар, белгилүү укук коргоочулар болсо комиссия жыйынтыгынын корутундусу салмактуу болмок. Мен мисалы кандай жыйынтык чыгаарын алдын-ала эле билем».

Бул комиссиянын жыйынына парламенттин депутаты Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова келишкен жок. Жыйындын жүрүшүндө Асел Кодуранова Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартканы белгилүү болду. Ал эми Ирина Карамушкина менен байланыша албай коюшкан.

Саясатчы Исмаил Исаков комиссия калыс чечим чыгараарын белгилеп, Кой-Таш окуясына байланыштуу бардык чакырылгандар келиши зарыл экенин айтты. Кийинки 23-сентябрда өтө турган кийинки жыйынга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылды. Мындан тышкары жыйында Аскер прокуратурасынын да маалыматы угулат.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (64)

XS
SM
MD
LG