Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Атамбаевдин ишинен чыккан талаш


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши боюнча тергөөчүлөр менен жактоочулар бирин-бири айыптап чыгышты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ), кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн иликтенип бүткөн материалдары менен таанышууну мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары создуктуруп жатат деп айыптоодо.

Буга чейин мурдагы президенттин адвокаттары 28 томдон турган иштин материалдары менен таанышууга убакыт аз берилип жатканын айтып чыгышкан.

Милициянын жактоочуларга жообу

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча кылмыш ишинин сотко чейинки тергөөсү аяктаганы тууралуу, адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле маалымдаган. Бирок эгемендик майрамы жана дем алыштан кийинки 2-3-сентябрь күндөрү дагы, адвокаттар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн келген эмес. ИИМдин кабарлашынча 4-сентябрда шектүү Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочулары тергөөнүн аяктагандыгы тууралуу жарыяланган токтомго кол коюудан баш тартышкан.

“5-сентябрь күнү адвокат Замир Жоошев иштин материалдары менен эки саатта, Сергей Слесарев бир саат ичинде таанышып бүткөн. Ушул эле күнү тергөөчү Жазык процессуалдык кодексинин 244-беренесинин 4-бөлүмүнө (Эгерде шектүү же жактоочу иштин материалдары менен таанышууну атайылап создуктурса, тергөөчү иштин материалдары менен таанышуу үчүн жетиштүү болгон, конкреттүү аныкталган мөөнөттү өзүнүн токтому менен белгилөөгө укуктуу) таянып, 6-сентябрдан 11-сентябрга чейин иштин материалдары менен таанышууга жетиштүү убакыт белгилеп берген”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Башкача айтканда, жактоочулар эми 11-сентябрга чейинки мөөнөттө, 28 томдон турган материалды окуп, изилдеп чыгышы керек.

Адвокаттардын айыптоосу

Адвокат Замир Жоошев ар бири 300гө жакын барактан турган 28 томдук материалды беш жумушчу күндүн ичинде окуп чыгып, сотто кардарын коргоо үчүн жетиштүү маалымат алууга мүмкүн эместигин айтууда.

Жоошев адвокаттар 4-сентябрда тергөөнүн бүткөнү тууралуу токтомго жана кылмыш ишине байланыштуу эксперттердин корутундусуна кол коюп, 5-сентябрдан тарта гана иш менен тааныша баштаганын билдирди. Ал жактоочулар тергөө мыйзамдарына ылайык иш алып барып жатканын айтып, милициянын "шашып жатканына" түшүнбөй калганын айтты:

"Бизге 4-сентябрь күнү тергөөнүн аяктаганы жөнүндө жарыялашты. Биз ошол тууралуу бизге маалымдалган деген токтомго кол коюп бердик, Алмазбек Атамбаев документтерге башынан эле кол койбойт, суроолорго дагы жооп бербейт. Бул анын позициясы. 5-сентябрдан тарта бизди иш менен тааныштырып, эртеси эле график коюп коюшту. Албетте бул убакыт жетишсиз. Иш менен таанышууга деп 7-8-сентябрь, дем алыш күндөрдү да кошуп коюшкан. 28 томду биз жөн эле окуп койбойбуз. Бул роман же көркөм чыгарма эмес. Биз ар бир томду окуп, ичинде эмне жазылган кимдер кандай көрсөтмө берген, кандай документтер бар экенин түшүнүп алышыбыз керек. Жазык-процессуалдык кодексинин 244-беренесинин, 4-бөлүгүндө иштин материалы менен таанышууга убакыт чектелбеши керектиги жазылган. Эгер алар атайылап создуктуруп жатса, анда конкреттүү график түзсө болот", - деп белгилейт Замир Жоошев.

Жоошевдин өтүнүчү менен тергөөнүн мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылганын, адвокаттар ишти атайын создуктурбаганын айтып, мындай учурда материалдары менен таанышууга убакыт белгиленбеши керек экенин кошумчалады.

5-сентябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кримтөбөл Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганын жарыялаган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди айыптуу кылган кылмыш иштеринин негизгилеринин бири.

Тергөө калыстыгынан күмөн санагандар

Атамбаевдин тарапташтары Батукаев боюнча кылмыш иши тез убакытта тергелип бүттү деп эсептейт жана анын акыйкат иликтенгенинен күмөн санап жатышат.

Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаев ИИМ бийликтин басымы менен мурдагы президентти күнөлүү деген чечим чыгарып жатканын "Фейсбук" баракчасына жазды.

Кадырбек Атамбаев.
Кадырбек Атамбаев.

“Алмазбек Атамбаев Батукаевди чыгаргысы келип жатса эмнеге ырайым берүү укугун колдонгон эмес? Ал президент катары мыйзамдуу түрдө чыгарууга укугу бар болчу”, – деп жазды Кадырбек Атамбаев.

Атамбаевди колдогон, ага каршы болгон парламенттин айрым депутаттары, саясий айдыңдагы таасирдүү саясатчылар, мурдагы президентке козголгон кылмыш иштери кылдат иликтенип, күнөөсүн далилдөө жагы кынтыксыз фактылар менен аныкталышы керектигин айтып келишет.

Алардын бири, саясий каршылашы Өмүрбек Текебаев, Атамбаевдин кылмыш иштерин чампалай салбай, олутуу маани берип иликтөө керектигин, эгер тергөөдө алешемдик кетсе анын саясий куугунтуктун курмандыгына айланып кетиши мүмкүндүгүн кыйыткан.

Саясат аралашкан иш

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кылмыш ишин иликтөө акыйкат жүрүшү үчүн тергөөнүн мөөнөтүнө карап баа бербеш керектигин айтууда. Айрым учурда майда эле иштер жылдап созулса, кээде том-том болуп чогулган чуулгандуу иштер тез эле далил, фактылары аныкталып, тергөө аяктап калышы мүмкүн. Ибраев иштин материалдары менен таанышуудагы убакыттан чыккан талашты саясат менен байланыштырды.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

“Мурдагы мамлекеттик башчы, чоң саясий фигура жоопко тартылып жатат. Эми кандай маселе болбосун саясий нукка бурулуп коомчулукта талкуулана берет. Андыктан бул жерде деле ушундай маселе болуп жатат”.

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып тагылган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана бир катар дарыгерлерге да айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG