Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Атамбаев тергөөдө Салянова жана Атаханов менен беттештирилди


Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов.
Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мурдагы прокурор Аида Салянова жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов менен беттештирилди. Адвокат Сергей Слесарев беттешүүдө Атамбаев эч кандай көрсөтмө бербегенин жана буга чейин да көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн "бул процедура мыйзам бузуу менен өттү" - деп эсептей турганын билдирди.

Ал тергөөчүлөр Батукаевдин түрмөдөн чыгышы боюнча ишти сотко өткөрүүгө даярданып жатканын кошумчалады:

- Алар тергөөнүн аяктаганын жарыялоого даярданууда. Мындан соң адвокаттарга таанышууга беришет. Бирок тергөөнүн жыйынтыкталганы боюнча протоколго кол коё элекпиз. Ал эми Салянова, Атаханов менен беттештирүү мыйзам бузуу менен өттү. Анткени, Алмаз Шаршенович бул иш боюнча эч кандай көрсөтмө бере элек. Ошондуктан, алардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылык болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан, эки беттештирүү мыйзам бузуу менен коштолду, - деди Слесарев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети болсо бул маалымат боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Сот УКМКнын имаратында өтүп, адвокаттан башка жакындары, тарапташтары киргизилген эмес.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG