Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Раиса Атамбаевага түшкөн көлөкө


Раиса Атамбаева.
Раиса Атамбаева.

Кийинки убакта кыргыз медиасында «кытайлык инвестордун бизнесин рейдерлик менен тартып алуу» деп аталган иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаеванын түз тиешеси болгону айтылган макалалар чыга баштады.

Буга чейин кытайлык ишкерлер кысымга кабылганы массалык маалымат каражаттарында бир нече жолу жазылып, бирок Атамбаевдин жакындары ага кандайча аралашканынын чоо-жайы ачык айтылбай келген.

Жакында ушул жагдайлар боюнча кылмыш иши козголгон Раиса Атамбаевага айтылган дооматтарды Атамбаевдин тарапташтары четке кагып келет.

«Дело №» гезитинин 14-августта чыккан санында «Раиса Атамбаева кытайлык инвестордун бизнесин тартып алууга түздөн-түз аралашкан» деген маанидеги макала жарыяланды. Анда Атамбаевдин жакындарынын таасири менен кыргыз ишкерлери кытайлык инвесторду кантип сызга отургузганы кенен баяндалат.

«Дело №» гезитинин 14-августтагы саны.
«Дело №» гезитинин 14-августтагы саны.

«Азаттык» радиосу кытай ишкерлери Гао Жин Вей жана Чен Мао Чун 2012-жылы ири ишкердик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга келип, бийликтеги таасирдүү топтордун кысымына кабылганын бир нече жолу жазган.

Бирок ал кезде ал таасирдүү деген ал топтогу кишилердин ысымы ачыкка чыккан эмес.

Өлкөдө президент алмашкан 2017-2018-жылдары кийин кытайлык ишкерлердин бизнесин мурдагы парламент депутаты Рустам Маманов менен ишкер Рустам Воинов талашканы, аларга Свердлов райондук сотунун судьясы Элвира Жаркеева жана президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаев кызмат абалынан пайдаланып жардам бергени ачык айтыла баштады.

Жакында эле мамлекетке караштуу Коомдук биринчи каналдын иликтөөсүндө президенттик аппараттын мурдагы кызматкери, азыр үй камагында жүргөн Манасбек Арабаев «бул иштерде мени Раиса Атамбаева сотторго көрсөтмө берүүгө мажбурлаган» деп айтып чыккан.

Эми «Дело №» гезитиндеги макалага кайтып келсек. Макаладагы маалыматка караганда, 2015-жылы «Синьхуа» корпорациясынын жетекчилери Чен Мао Чун жана Гао Жин Вей ошол кездеги канайым Раиса Атамбаева менен «Ала-Арча» резиденциясында жолугат.

«Дело №» гезитиндеги макалага тиешелүү сүрөт.
«Дело №» гезитиндеги макалага тиешелүү сүрөт.

Гезит «аларды Атамбаеванын жакын тааныштары – 1990-жылдары Кыргызстанга келип, 2015-жылы кыргыз жарандыгын алган ишкер Бай Си жана анын аялы Фатима Хихиза тааныштырган» деп жазат.

Басылманын маалыматына караганда, кытайлык ишкерлер 2014-жылы Баткендеги кен иштетүүгө аралашып, ал жактан да кысымга кабылат.

Иши илгерилеп, иши шыр кетишин көздөгөн чет элдик инвесторлор жогорку бийлик өкүлдөрүнөн колдоо, башкача айтканда калканыч издөөгө аргасыз болушат. Гезит «мамлекеттик резиденциядагы жолугушуу Раиса Атамбаеванын кытайлык ишкерлерди калкалоого алганынын белгиси болгон» деп жазат.

«Дело №» гезитиндеги макалага тиешелүү сүрөт.
«Дело №» гезитиндеги макалага тиешелүү сүрөт.

Ал эми ортомчулук милдетти аткарган Бай Си жана анын аялы Фатима Хихиза кытай ишкерлеринен 950 миң доллар акча жана батир алганы айтылат. Ошондой эле «Синьхуа» корпорациясынын жетекчилери Раиса Атамбаевага кытайлык компания куруп жаткан «Даймонд сити» турак жай комплексинен эки батирди белекке беришкени жазылган.

Бирок кийин мурдагы канайым кытайлык инвестордун «Даймонд сити» турак жай комплексин талашкан кыргыз ишкерлерин колдоп, чет элдик бизнесмендер куугунтукка кабылганын жазган гезит: «Эмнеге өзү калкалаган кытайлык ишкерлерге кийин Атамбаева каршы чыккан?» деген суроого «таасирдүү топтун материалдык «сыйлыгы» кызыктырган» деген жоопту келтирген.

«Дело №» гезитинин бул материалында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында иштеген Алмаз Маткасымовдун, ишкер Бектурсун Айталиевдин жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин, азыр камакта отурган аткаминер Икрамжан Илмияновдун, Раиса Атамбаеванын мурдагы никесинен туулган баласы Раис Бектемировдун аты аталат.

«Азаттык» жогорудагы аты аталган адамдардын пикирин сураш үчүн өздөрү же жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Алардын пикирин угууга жана орун берүүгө даярбыз.

Жакында камалып, тергөө менен кызматташууга макул болуп үй камагына чыккан президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Манасбек Арабаевдин жактоочусу Алия Турумбекова кылмыш ишиндеги материалда кытайлык ишкерлер «бул ишке мурдагы канайым Раиса Атамбаеванын мурунку күйөөсүнүн баласы Раис Бектемиров да аралашкан» деп аны күнөөлөп жатышканын 24.kg агенттигине билдирген.

Раис Бектемиров жөнүндө эмне белгилүү?

2017-жылы «Жалбырак ТВ» каналы Раис Бектемиров орусиялык «Ростехнология» корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлү экенин, ал 2015-жылы Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну сунуш кылган «Вега» компаниясы менен байланышы бар экенин маалымдаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева соңку учурда Атамбаевдин жакындары жөнсүз каралоого туш болуп жатканын белгилеп, «Дело №» гезитиндеги макаланы жалган маалымат деп баалады:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Коомдук пикирди башка жакка буруу, Атамбаевди жана анын жакындарын, туугандарын каралоо аракети болуп жатат. Эки жылдан бери Атамбаевдин командасы абдан чоң негизсиз каралоого туш болду. Муну ошонун эле уландысы деп атайбыз».

Раиса Атамбаева 16-августта УКМКнын имаратында Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жатканда мурдагы мамлекет башчысынын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата саясий куугунтук башталганын белгилеп, «рейдерлик иш боюнча сотторго басым жасаган» деген дооматтарды четке каккан.

Бирок Раиса Атамбаевадан кытайлык ишкерлер менен мамлекеттик резиденцияда эмне максатта жолукканы боюнча так комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

«Дело №» гезитинде «кытайлык инвесторлор 2012-жылы сатып алган "B.LC" деген курулуш компаниясы менен «Даймонд сити» аттуу эки жүздөй батирлүү ири комплексти соттордун жардамы менен Рустам Маманов, Рустам Воинов тартып алганы» жазылат.

2016-жылдары так ушул мүлк талашуудагы соттук териштирүү учурунда юрист Таалайгүл Токтакунова кытайлык ишкерлерге адвокат болгон экен. Токтакунова буларды айтып берди:

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

«Сот тарабынан процессуалдык нормалар одоно бузулган. Апелляциялык доо арыз каралып жатканда «кытайлык ишкерлердин тарабына сүйлөөгө уруксат жок» деген чечим чыккан. Бирок Раиса Атамбаеванын аты чыкканын укпапмын. Бирок чындыгында «сотторго телефон чалгандар болуп жатат, болбосо мындай одоно мыйзам бузуу болбойт эле» деген кептер жүрүп турган».

Учурда кытайлык инвестор менен жергиликтүү ишкерлердин талаш маселесине чечим чыгарган сот Элвира Жаркеева жана парламенттин мурдагы депутаты Рустам Маманов кармалып, соттук териштирүү жүрүп жатканы белгилүү.

Айтор массалык маалымат каражаттарындагы материалдарды эсепке албаганда, расмий органдар кытайлык инвесторлордун чырында мурдагы канайым Раиса Атамбаеванын катышы боюнча маалымат бере элек.

Сот жараяндарына көз салып келаткан укук коргоочу Рита Карасартова акыркы жылдары сот менен жең ичинен келишип алып, айрым ишкерлердин мүлкүн тартып алуу күчөгөнүн белгиледи. Ал эми Раиса Атамбаеванын кылмыш ишине канчалык деңгээлде катышы барын далилдөө боюнча мындай пикирин билдирди:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Күйөөсү (ред: Алмазбек Атамбаев) менен кошо аялын, балдарын айыптап жатат. Бирок факты керек. Далил Арабаевдин сөзү болуп атат. Ал каякта? Абактабы же боштондуктабы? Жээнбековдун саясаты Атамбаевдин тушунда куралган соттун тажрыйбасы болуп атат. Беш кишини камап койсо бешөө «ооба, биз күнөөлүүбүз, бирок мына бул көрсөтмө берген» деп койсо күнөөлүү деп коет. Текебаевди эч кандай акча алуу боюнча далилдебей эле Маевскийдин көрсөтмөсү менен соттогон. Эч нерсе өзгөргөн жок. Азыркы соттор деле буйрук күтүп жатат».

Мурдагы презиент Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан кийин кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

20-августта Бишкектин Биринчи май райондук оту анын бөгөт чарасын карап, 26-октябрга чейин камакта калтырды. Ал Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча айыпталып жатат.

Атамбаевдин тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалашууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү мыйзам бузуу болгон учурда статусуна карабай ким болбосун жоопко тартылышы керек экенин айткан жайы бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG