Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Үй камагынын үзүрү менен көзүрү


Манасбек Арабаев.

Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн айыпталган бир нече мурдагы жетекчи тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылды.

Мурдагы бийлик учурунда «сот системасынын куратору» атка конгон президенттик аппараттын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн экс-башчысы Манасбек Арабаевдин тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылганы өткөн аптанын соңунда белгилүү болду.

Бул маалыматты Жогорку сот жана Арабаевдин адвокаттары расмий ырастай элек. Бирок «Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы Арабаев чынында тергөө абагынан үйүнө бошотулганын билдирди.

Артынын көп сөз ээрчитип, «Коррупция» беренеси боюнча шектүү болгон Арабаевдин үй камагына чыгарылышы коомчулукта талкуу жаратты. Андагы негизги түшүндүрмө катары быйыл күчүнө кирген Жазык кодексиндеги тергөө менен кызматташуу жөнүндө берене болуп жатат. Айрымдар «бул норманы бийлик жана укук коргоо органдары өз кызыкчылыгына жараша колдонуп жатат» деп айтып чыгышты.

Салянованын тарапкерлери сотто.
Салянованын тарапкерлери сотто.

Маселен, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча «мыйзам бузду» деп камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева тиешелүү кишилерге каршы көрсөтмө бергенди үй камагына чыгарып, ал эми ага көнбөгөндөр куугунтукка алынып жатат деген пикирин айтты:

«Кош стандарттуулук эле болуп жатат. Жаңы Жазык кодекси боюнча тергөөгө барып, «мен кылган эмесмин, бул буйрук берген» деп эч кандай далили жок эле ооз эки көрсөтмө берип койсо, абактан чыгып кетип жатат. Ал эми ал каршы көрсөтмө берген адамды камап коюшуп, кайсы бир адамга жалган көрсөтмө бериши керекпи? Мисалы, Аида Салянованын ишинде мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев көрсөтмө берип, эркиндикте калды, ал эми Салянованы ден соолугу начарлап, үй-бүлөлүк шарты туура келбесе да камакта кармап жатышат».

Турдалиева бул жаатта мыйзамдын бардык айыпталуучуларга бирдей иштебей, саясий кырдаалга жараша өзгөрүп жатканын айтууда. Ал кошумчалагандай, Салянованын актыгын далилдеген маалыматтар ачыкка чыгып, бир жарым жыл мурун өлтүрүлгөн иниси боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болгонуна карабай камакта кармалып жатат.

Негизи тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк 2019-жылдын башында күчүнө кирген Жазык кодексинде каралган. Бул кодекстин 15-бөлүмү «процессуалдык келишимдер» деген түшүнүктү камтыган. Анда «процессуалдык келишим» үч учурда: айыпкер күнөөсүн мойнуна алганда, тергөө менен кызматташканда жана тараптар элдешип алганда ишке кирери айтылган.

Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө жана тергөө башкармалыгынын улук прокурору Бакытбек Сыдыгалиев мыйзамга ылайык, тергөө менен кызматташуу сунушу шектүүлөр тарабынан болорун билдирген:

«Тергөө органдары же көзөмөл органдары ар бир шектүүгө келишим түзөт деп айта албайбыз. Эгер шектүү дал ушундай «тергөө менен келишим түзөм» деп кайрылса, анын сунушу каралат».

Бул кодекс күчүнө киргенден тартып Кыргызстанда Арабаевден башка бир нече кылмышка шектүү мурдагы чоң кызматкерлер тергөө менен кызматташуу шарты менен эркиндикке чыгарылды.

Атап айтсак, Батукаевдин иши боюнча шек саналган мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, «Паспорт жаңжалы» боюнча камалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев жана «Инфоком» ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Шамил Атаханов жана Аида Салянова.
Шамил Атаханов жана Аида Салянова.

Булардын ичинен экс-вице-премьер Шамил Атаханов Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени белгилүү болгон. Ал эми Манасбек Арабаевдин мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөсү Коомдук каналдан көрсөтүлгөн эле.

Мындай жагдайларды эске алган мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев тергөө менен келишим түзүү практикасы саясий максатта колдонулуп жатат деген шектенүү жаралганын четке каккан жок:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Аргасыздан ошондой ойго түртүп жатышат. Негизи бул норманы башка өлкөлөрдөн көчүрүп алдык да. Ал жакта кандай иштейт. Ушинтип, кимдир-бирөөгө каршы көрсөтмө берип койсо эле эркиндикке чыгарылабы же коррупциялык жол менен казынадан уурдалган каражаттарды тергөө менен кызматташып, кайра кайтаруу максатындабы? Ушул суроого жооп берүү зарыл. Бизде «мага жетекчим буйрук берген үчүн ушул кадамга баргам» деп көрсөтмө бергендерди кое берүү практикасы кетти. Анда ал буйрукту аткаргандар да мыйзам бузган да. Бул шектенүү жаратат».

Ал эми мурдагы парламент депутаты Алишер Мамасалиев бул норма жаңы киргизилгендиктен көптөгөн түшүнбөстүктөр болуп жатканын белгилеп, шектене берүү да туура эмес деген оюн айтты:

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

«Бизде мындай эреже жаңы кирип жатат. Бул башка өлкөлөрдө көптөн бери колдонулуп келген. Эми ар түркүн кооптуу жагдайлар баары бир болот. Коом тарабынан балким ишенбестик болушу мүмкүн. Обьективдүү көрүнүш».

Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы коюлган. Анын жыйынтыгында мурда жабылган чуулгандуу иштер кайра тергелип жатат.

Акыркы жылдары ал иштердин алкагында бир нече жогорку кызматкер: эки мурдагы премьер-министр, бир нече министрлер жана башка аткаминерлер камакка алынды.

Ал эми өткөн апталарда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди бир нече мыйзам бузган деген жүйө менен экс-президент деген макамдан ажыратты. Эми Атамбаевге карата кылмыш ишин ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай кырдаалды Атамбаев жана камакка алынган бир катар саясатчылар азыркы бийликтин куугунтугу деп эсептеп келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (14)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG