Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Кыңыр иште Раиса Атамбаеванын аты чыкты


Алмазбек Атамбаев жана Раиса Атамбаева.
Алмазбек Атамбаев жана Раиса Атамбаева.

Коомдук канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайынын мыйзамсыз иштерге аралашканы боюнча журналисттик иликтөө жарыялады.

Анда президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, кытайлык ишкерлердин мүлкүн тартып алууга катышы бар экени айтылган.

Алмазбек Атамбаевдин штабы бул маалыматты каралоо деп баалап, мурдагы президенттин тарапкерлеринин каршылык акциясынан алаксытуу катары сыпаттады.

Коомдук канал көрсөткөн чырлуу курулуш боюнча буга чейин мурдагы депутат, судьялар баш болгон бир нече адам камакка алынган эле.

Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында 2-июлда көрсөтүлгөн журналисттик иликтөөдө Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык баяндалган.

Анда чет өлкөлүк ишкерлер Бишкекте салган көп кабаттуу үйдү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов, ишкер Рустам Воинов мыйзамсыз түрдө тартып алганы, ага сот, президенттик аппараттан колдоо көрсөтүлгөнү айтылган.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип жаткан видеодо ал мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдирген.

Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

«2016-жылы БЛС деп аталган курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда ал (Раиса Атамбаева) бир нече жолугушуу өткөрүүнү суранган. Бул жолугушуулар болгон. Жолугушууга башка адамдар да катышкан. Алардын катарында биринчи айымдын уулу Раис да катышкан. Жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү суранышкан. Экинчи баскычта. Азыркы учурда экс-президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркеевага тийишпей, аны кызматтан четтетпөөнү суранганын кабарлай алам», - деген Арабаев суракта көрсөтмө берип жатып.

Көрсөтүүдө бул мыйзамсыз иштерге Раиса Атамбаеванын жакын туугандары, курбусу, Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев катышы бар экени айтылган.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Коомдук телерадиоканал тараткан маалымат «чындыкка коошпой» турганын айтты:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Бул коомдук пикир жаратуу максатында жасалган кара пиардын бир түрү. Ал көрсөтүүдө көбүртүп-жабыртылган маалыматтар болду. Так фактылар болгон жок. Атайылап каралаш үчүн жасалган».

Көрсөтүүнү даярдаган журналист Уланбек Дыйканбаев жогору жактан эч кандай көрсөтмө болбогонун айтып, КСДП өкүлүнүн «кара пиар» деген сөзү туура эмес экенин белгиледи:

«Өзүмдүн эле автордук программам. Күч кызматтарынын маалыматтарына, ачык маалыматтарга таянып, өзүм эле иликтөө жүргүзгөм».

27-июнда экс-президент макамынан ажыраган Атамбаев Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө тарапкерлерин чогултуп, бийликке сын айтып, 3-июлда Бишкекте «Соке болбой калды» деген нааразылык акциясын уюштурду.

Анткен менен Атамбаевдин тарапкерлери митингге чыгып, обдулуп турган учурда жарыяланган бул көрсөтүүгө байкоочулар түрдүү көз карашта болуп жатышат. Маселен, талдоочу Бекбосун Бөрүбашев мындай учурда медиа кай бир тараптын куралы болбошу керек экенин айтты.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Бийликтин да кызыкчылыгы бар, башка топтордун да кызыкчылыгы бар, - деди ал. - Бирок мында бийликтин мүмкүнчүлүгү көп. Медианы өзү каалагандай колдонуп, өзү каалаган нерсени элге жарыялайт».

Ошол эле учурда мындай маалыматтар саясаттагы тирешкен тараптардын жагдайына таасир этет дегенда пикирлер бар. Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев көрсөтүүдө келтирилген жүйөлөр чындыкка жакын деп эсептейт. Ошондуктан, анын пикиринде, бул жагдай азыркы саясий кырдаалда мурдагы президент Атамбаевдин таасирин мурункудан да алсыратышы ыктымал.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Манасбек Арабаев өз көрсөтмөсүндө айткан сөздөрү чындыкка жакын болуп жатканын четке кага албайбыз, - деди ал. - Бул маселе мурда эле көтөрүлгөн, ким уюштурганы белгисиз болчу. Азыр учу көрүнүп калгандай. Мындай иштерди бийликте таянычы бар адам гана жасай алат. Анын чын-төгүнүн тергөө гана аныктайт».

Негизи Бишкектин чок ортосунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн айланасындагы мыйзамсыздык боюнча буга чейин эле айтылып келген. Рейдерлик басып алууга кирептер болгонун айткан кытайлык ишкерлер бул мыйзамсыз иштердин аркасында таасирдүү адамдар турганын айтып, бирок алардын аты-жөнүн ачык аташкан эмес. Бул жөнүндө бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде «Азаттык» радиосу бир нече жолу жазган болчу.

Былтыр май айында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов жана ишкер Рустам Воинов дал ушул иштин алкагында камакка алынган. Мындан көп өтпөй Бишкектин Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркеевага иш козголуп, жыл аягында камакка алынган болчу. Кийинчерээк Жаркеева дал ушул кытай ишкерлеринин иши боюнча камалганы белгилүү болгон.

Ал эми 2-июнда президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы, кезегинде «соттордун куратору» деген ылакап атка конгон Манасбек Арабаев камалган. Эми Арабаевдин дал ушул иш боюнча кармалганы дайын болуп отурат.

Раиса Атамбаева - Алмазбек Атамбаевдин аялы. Ал өмүрлүк жолдошун чет өлкөлүк сапарларга коштоп чыкканы менен саясий жана коммерциялык иштерге аралашканы байкалган эмес.

Алмазбек Атамбаев аялы өз ишмердигин дайым колдой турганын белгилеп, өзүнүн кыялына чыдаганы үчүн «орден такса татыктуу экенин» айткан да жайы бар.

Кесиби боюнча дарыгер Раиса Атамбаева 2018-жылдын январь айында медицина илимдеринин доктору болгону кабарланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG