Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Бийлик Атамбаевдин эсебин тапкысы келет


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын үй-бүлөсүнүн, туугандарынын жана ага байланышы бар деген адамдардын банктагы эсептерин текшерүүгө уруксат берди.

Атамбаевдин жакындарынын банктардагы каржылык изин текшерүүнү Аскер прокуратурасы суранган.

Экс-президенттин командасы муну бийлик өз кемчиликтеринен коомчулуктун көңүлүн башка маселеге буруу кадамы катары сыпаттап жатат.

Тергөө тобу банк эсептерин текшергиси келген тизмедеги айрым жарандар буга чейин да чуулгандуу иштерде аты аталган.

Аскер прокуратурасынын өтүнүчү

Сотко сураныч келтирген Аскер прокуратурасы «экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана жакындарынын банк эсептерин эмненин негизинде текшерүү жүргүзөрү боюнча эч кандай маалымат берилбейт» деп билдирди. Бирок 24.kg агенттигинин колуна тийген соттун чечиминде экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу иш Башкы прокуратура тарабынан 12-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестрине киргизилген. Анын негизинде Салык кызматынан алынган декларациялар изилденип, Атамбаевдин жакындарынын банктагы эсептери аныкталган.

Тергөө ар тараптуу жана калыс жүрүшү үчүн Атамбаевге байланыштуу жыйырмадан ашык адамдын 2009-жылдан берки депозиттик эсептери жана банк кутучалары боюнча документтерди алууга уруксат суралганы жазылат. Азырынча Жогорку сот да, Башкы прокуратура да Атамбаевдин каржылык эсептерин текшерүү боюнча расмий үн ката элек.

Эми тергөө тобу текшергиси келген тизмеге токтололу. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн, жубайы Раиса Атамбаеванын, уулдары Кадырбек, Сейитбек, Сейтек Атамбаевдердин, кыздары Алия, Диана жана Динара Атамбаевалардын банктык эсептери текшерилет. Ал эми Раиса Атамбаева тараптан Луиза, Альбина Шагиевалар жана Рамил Шагиев бар.

Рамил Шагиев 2015-жылы каза болгон.

Тизмедеги айрым адамдардын аты буга чейин ар кандай иштерде аталып жүргөн. Маселен, «RED ROCKS» («РЭД РОКС») компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Нурбек Шаршенов жөнүндө маалымат 2016-жылы чыккан. Анда Шаршенов Атамбаевдин жакыны экени айтылып, "Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөштөрү менен ишкердик жүргүзөт" деген маалымат тараган. Убагында Атамбаевдин президенттик аппараты бул кабарды төгүндөгөн болчу.

Ал эми Абдуллаев Кайрат Турдаджиевич деген жаранды Интернеттеги ачык маалыматтар «Үмүт и Ко» компаниясынын негиздөөчүсү жана «Гавайи» эс алуу жайынын кожоюну деп чыгарууда. Мындан сырткары тизмеде «кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн» деген айып мененжакында эле беш жылга соттолгон, Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин да аты бар.

Пархати Субихинин ысымы журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Ал Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий өндүрүштүк «Форум» ЖЧКсына теңшерик негиздөөчүлөрүнүн бири катары айтылып жүрөт. Түркиялык ишкер Ахмет Кая болсо 2017-жылы Эдил Байсаловдун Атамбаевдин байлыгын санаган иликтөөдө аты чыккан.

Мындан башка каржылык кадамдары текшерилүүчү тизмеде Артур Байбурин, Лилия Байбурина, Жибек Рахмаджанова, Аэлита Сатыбалдиева, Раис Бектемиров, Азиз Темирбековдун ким экени боюнча так маалымат жок. Интернет булактарында айрымдары ар кандай компаниялардын түзүүчүсү катары көрсөтүлгөн. Кыскасы, өлкөдөгү бардык коммерциялык банктардан жогорудагы аталгандардын каржылык аракеттери изилденет.

Экс-президент Атамбаевди жактаган КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева учурда тизмедеги адамдардын ким экенин, алардын Атамбаев менен кандай байланышы бар экенин өз алдынча текшерип жатышканын билдирип, көпчүлүгү аларга белгисиз эле кишилер экенин айтты. Жолдубаева Атамбаевдин депозиттик эсеби, банктык кутусу да жок экенин айтып, муну бийликтин басымы катары баалап жатат.

КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков болсо Биринчи май райондук сотунун чечимине даттанууга даярданып жатканын кабарлады.

«​Мыйзамга ылайык, кол тийбестик Атамбаевдин өзүнө, анын документтерине, мүлкүнө да жайылтылат. Эмнеге Атамбаевдин кол тийбестиги алына электе сот тийиштүү токтомдорду чыгарды? Өтө одоно мыйзам бузуу болуп жатат».

Экономист, каржы маселелери боюнча эксперт Кубан Чороев мыйзам боюнча жаранга кандайдыр бир кылмыш иши ачылгандан кийин банк эсептери соттун чечими менен текшерүүгө алынат деди. Бирок Чороев бул иштин саясий жагы да болуп жаткандыктан бир жактуу юридикалык баа берүү кыйын деп эсептейт.

«​Биз тергөөчү эмненин негизинде текшерем деп сотко кайрылганын азырынча билбейбиз. Бирок, текшерүүнүн укуктук эрежелери бар. Ал үчүн негиз болушу керек».

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев мурунку аткаминер кайсы бир иштерде аты аталып жаткан учурда анын каржылык аракеттерин текшерүү мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилейт.​

«Текшерүүнүн жаман жагы жок. Текшерип, таза чыкса өзү айта жүргөнгө жакшы. Текшерүүгө негиз болгон үчүн сот ушундай чечим чыгарды деп ойлойм. Ал эми беркилер соттун чечимине даттанып, утуп алса болот».

Ал ортодо Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңештин корутундусун карай баштады.

Парламенттин экс-президенттин макамы жөнүндө корутундусу Башкы прокуратурага 20-июнда келип түшкөн. Жогорку Кеңеш 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жиберген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПчылар муну бийликтин куугунтугу катары баалап келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG