Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Депкомиссия Атамбаевге алты доомат койду


Атамбаевге коюлган айып, КСДПнын жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

Атамбаевге коюлган айып, КСДПнын жообу. 18-июнь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караш үчүн түзүлгөн атайын убактылуу депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарды.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун парламенттин жалпы жыйынына алып чыгууга макулдугун берди.

Ага чейин бул маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте да каралат.

Комиссиянын корутундусунда демилгечи топтун кайрылуусунда көрсөтүлгөн тогуз дооматтын алтоо боюнча Атамбаевден өзгөчө оор кылмыштар үчүн шек саноого жана укук тартибин коргоо органдары текшерүүсү абзел деп эсептөөгө негиз бар экени жазылды. Алар - журналисттерге койгон айыптары, Кой-Таштагы жер тилкеси, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, «Ака Инвест» компаниясы, Бишкектин Жылуулук электр борборунун иши жана Бишкекке көмүр ташып келүү.

Ал эми калган үч доомат боюнча бул окуялар Атамбаев президент кезинде болбогондуктан комиссияда каралышына негиз жок деген бүтүмгө келди. Алар - Орусиянын 123 жаранына курал берүү, «Фрунзе Резорт» компаниясы жана 35,65 га жердин трансформация болушу.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алаксытуу» деп баалап жатат.

Бир күн мурда

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 17-июндагы жыйынында мурдагы мамлекет башчысына тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды койду.

Депкомиссия Атамбаевге тагылган кинелер аны экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болот деп эсептейт. Комиссиянын жыйынына Атамбаевдин бийлигинин тушунда соттолуп чыккан саясатчылар да келип, мурдагы президентти жоопко тартууну талап кылышты. Атамбаев баштаган КСДП депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу» деп сыпаттады.

Депутаттык комиссиянын 17-июндагы жыйынында Алмазбек Атамбаевге «ал премьер-министр болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып Орусиянын 123 жаранына ок атуучу курал тапшырган, анын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон. Атамбаевдин тапшырмасы менен кримтөбөл Азиз Батукаев мыйзамсыз бошотулган жана анда коррупциялык иштер орун алган. 2011-жылы Атамбаев 35,65 гектар айдоо аянттарын мыйзамсыз трансформациялаган. Кой-Таш айылындагы салган тамынын жери да мыйзамсыз алынган. Акча адалдаган «Ака инвест» жана «Терексай Жаштары» компанияларына тиешеси болгон. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Ошондой эле Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Атамбаев бийликте туруп анын бийлигине каршы чыккан саясатчыларды, журналисттерди куугунтуктаган» деген айыптар коюлду.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Иликтөө кызматынын башкармалыгынын орун басары Мырзалы Жумаев мунун ичинен Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаевдин аты аталып жатканын билдирди:

Мырзалы Жумаев.
Мырзалы Жумаев.

«Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Бул иш боюнча массалык маалымат каражаттарына тиешелүү маалыматтарды бергенбиз. Ошол кездеги бир топ министрлерге юридикалык баа берүү боюнча тергөө жүрүп жатат. Тергөө учурунда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов сурак протоколунда «Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар. Тапшырма берилген» деп көрсөтүп жатат».

Жыйынга катышкан күч органдарынын өкүлдөрү Алмазбек Атамбаевге коюлуп жаткан тогуз айыптын ичинен төртөөнө жооп беришти. Калган беш кине тууралуу суроолор жоопсуз калды. Жыйында «Атамбаев куралдарды туура эмес берген жана жерлерди мыйзамсыз трансформациялаган» деген айыптар боюнча эч кандай тергөө иштери жүргүзүлбөгөнү белгилүү болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Иликтөө башкармалыгынын орун басары Сагынбек Самидин уулу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланышы бар-жогу тергелип жатканын айтты.

Сагынбек Самидин уулу.
Сагынбек Самидин уулу.

«Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Жазык кодексинин 319-беренеси «Коррупцияга» экс-президенттин тиешеси бар деп материалдар бөлүнүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн», - деди Сагынбек Самидин уулу.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон сегиз кишиге «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган. Учурда сот иштери жүрүп жатат.

Депутаттык комиссиянын жыйынында Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен соттолуп чыккан саясатчылар билдирүү жасашты. Алардын бири Бектур Асанов Башкы прокуратурадан Атамбаевге чукул арада иш козгоону талап кылды:

«Мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге 10 күндүн ичинде кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон биз бүгүн дагы бир жолу талап кылышыбыз керек. Конституциянын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, «Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат» деп жазылган. Ошондуктан кол тийбестик деген саясий оюндар менен интригаларды жана жаңы кабыл алынган мыйзамды күтөбүз деген шылтоону токтотуш керек».

Депутаттык комиссиянын жыйыны. 17-июнь, 2019-жыл.
Депутаттык комиссиянын жыйыны. 17-июнь, 2019-жыл.

​«Элдик парламент» саясий кыймылынын мүчөсү Бекболот Талгарбеков өзүнн жана аны менен кошо соттолгон саясатчылардын окуясын «1937-1938-жылдардагы репрессияга» салыштырды. Атамбаев президент болуп турганда соттолгон саясатчылардын дагы бири Кубанычбек Кадыров болсо мурдагы президенттин жана анын учурунда жогорку кызматтарда турган адамдардын мүлкүн текшерүүнү сунуш кылды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын айыптарына Атамбаевдин жообун жарыялады:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Экс-президент менен сүйлөштүм. Ал муну болбогон нерсе жана Матраимов-Жээнбеков кланы башында турган коррупциядан коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруу аракети катары баалады».

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев 16-июнда «Азаттык» менен болгон маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге күнөө коюш үчүн кылдат иликтеп чыгып, далилдерди таап, андан кийин жоопко тартыш керек экенин айткан.

Текебаев: Кыргызстандан тонналаган алтын чыгарылып кеткен
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:22 0:00

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» комментарий берип, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия тууралуу ой бөлүштү.

«Атамбаев узурпация кылды же коррупцияга барган» десе Атамбаев жети жыл ичинде анын баарын ушул эле парламент менен кылган. Парламент бекиткен өкмөт менен кылган. Өкмөттү парламент шайлайт, парламент кетирет. Чет өлкөдөн келген насыялар менен инвестицияларды парламент ратификация кылат. Атамбаевди «сен өтө оор кылмыш кылгансың» десе ал өкмөттү силер курагансыңар. «Конституция боюнча менин укугум барбы?» деп айтат.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Кээ бирөө «Атамбаев биздин колу-бутубузду кайрыган» деп жатышат. Колу-бутун кайрып койсо эле добуш бериш керек деген жок да. Ушуга окшогон нерсенин баары Атамбаевдин пайдасына чечилет. Түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы, сапаты да күмөн жаратат. Анткени ага Атамбаевден жабыр тарткан, анын учурунда кылмыш иши козголгондор кирип алыптыр. Жазык кодексинде «ушундай комиссияларга кызыкчылыгы жок адамдар кириши керек» деп жазылган».

Жогорку Кеңеш 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизе турган болгон. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы. КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген.

Саясат талдоочу Акылбек Сариев «Азаттык» радиосунун эфиринде сүйлөп жатып, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишин кыргыз саясатындагы өнөкөт катары баалады.

Сариев: Бийлик муруңку өнөкөттү улантып жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG