Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Кадыров: Атамбаев бийликте турганда жогорку кызматта болгондордун байлыгын текшериш керек


Кубанычбек Кадыров.
Кубанычбек Кадыров.

Саясатчы Кубанычбек Кадыров экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезде жогорку кызматты ээлеген адамдардын байлыгын текшерүүнү сунуш кылды. Ал бул тууралуу бүгүн, 17-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

- Мыйзамсыз баюу боюнча Абдил Сегизбаевди, Болот Сүйүмбаевди, Фарид Ниязовду, Икрам Илмияновду, Индира Жолдубаеваны да текшериш керек. Биз партияда чогуу жүргөндө алар батирде жашап, акча таппай жүрүшкөн. Бүгүнкү күндө айдаган машинелери 100 миң долларга чыгат. Миллион долларлык хан сарайларда жашап жатышат, - деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп жатат. Комиссиянын мүчөсү Талант Мамытов кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө демилге көтөргөн депутаттардын кайрылуусун окуду. Анда демилгечи депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевди оор кылмыш иштерине байланыштуу айыптап жатышат.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзгөн. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG