Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Бекназаров: Атамбаевден запкы көргөн депутаттар комиссия түзүп алды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Анда Бекназаров кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия калыс чечим чыгарышынан күмөн санап жатканын билдирди. Анын айтымында, комиссияга жалаң Атамбаевдин учурунда куугунтук көргөн депутаттар кирип калган. Ошондой эле ал жаңы кабыл алынган экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам чийки болуп калганын белгиледи:

- Комиссияга мүчө болгондордун өздөрүнүн токтоп турган кылмыш иштери бар. Бул жакта комиссиянын адилеттүүлүгүндө, калыстыгында күмөн пайда болду. Көз каранды эмес коомчулуктан, юристтерден кириши керек. Жалаң Атамбаевдин зомбулугун көргөн депутаттар комиссия түзбөгүлө. Ага кызыкчылыгы бар, өчү бар же жабыр тарткан адам комиссияга мүчө боло албайт. Анда адилеттүүлүк, калыстык, мыйзамдуулук болбойт. Атамбаевдин узурпациясы бар, ал мыйзам чегинде жооп бериш керек. Бирок укуктук талаада жооп бериш керек.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссия түзгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу тууралуу сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган. Бир топ депутаттар мурдагы президенттин 8-июндагы митингде айткан сөздөрүн сындап, ал чуулгандуу иштер үчүн жооп бериши керек экенин билдиришкен.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизе турган болгон. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы. Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG