Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:17

Кол тийбестикти козгогон кармаш


24-ноябрь, 2017-жыл

Жогорку Кеңештин 60 депутатынын демилгеси менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, жоопкерчиликке тартуу аракети башталды.

Ал жараян кантип ишке ашат? Кандай укуктук негиздер бар же саясий өч алуу максатында жасалып жатабы? Бул кырдаал коомдук-саясий турмушка кандай таасири этиши мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.

«Азаттык»: Бекбосун агай, Жогорку Кеңештин 60 депутаты кол коюп, мурдагы мамлекет башчысы Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, жоопкерчиликке чакыруу демилгеси менен чыгууда. Бул канчалык укуктук негизи бар маселе, эгер ал болсо аны ишке ашыруунун жолу кандай?

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

Бекбосун Бөрүбашев: Буга укуктук негиздер бар. Анткени 2003-жылы “КРдин экс-президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө” деген мыйзам чыккан. Ал мыйзамдын 12-беренеси негиз берет. Биздин коом аталган беренени алты ай талкуулап, Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин кол койгонуна бир айдан ашты, демек күчүнө кирген.

Ал берененин негизги принциби - экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө. Ошого таяп, экс-президенттен кол тийбестикти алып, кылмыш ишин козгосо болот.

Эми мыйзам боюнча бир топ этаптар бар. Биринчиси - парламент түзгөн депутаттык комиссия коюлуп жаткан кинелерди анализдеп, талдап, текшерип, корутундусун чыгаргандан кийин кайрадан Жогорку Кеңеш карап, депутаттардын жарымынан көбүнүн (60тан көп) колдоосун алыш керек. Андан кийин комиссиянын корутундусу парламенттин чечими катары Башкы прокуратурага жиберилет.

Кийинки этап - Башкы прокуратура комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн фактыларда кылмыштын курамы барбы же жокпу деп аныкташы керек. Эгер Башкы прокуратура кылмыш бар деп тапса, ал корутунду да Жогорку Кеңештин үчтөн эки бөлүгү, же болбосо 80ден ашык депутаттын колдоосун алыш керек. Ошондо гана Атамбаевден экс-президент катары кол тийбестикти алып, кылмыш ишин козгосо болот.

«Азаттык»: Бейшенбек мырза, кечээ башталган жараянды мурдагы жана азыркы президенттердин каршылашуусунан улам саясий максатта, өч алуу үчүн жасалып жаткан аракеттер деп баалагандар бар. Сиздин оюңуз кандай?

Бейшенбек Абдыразаков
Бейшенбек Абдыразаков

Бейшенбек Абдыразаков: Кыргызстандын 30 жылдык соңку тарыхында кызыктай бир система түзүлүп калды. Мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев качкандан кийин алардын тегерегиндегилерди камап, куугунтуктоо башталган. Бийликтегилер “коррупция менен күрөшүп жатам” дешсе, качкандар “саясий куугунтук кылып жатат” деп келатышат. Азыр да ошондой болууда, кийин да ушул көч уланууда.

Бийлик өз оппоненттерин алсыратыш үчүн күч органдарын курал катары колдонууда. Бул да система болуп калды. Отуз жылда 30 өкмөт башчы, 10 жолу Конституция алмашты, ал да системага айланды. Эки жолу ыңкылап кылдык, бирок жыйынтык жок.

Бул убакка чейинки президенттер качып кете беришчү, эч кимден коркушкан эмес, эч нерсеге жооп беришкен эмес. Анткени алардын иммунитети – кол тийбестиги бар болчу. Эми ал жок, баары мыйзам алдында бирдей жооп бериши керек. Президент экенине карабай мыйзам бузса соттолушу керек. Эми бул мыйзам президент болом дегендерге эскертүү болушу абзел.

«Азаттык»: Бекбосун агай, сиз жогоркуда айткан мыйзамдык процедуралар Жогорку Кеңештен колдоо таап, Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү болот деп ойлойсузбу? Же кандайдыр бир компромисттик жагдайлар табылып, чечимдер өзгөрүшү мүмкүнбү?

Бекбосун Бөрүбашев: Кыргызстанда баары болушу мүмкүн, ага таң калбай эле коюш керек. Кыргыз саясатында соодалашуу деген кадимки көрүнүш болуп калды. Бирок Атамбаевди күнөөлөп коюш оңой эмес. Кылмыштын үч түрү бар: жөнөкөй, орто жана оор кылмыштар. Эгер Атамбаевди “коррупция”, “кызмат абалынан кыянат пайдаланды”, “узурпация” деген өтө оор кылмыштарды койгонубуз менен аларды Жогорку Кеңешке далилдеш да өтө кыйын болот.

"Эгер Атамбаев узурпация кылса, коррупцияга аралашса эмне үчүн ага Жогорку Кеңеш ага жол берди?" деген суроо туулат. Атамбаевди бир топ экономикалык долбоорлорго байланыштуу күнөөлөп жатышат. Конституция боюнча президенттин чарбалык, экономикалык, инвестициялык иштер менен алектенгенге акысы жок. Ошол эле учурда президент Атамбаевдин демилгелерин, сунуштарын, өтүнүчтөрүн азыркы депутаттар колдоп, макулдук берип келишкен. Демек Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги да каралыш керек. Алдыда чоң кармаштар болот, биз билбеген көп сырлар эми ачылат деп ойлойм.

«Азаттык»: Бейшенбек мырза, Атамбаевге кылмыш иши козголуп, камай турган болсо Кыргызстандын саясий кырдаалына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Бейшенбек Абдыразаков: Бул маселелер боюнча жалпы эл таразалап, талдап түшүнүп калды. Коомчулук Бишкек ЖЭБи, музей, Түндүк-түштүк жолу, Дача СУдагы учактын кулашы боюнча маалыматтарды билип бүттү. Атамбаевди соттолуп жаткан өнөктөштөрүнүн жакындары, өзүнүн туугандары, бир аз санаалаштары, “Автомаш” заводунда иштеген саналуу адамдар колдошу мүмкүн. Менимче, жалпы эл аны колдобойт, ээрчибейт, эл сабаттуу, көзү ачылган.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Атамбаев кол тийбестиктен ажырайбы? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:44 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG