Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Парламенттин кечиккен кеги


«Азаттыктын» коллажы.
«Азаттыктын» коллажы.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аракеттерине, билдирүүлөрүнө баа берүүнү талап кылды.

Алар мурдагы мамлекет башчынын беш күн мурда митингде айткан дооматтарына жооп кайтарып, анын өзүн бийликти узурпациялоого, коррупцияга байланыштуу күнөөлөштү. Айрымдар эл өкүлдөрү Атамбаев бийликтен кеткенден кийин маселе көтөрүп жатканын сынга алышты.

Депутаттардын каяшасы

Атамбаев тууралуу маселени парламентте алгач «Кыргызстан» фракциясынын лидеринин атайын убакытын алган депутат Канатбек Исаев көтөрдү. 20 мүнөткө жакын билдирүүсүндө ал мурдагы президенттин аз күн мурда бийликти айыптаган сөзүнө жооп берди.

Исаев Атамбаев президент болуп турган кезде Бишкек ЖЭБи, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Датка-Кемин, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады сыяктуу долбоорлордо мыйзам бузулганын айтып, бул үчүн экс-президент жоопкерчилик тартышы керек экенин эскертти. Депутат ошондой эле мурдагы президенттин тушунда УКМКга, ИИМге жана башка кызматтарга кесипкөйлөр эмес, Атамбаевдин жакындары дайындалганын эске салды.

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Коррупциялык көрүнүштөр, бийликти узурпациялоо Атамбевдин иш-аракетинде көп болгон. Аткаруу бийлигине да түздөн-түз кийлигишкен. Жогорку Кеңеште каяша айткан, өз ою бар адамдардын баарына четинен иш козгоп, каматты. Алмамбет Шыкмаматовго, Талант Мамытовго, Өмүрбек Текебаевге, Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Аида Саляновага, Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеевге - бүт баарына иш козгоду. Муну менен «үйдө жатып алып Жогорку Кеңешти башкарам, президент да кол бала болот, өкмөт да мен айткандай иш жүргүзөт» деген максаты болгон. Кудайга шүгүр, андай болгон жок. Ошол себептен Башкы прокуратура, Финполиция, ИИМ тиешелүү иш жүргүзбөй жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурдагы президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек», - деди депутат.

Канатбек Исаев ошондой эле азыр кылмыш иши кайрадан жанданган кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотуунун башында экс-президент өзү турганын, Атамбаев мамлекет башында турганда «эбегейсиз байлык топтогонун» кошумчалады. Эл өкүлү Атамбаевдин кезинде сөз эркиндигине да доо кетип, бир катар медиа каражаттары жана журналисттер айыпка жыгылганын эстеди.

Исаевдин артынан билдирүү жасаган башка бир депутат Талант Мамытов да кызматташынын сөзүн колдоп, мурдагы мамлекет башчыга бир топ сын узатты. Ал президенттин жана экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам кабыл алынганын эске салып, эгер парламент Алмазбек Атамбаевге баа берсе, аны жоопко тартууга мүмкүн болорун айтты:

Талантбек Мамытов.
Талантбек Мамытов.

«Бул кол тийбестик бардык президенттердин куткаруучу мыйзамы эле. «Уурдасам, коррупцияга аралашсам, куугунтуктасам мени эч ким камай албайт, кол тийбестигим бар» деген нерсе менен жашап келишкен. Ошол себептен эки төңкөрүш болду. Бирок ошол маселеге Жээнбеков чекит койду. Бүгүнтөн баштап экс-президент жана депутаттар - бардыгыбыз мыйзам алдында бирдей элебиз. Демек, Алмазбек Шаршенович, эми сизди коргоор мыйзам жок, мыйзамдын элегинен ар кимди куугунтуктап, каалагандай өткөрдүңүз, кезек өзүңүзгө келди».

12-июндагы жыйында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Атамбаев таасир эте албай, өзүмчүлдүк көз карашын таңуулагысы келип жатат» десе, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Атамбаев үчүнчү төңкөрүш уюштурганы жатканын» айтты.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ушул ойлорго кошулуп, бирок аны кезинде азыр камакта отурган Өмүрбек Текебаев айтканын эске салды. Ал ошол учурда Иса Өмүркулов Атамбаевди «журт атасы» деп айтканын белгилеп, депутаттын өзүн эки жүздүүлүк кылып жатат деп айыптады. Ага жооп кайтарган Иса Өмүркулов убагында Атамбаевди өзү да, Текебаев да колдогонун эске салды.

Сөзгө кошулган парламент төрагасы Дастан Жумабеков да Алмазбек Атамбаевге каяша айтты. Ал мурдагы президент кийинки убакта катуу сынга алып жүргөн Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Райымбек Матраимовдун тою Атамбаев бийликте турганда да өтүп келгенин айтып, КСДП да, өзү да Матраимовдордун аркасы менен Кара-Суу районунан көп добуш алып келгенин эскерип өттү.

КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина ушул эле депутаттар кезинде унчукпай отурушканын белгиледи.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Мен ушунчалык коркок жана саткын эркек саясатчыларды көргөн эмесмин. Азыр силер трибунадан «жол-мол, узурпация-музурпация» деп айтып жатасыңар. Ошол учурда парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков эмес беле, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эмес беле? Ошол учурда эч ким эч нерсе айткан эмес, азыр болсо минтип бийликтен кеткен кишини сындаган «баатырлар» көбөйдү. Ошол кезде унчукпайсыңар да, бүгүн бул жерде эр болуп, каап атасыңар. Ооба, экс-президенттин кол тийбестигин коргогон мыйзам жок, бирок эл бар. Эл азыр баарын көрүп-билип турат. Силер азыр эсептеген нерселер, УКМК, Башкы прокуратуранын ишинде мыйзам бузуу азыркы учурда андан бетер көп болуп жатат. Кана, Атамбаевден мыкты болуп кеткениңер? Эмне үчүн ага жабышып алдыңар? Анткени силер анын принципиалдуулугунан коркуп жатасыңар. Ал эми Атамбаевдин «Медиа Форумдун» алдындагы билдирүүсү – бул реакция. Аны өзүн, партиясын коргоого мажбурлап жатышат», - деди Карамушкина.

Парламенттеги бул пикирлерден кийин билдирүү тараткан КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да «Атамбаевди эл өзү коргоп аларын» айтып, «Фейсбукта» оюн калтырды.

«Же Атамбаев өлкөдөн чыгып кетет, же Жээнбековду кетирет»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-июнда Бишкекте, «Медиа Форум» имаратында митинг өткөрүп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын кескин сынга алган. Буга чейинки билдирүүлөрүн кайталаган Атамбаев анда депутаттарды да кошо келеке кылып, эгер талаптар орундалбаса Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылып чыгарын айткан. Эл өкүлдөрүнүн соңку билдирүүсү экс-президенттин ушул сынына жооп болуп отурат.

Бирок ошол эле кезде коомчулукта «мурдагы президенттин бийликти бир колго топтошуна ушул эле эл өкүлдөрү жардамдашканын» айткандар чыкты. Алардын бири - талдоочу Турат Акимов депутаттардын сөзү пиар деген ойдо.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Бул депутаттардын жөн эле пиар-пикири. Булар эл алдында «биздин да намысыбыз бар» дегендей эле түр көрсөтүп жатышат. Эгер алар Атамбаевди жоопко тарткысы келсе башкы прокурорду чакырып алып эчак эле тапшырма беришмек. «Качкан жоону катын да саят» деген кеп бар кыргызда, булар эми баары эле кыйын боло беришет. Ал эми Алмазбек Атамбаев бийликте отурган кезде ушулардын бири да сүйлөй алган эмес, чүчкүрө да алган эмес. Баары кеткенден кийин сүйлөп жатышат. Сооронбай Жээнбеков кеткенден кийин аны деле шыбап кое беришет. Бирок реалдуу алганда азыркы саясий аренада бийликке тең келе алчу, оппозиция катары Атамбаев гана калды. Андан башка эч ким президентке сын да айта албайт. Анткени алардын баары күн карама», - деди Акимов.

Кантсе да Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын чечимине депутаттардын үчтөн экиси кол койсо, ал Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Молдалиев: Экс-президент «көпүрөнү» өрттөп жиберди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00
Түз линк

Буга чейин кол тийбестик боюнча мыйзам кабыл алынганда муну Атамбаевди жоопкерчиликке тартууга жол ачуу катары баалагандар чыккан. Кийинки убакта Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданганда да, бул иш боюнча экс-президент жоопко тартылышы мүмкүн экенин белгилегендер болду.

Беш күн мурда митингде сүйлөгөн учурда да Алмазбек Атамбаев өзү да, Аида Салянова жана Шамил Атаханов сыяктуу кишилер «Батукаевдин бошотулушу боюнча ага каршы көрсөтмө алыш үчүн кармалганын» билдирген. Жарандык активист Гүлжигит Исаковдун баамында, экономикага терс таасир этпесе бул тирешүү улана бергени жакшы.

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Менин жеке оюмда азыркы бийлик экс-президентти камап, соттой албайт. Ал болгону Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүп жатат. Башкача айтканда, бийликке анын качып кетиши ыңгайлуу болуп турат. Ошон үчүн туш тараптан ар кимди камап, буктурмага алып барып жатат. Парламент да азыркы бийликтин ымдоосу менен экс-президентке асылып жатат. Бирок Атамбаев көк бет, ал качпайт. Анан сырттан алганда, эки чоң саясатчы - Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши экономикага таасир этпесе улана бергени жакшы. Себеби эки жактын маалыматтык согушунан экөөнүн тең кемчиликтери ортого чыгат, көп фактылар айтылат. Бирок акыркы билдирүүсүндө Атамбаев бийликке ультиматум коюп койду. Бул ультиматум жөн айтылган жок, күзгө жакын кандайдыр бир ызы-чууга алып келиши мүмкүн. Бул көрүнүш мамлекеттик бийлик алмашууга да алып келиши ыктымал», - деди ал.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын саясий мураскери болуп саналган азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тиреши былтыр мартта башталган. Башында эки саясатчынын талашы Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш иши экени айтылса, кийин келишпестик Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматтан алынышынан чыкканы кеп болгон.

Алмазбек Атамбаевдин 8-июнда, Бишкектеги митингде сүйлөгөн билдирүүсү:

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG