Линктер

шаршемби, 26-июнь, 2019 Бишкек убактысы 10:02

Апта: Атамбаев сүйлөдү, Салянова кармалды


Архивдик сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (3-9-июнь, 2019-жыл).

Асел Кодуранова жетектеп жаткан Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 8-июнда Бишкекте коррупцияга каршы өткөргөн митинги бийликке эскертүү берген резолюция кабыл алуу менен аяктады.

Эки саатка созулган тынч митингде саясий куугунтукту, жемкорлукка каршы тандалма күрөштү токтотуу талап кылынды. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатын сындады. Ошондой эле «Райымбек Матраимовду Жээнбековдор коргоп жатат» деген мурдагы оюн кайталап, түрмөдөн эрте чыгып кеткен Азиз Батукаевдин иши тууралуу пикирин билдирди.

Атамбаев Жээнбековду айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:04 0:00

Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаевдин пикиринде, «экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликти сындаганга моралдык укугу жок». Анын айтымында, саясий оппоненттерге куугунтук кылуу - Атамбаевдин бийлигиндеги иштердин уландысы.

Сапар Аргынбаев КСДПнын митингинин резолюциясынын тексти ага тааныш экенин, ушундай эле талаптар жазылган кайрылууларды Атамбаев бийликте турган кезде анын саясий оппоненттери жазып жүрүшкөнүн эске салды.

Жээнбековдун администрациясы митингдеги талаптарга азырынча комментарий бере элек.

Батукаевдин иши боюнча кармалгандар

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кармалган мурдагы аткаминерлердин жана дарыгерлердин саны кеминде 10 кишиге жетти. Бул иш боюнча 5-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды.

Ал эми 7-июнда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев сурак учурунда саламаттыгы начарлап, «Тез жардам» чакырылып, ооруканага түштү.

2013-жылы убактылуу депутаттык комиссия Батукаевдин түрмөдөн эрте чыгып кеткенин иликтеп, ага жол берген деген 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Бул тизмени эске алганда башкалар да кармалышы мүмкүн.

Ошол эле кезде Батукаевдин иши боюнча кармалгандардын айрымдары тергөө абагына киргизилсе, башкалары үй камагына чыгарылып же эч кайда чыкпоо тууралуу тилкат менен коё берилүүдө.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакка алынды.

«Салянованын №1 тергөө абагына камалганы туура эмес. Мындай деңгээлдеги адамды камабаш керек болчу. Тергөөнүн «ал качып кетет жана күбөлөргө басым көрсөтөт» дегени да туура эмес. Ал тергөөдөн качпайт жана күбөлөргө басым көрсөткүдөй жогорку кызматта турган жок. Азыр «Коррупция» беренеси баарына эле колдонулуп калды. Бул берене өтө оор, анын экинчи бөлүмү менен 12 жылдан 15 жылга чейин жаза берилет. Аида Саляновага мурдагы атайын прокурордун бир көрсөтмөсү менен эле айып коюлду. Анда эч кандай далилдер жок. Мындай оор кылмыш үчүн так далилдер болушу керек», - деди адвокат Рабига Сыдыкова.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Салянова алгач суракка чакырылып, анда ал Нарын облусунун прокурорунун орун басары, мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, ошондой эле башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештирилген.

2013-жылдагы депутаттык комиссиянын «жоопкерчилиги каралсын» деген тизмесинде башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова да, атайын прокурор Майрамбек Акматалиев да болгон. Акматалиев Саляновадан үч-төрт күн мурда кармалып, ага карата сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Бирок Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаев сот андан эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат алып, суракка келип турууга милдеттендиргенин билдирди:

«Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар деген негизде Нарын облусунун прокурорунун орун басары, мурдагы атайын прокурор кармалган. Бөгөт чарасы катары эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат алынып, суракка келип турмай болду. Бөгөт чарасы 26-июнга чейин белгиленди. Азыр ага байланыштуу тергөө амалдары жүрүп жатат».

26-июнга чейин камакка алынган Аида Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттык» радиосуна айткан:

«Прокурорлор дарыгер болбогондон кийин барып анализ алып, текшербейт да. Эгерде корутунду турса, ага ЖАМК ишенип жатса... Прокурорлордун талабы менен да комиссия болгонун мага айтышты. Ушул маселелердин баары айтылгандан кийин Батукаев маселеси парламентте каралганда мен «прокурорлордун иш-аракети мыйзамдуу болгон» деген элем. Башында кандай айтсам азыр деле оюм өзгөргөн жок».

Салянова: Батукаевдин бошогонуна тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:33 0:00

Депутаттык комиссиянын аткарылбаган сунушу

2013-жылы эки жарым ай иштеген депутаттык комиссиянын корутундусунда «премьер-министр 30 күндүн ичинде коопсуздук жана күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматтан бошотуу тууралуу сунушун президентке жөнөтүшү керек» деп айтылган.

Ошондой эле өкмөт башчы менен президентке ЖАМКтын башчысы Зарылбек Рысалиевди, ички иштер министринин орун басары Фуркат Үсөновду, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованы, Гематология институтунун илимий борборунун жетекчисинин орун басары Макимбетовду, ЖАМКтын башчысынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди, ушул эле кызматтын өкүлү Асановду, Нарындагы Батукаев бошоп кеткен тергөө абагынын жетекчиси Касымалиевди жана анын кызматкери Абылгазиевди, атайын прокурорлор М.Акматалиев менен К.Жуматаевди кызматтан алуу сунуш кылынган.

Ал эми Соттор кеңешине Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовду тезинен кызматтан алуу жөнүндө сунуш киргизилген. Жогорудагылардан тышкары, акыйкатчы Турсунбек Акунду да ээлеген кызматынан бошотуу ишин Жогорку Кеңеш тезинен караш керек экендиги белгилеген.

Бирок депутаттык комиссиянын сунуш-талаптары дээрлик аткарылган эмес.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

Атап айтканда, быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин бул ишти калыс иликтеп берүү тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Батукаевдин маселеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын маалымдаган.

Ошондон көп өтпөй бул ишке тиешеси бар деген адамдар камакка алына баштады. Азыр суракка чакырылып жүргөндөрдүн арасында Зарылбек Рысалиев өзү да бар. Ал 7-июндагы сурак учурунда саламаттыгы начарлап, «Тез жардам» чакырылып, ооруканага түштү.

Коомчулукта да «Батукаев бошоп кеткен учурда ЖАМКты жетектеп турган Рысалиевдин ролуна баа берилиши керек» деген да талаптар утур-утур айтылып келе жатат.

Зарылбек Рысалиев – «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал 2017-жылы шайлоо өнөктүгүндө бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп, экинчи талапкер Өмүрбек Бабановду сындап турган.

Генералга депутаттык мандат шайлоодо үгүт өнөктүгү кызып турган учурда, 4-октябрда берилген. Муну ошол кезде коомдук-саясий чөйрө Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон Өмүрбек Бабанов жетектеген «Республика - Ата Журт» фракциясын ичинен ыдыратуу максатын көздөгөн бийликтин саясий жүрүшү катары баалаган.

Зарылбек Рысалиев 2010-жылдан кийин ички иштер министри болуп турган учурда «Ата Мекен» партиясынын айрым депутаттарын талоончулук боюнча да айыптап, партия лидери Өмүрбек Текебаев менен да парламентте кызыл чеке болуп талашып-тартышканы белгилүү.

Азиз Батукаевдин иши боюнча алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

Бул иш боюнча 21-майда кармалган мурунку вице-премьер-министр Шамил Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал 7-июнда үй камагына чыгарылды.

ИИМ.
ИИМ.

«Адвокаттын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү маалында Ш. Е. Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди. Буга байланыштуу аны камакта кармоо тууралуу бөгөт чарасы башкага өзгөртүлдү», - деп айтылат ИИМдин расмий маалыматында.

Элди дүрбөткөн балдардын урушу

Бишкектин айланасындагы Төмөнкү Орок жана Жаңы-Жер айылдарында 5-июнда жаштар арасында уруш чыгып, ал элдин талабы менен жөнгө салынды.

26 улуттун өкүлү жашаган Жаңы-Жер айылынын жаштары «нааразылык жараткан ар бир ишти тартип коргоо органы кылдат иликтеп, коррупциялык аракетке жол бербесин» деген талап коюшса, Төмөнкү Орок айылындагылар жаштар арасында боло жүргөн пикир келишпестикке көз жумбай, аны мыйзам чегинде жөнгө салып туруу зарылдыгы бышып жетилгенин белгилешти.

Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында кыргыздардан тышкары түрк улутундагылар да жашайт. 6-июндагы жолугушууда эки тарап тең мыйзам бузгандар жооп бериши керек деген тыянакка келген. Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, чогулган эл ушундай шарт менен тарады.

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

«Түрк туугандар да, кыргыздар да келишти, - деди ассамблеянын башчысы. - 15 чакты үйгө таш ыргытылган экен, ошол чыгымды ким келтирсе, ордун толтуруп бермей болду. «Ал эми бейбаштык кылган балдар мыйзам боюнча жооп бериши керек» дешти. Аны жашырып койгон болбойт».

5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жеткирилип, бири нейрохирургия бөлүмүнө түшкөн. Бул күнү жаалданган айрым тургундар айылдагы үйлөрдүн айнектерин талкалаган. Ушундан кийин укук коргоо органдары 31 адамды кармап, кайра кое берилди.

Эки элди ынтымакка чакырган жолугушууга Кыргызстандагы түрк диаспорасынын өкүлү Атамша Дурсунов да катышты.

«Мыйзам деген бар, - деди ал. - Ким мыйзамды бузса, жооп бериши керек. Биз сүйлөшүп, келиштик. Мен айылдын тургундарына, аксакалдарга ыраазычылык айтам. Ачуусу тараганда, баары бир пикирге келет деп ишенем. Биз бул жерде жашап жатканыбызга 75 жыл болду, аталарыбыз «ынтымакта жашагыла» деп айтып кеткен. Улут аралык ынтымак бузулбасын деп тилеп жашап келебиз».

Ороктуктар ынтымакты бекемдейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

5-июнь, айт күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыккан. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов 7-июнда «Азаттыктагы» маегинде Сокулуктун чыр чыккан Жаңы-Жер жана Төмөнкү Орок айылдарындагы кырдаалга өз баасын берди:

«Абал чынында жакшы эмес. Мурдагы күнү, кечээ түнү менен жүрүп кармалган кыргыз балдарды чыгардык. Бүгүн кармалган күрд балдардын 14 жаштагысын чыгарып койсо, ага Ороктогу жаштар нааразы болуп чогулуп жатышат. Мен азыр силерден чыгып алып дагы Орокко барам. Андан тышкары Жаңы-Жерде да мушташ болуп кетти, билесиңер. Негизи коомдо кандайдыр бир чыңалуу бар. Орокто эмне үчүн бар? Анткени ошол жердеги эки-үч бала көптөн бери мыйзам бузуп, анча-мынча кишилерди уруп жүргөн экен. Жергиликтүү аялдар «ал балдарды милиция такай кое берип жиберет» деп даттанышты. Милициянын башчысын чакырсам, «таяк жегендер өздөрү жазган арыздарын кайтарып алышат, ошентсе анан иш токтойт да» деди. Ошондуктан чынында бул абал токтогон жок. Чыңалуу дагы эле бар».

Ороктогу окуя боюнча өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналисттерди тандап, сырткы келбетине карап мамиле кылышы бир сыйра чуу жаратып, анын кызматтан кетишин талап кылгандар да болду. Ал Сокулуктагы окуяны чагылдырганы барган журналист кыздардын бирине «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп келеке кылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин кароого убада берди. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдиргендей, ал «жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул окуя бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын» өкүнүү менен белгилеген.

Туйгунаалы Абдраимов: Кызматтан кетпейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:07 0:00

Ороктогу окуядагы аракетине байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыратты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого чакырып, ал боюнча Түркияга нота берди. Нотада 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин барышы ички ишке кийлигишүү катары бааланган.

5-июндун кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Чүйдүн Төмөнкү Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан.

Анкара Бишкекке элчинин иши боюнча нота менен жооп кайтарганын «Анадолу» агенттиги билдирди.

Маалыматта 7-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылганы айтылат. Нотаны элчиге министрдин жардамчысы Седат Өнал тапшырган.

Анда элчи өз милдетин аткарганы, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпегени жазылган.

Кытай менен Орусияны жакындаткан саясат

Бул жумада Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Орусияга келип кетти. 5-июнда Кремлдеги жолугушууда Владимир Путин менен Си Цзиньпин эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө убада берди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Орусия менен Кытай глобалдык жана аймактык маселелерде да Батыш мамлекеттеринен айырмаланып, дайыма бири-бирин колдоп добуш берип келе жатканы маалым.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Биз учурдагы аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулаганда көпчүлүк учурда Орусия менен Кытайдын көз караштары дал келерин же абдан жакын экенин көрүп жатабыз», - деди Владимир Путин.

Вашингтон жана Батыш менен мамилелери чыңалып турган чакта Орусия менен Кытай өз ара байланыштарын бекемдөөгө умтулуп жатышат.

Си Цзиньпин өз мамлекеттик сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык экономикалык форумдун ардактуу коногу да болду. Ал эми Владимир Путин форумдагы сөзүндө АКШны «өзүнүн юрисдикциясын бүтүндөй дүйнөгө жайылтууга аракет кылып, соодадагы жана кадимки согушту тутандыруу тобокелчилигине барып жатат» деп айыптады. Путин эгер эл аралык нормалардын ордун бир өлкөнүн же таасирдүү мамлекеттер тобунун эрежелери баса турган болсо, «глобализациянын универсалдуу модели» маңызын жоготоорун айтты.

«Мындай модель мамлекет аралык байланыштын логикасына гана каршы келбестен, келечектеги кыйынчылыктарга каршы турууга да көмөкчү боло албайт», - деди Путин.

Ал ошондой эле АКШны «өзүнүн улуттук валютасын башка мамлекеттерге басым көрсөтүш үчүн колдонуп жатат» деп да күнөөлөдү.

Мындан бир күн мурун Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Тереза Мэй жана АКШнын президенти Дональд Трамп - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында негизги Батыш өнөктөштөрүнүн азыркы лидерлери – Нормандияга 75 жыл мурда болгон окуяны эскериш үчүн келишти.

Орусиянын президенти Владимир Путинге быйыл чакыруу берилген эмес. 2014-жылы ал 70 жылдыкка катышкан.

1944-жылы 6-июнда Англиянын түштүгүндөгү Портсмут шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн «Нептун» операциясы болгон. Бул күнү АКШ, Британия, Канада баштаган бир катар өлкөлөр фашисттер көзөмөлгө алган Франциянын Нормандия аймагына өз күчтөрүн жайгаштырган.

«Биздин даңктуу бирикмебиз согуш талаасында түзүлүп, аскердик сыноолордон өткөн. Биздин тамырыбыз ажырагыс. Бүгүн биз бул ыйык жерде туруп, биздин элдер дайыма күчтүү жана ынтымакта болот деп убада беребиз. Биз дайыма бирге болобуз. Биздин адамдар дайыма кайраттуу, биздин жүрөктөр ишенимдүү, ал эми биздин балдар, алардын балдары дайыма эркин болушат», - деди Дональд Трамп эскерүү учурунда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG