Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Аида Салянова камакта калды (видео)


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту Салянованын бөгөт чарасын караган отурумда кабыл алды. Анын жактоочусу сотто Салянованы үй камагына чыгаруу боюнча негиздүү жүйөлөр келтирилгени менен сот аны эске албаганын айтты.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу «Коррупцияга» айыпталып жатат. Анын тарапташтары соттун чечимин «саясий буйрук» деп баалашты.

«Оор кылмыш үчүн так далилдер болушу керек»

Райондук сот Аида Салянованы камакта калтыруу чечимин 5-июнда кабыл алды. Сот жабык өткөндүктөн жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген жок.

Анын адвокаты Рабига Сыдыкова Саляновага кайсы берене менен айып тагылып жатканын жана ага каршы ким көрсөтмө бергени тууралуу буларды айтты.

Рабига Сыдыкова.
Рабига Сыдыкова.

«Салянованын №1 тергөө абагына камалганы туура эмес. Мындай деңгээлдеги адамды камабаш керек болчу. Тергөөнүн «ал качып кетет жана күбөлөргө басым көрсөтөт» дегени да туура эмес. Ал тергөөдөн качпайт жана күбөлөргө басым көрсөткүдөй жогорку кызматта турган жок. Азыр «Коррупция» беренеси баарына эле колдонулуп калды. Бул берене өтө оор, анын экинчи бөлүмү менен 12 жылдан 15 жылга чейин жаза берилет. Аида Саляновага мурдагы атайын прокурордун бир көрсөтмөсү менен эле айып коюлду. Анда эч кандай далилдер жок. Мындай оор кылмыш үчүн так далилдер болушу керек».

Сыдыкова сотто Салянованын төрт жаштагы кызы бар экенин, андан тышкары киши колдуу болуп каза болгон иниси Улан Саляновдун да жашы жете элек эки баласын карап жатканын белгилеп, аны үй камагына чыгарууну сураган. Ал ошондой эле «Улан Саляновдун ишинде саясий боёк бар» деп, Салянова бул иште жабырлануучу экенин, «анын камакка алынышы дал ушул ишке тиешелүү болушу мүмкүн» деп күмөн санап жатат.

Сот Салянованы камакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

Ал эми журналисттерге Салянованын өзүнөн комментарий алууга ал сотко кирип баратканда да, күч кызматкерлери аны соттон алып кетип баратканда да мүмкүн болгон жок. Аида Салянованын тарапташтарынын бири Каныбек Мырзаканов Салянованын №1 тергөө абагына камалышын ага карата басым деп баалады.

«№1 тергөө абагында Аида Саляновага өч болгон кылмышкерлер бар. Менин пикиримде ушул иштин баарын ойлоп чыккандар Салянованы ушинтип «сындырабыз» деп ойлоп жатышат окшойт. Эгер анын өмүрүнө коркунуч жаралса күнөөнүн бары азыркы президент, башкы прокурор, Жогорку соттун төрагасынын моюнунда болот».

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасынын эфиринде Салянованын «№1 тергөө абагына кармалышы боюнча пикири менен бөлүштү.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Мыйзамда мамлекеттик кызматта иштеген адамдар түз эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалсын деген талап жок. Эгер ишти УКМКнын тергөөчүлөрү тергесе өздөрүнүн убактылуу кармоо жайына камайт. Ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Башкы прокуратуранын же Финансы полициясынын тергөөчүлөрү тергесе №1 тергөө абагына кармалат».

Аида Салянова 3-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бергенден кийин кармалган.

Суракта Салянова мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештирилгени белгилүү болгон. Акматалиев да кармалып, бирок тергөө менен кызматташарын айткандан кийин үй камагына бошотулган.

Буга чейин Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин «Азаттыкка» айткан болчу. «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева Салянованын камакка алынышына кайсы бир саясий күчтөр кызыкдар деп эсептейт.

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

«Ар кандай саясий оюндар болуп кетти. Эми жактоочусу беш күндүн ичинде кийинки инстанцияга кайрылат. Биз бүгүн адилеттүүлүк болот деп ойлогонбуз. Бирок андай болбой жатат. Эгер мамлекетте адилеттүүлүк болбосо туруктуулук да болбойт. Ушуну биздин чиновниктер түшүнбөй коюшту. Батукаевдин ишине байланышкан көп адамдар бар. Алар бул ишке салым кошушкан. Эми ошонун баары четке чыгып, ишти Саляновага оодарып коюшту».

Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу иш быйыл жандандырылып, анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Ал Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган.

Серепчи Шаирбек Маматокторов Батукаевдин ишинин айланасындагы окуялар оюнча ой бөлүштү.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

«Саясатка аралаштырбай юридикалык тарабын карасак Аида Салянова кылмышкер Азиз Батукаевди бошотуп жиберген топко тиешеси бар экени аныкталган. Андан сырткары Турсунбек Акундун, Зарылбек Рысалиевдин тиешеси бар экени белгилүү болуп калды. Эгер «Аида Салянованын баласы бар» деп аны аясак, Азиз Батукаев өлтүргөн биздин жарандардын да балдары ата-энесиз калганын эске алыш керек. Албетте жыгылган кишини тепкилебеш керек. Бирок мыйзам бардык жерде бийик болуш керек».

2013-жылы убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынан бошотулса, айрымдары тескерисинче көтөрүлгөн.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу быйыл жанданган ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG