Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалды (видео)


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилерин айтты.

Анын сөзүнө караганда, Саляновага каршы мурдагы атайын прокурор көрсөтмө берген. Ал да кармалып, бирок тергөө менен кызматташарын айткандан кийин үй камагына бошотулган.

Ал арада Аида Саляновага бүгүн, 4-июнда «Тез жардам» чакыртылып, кардиологдор тобу анын жүрөгүн текшергени маалым болду. Жыйынтыгында дарыгерлер Салянованын «жүрөгүнө коркунуч жок» деген тыянакка келишкен. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, аталган борбордун кызматкерлери Салянованын абалынан бүгүн эртең менен кабар алышкан.

Убактылуу кармоочу жайга кирип чыккан борбордун өкүлү Гүлбарчын Ормонбекованын айтымында, алгач терапевт-дарыгер Салянованы карап, анын жүрөгүн текшерүүнү сунуш кылгандан кийин милиция кардиологдор тобунан турган «Тез жардам» чакырган. Мурдагы депутат кармоо шартына жана кызматкерлерге карата эч кандай арыз-муңу жок экенин, бирок өзүн начар сезип жатканын билдирген.

«Салянова «кыйноо, катаал мамиле болгон жок» деди. «Кардиолог-дарыгер келсе» деген өтүнүчүн айтты. Кардиолог биздин көзүбүзчө келип, карады. Кардиограмма жакшы, таза чыкты. «Кабырга арасындагы невралгия» деп, ошого каршы дары жазып берди», - деди Ормонбекова.

Ал эми Аида Салянованын апасы Майрам Жусупова кызынын күнөөсү жок экенин айтып, президентке кайрылды. 4-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ишти терең иликтеп, адилет кароону сурады.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак бергенден кийин 48 саатка кармалган. Салянова суракка 3-июнда түшкү саат үчтө чакырылган.

Салянова камалгандан кийин ИИМдин алдында анын кыркка жакын тууганы, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана эркин депутат Жанарбек Акаев келишкен.

Суракта Салянова мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештирилген.

Буга чейин Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин «Азаттыкка» айткан болчу.

2013-жылы убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссия Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган. Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынан бошотулса, айрымдары тескерисинче көтөрүлгөн.

Салянова: Батукаевдин бошогонуна тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:33 0:00

Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады. Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG