Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Генерал сурактан ооруканага түштү


Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу сурак берип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы начарлап, инсульт алуу коркунучу менен ооруканага жаткырылды.

Ал арада №1 тергөө абагында отурган, Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп шектелген онколог-дарыгер Эмил Макимбетов да №47 колониядагы ооруканага түшкөнү белгилүү болду.

Кримтөбөл Батукаев өлкөдөн 2013-жылы чыгып кеткен. Ал мезгилде Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган.

"Кан басымы көтөрүлдү"

7-июнда Рысалиев Ички иштер министрлигинде (ИИМ) Батукаевдин иши боюнча 10 саатка жакын сурак берген. Бир катар маалымат каражаттары кабарлагандай, тергөөчү депутат Рысалиевди 48 саатка камакка алууга протокол түзгөн маалда ал эс учун жоготуп кулаган.

Рысалиев Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканага жаткырылган. Атайын оорукананын директору Гүлмира Баитова “Азаттыкка” буларды айтты:

Гүлмира Баитова
Гүлмира Баитова

«​Азыр реанимацияда жатат. Инсульт алганбы же инсульт алуу коркунучу жаралганбы, аны азыр МРТнын (магниттик-резонанстык томография - ред.) жыйынтыгы көрсөтөт. Ал кант диабети менен ооруп жүргөн жана кан басымы жогору экен. Ал 2015-жылы жана 2018-жылы инсульт болгон. Азыр абалы оор. Ал инсульт албаган күндө да бери дегенде 10-14 күн ооруканада жатышы керек. Инсультка алып келүүчү эки илдети бар – үчүнчү даражадагы гипертония жана кант диабети».

Рысалиев ушул эле күнү кечке жуук абалы жакшы экенин “Супер Инфо” маалымат порталына билдирди. “Кан басымым көтөрүлүп кетиптир. Азыр абалым жакшы эле” деп кабарчынын суроосуна телефондон жооп берди.

Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Наргиза Куватова көзөмөл органы Рысалиевди камакка алуу санкциясын чыгарбаганын кабарлады.

Буга чейин Рысалиевдин кеңешчиси болгон Калыбек Качкыналиев Батукаевдин иши боюнча камакка алынган.

Айрым саясатчылар Батукаевди өлкөдөн чыгарып кетүүдө Рысалиев чоң ролду ойногон деген пикирди карманып келишет. Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева буларды айтты:

Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева

«Албетте, Рысалиевдин ролу абдан чоң, себеби анын кол алдындагы адамы Качкыналиев Батукаевди аэропортко чейин жеткирип барганы мыйзамсыз болгон. Рысалиев жакында эле “мен генералмын, мен ооруган жокмун, жерге жата калып көнүгүү жасайм” деп жүрбөйт беле. Кантип эле бир заматта ооруп калсын? Аида Салянова кичинекей баласы болсо да башын өйдө көтөрүп басып жүрөт. Эки кишинин жүрүм-турумунан эле ким чындыкты, ким калп айтып жатканын билиш керек. Ошондуктан мен Рысалиевдин күнөөсү бар деп ойлойм».

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагына 26-июнга чейин камакка алынган.

Сот Салянованы камакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

​Ал арада Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу ачылган кылмыш иши боюнча №1 тергөө абагында жаткан онколог-дарыгер Эмил Макимбетовдун да абалы начарлап, №47 колониядагы ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

Онколог бир жумадан бери түрмөдөгү ооруканада жатканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” ырастады:

«Эмил Макимбетовдун жактоочусу анын кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу аны догдурлардын көзөмөлүнө алуу үчүн №47 абакка которууну суранган. Негизи СИЗОго түшкөндө жөнөкөй адамдын деле кан басымы жогорулап кетет. Бирок инфаркт алуу коркунучу бар дегени чындыкка туура келбейт. Абалы жакшы эле».

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Анын абактан бошотулушуна байланыштуу иш быйыл жандандырылып, тергеп-иликтөө милдети ИИМдин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн.

Тергөөнүн алкагында «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов "тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн" маалымдады.

Ошондой эле мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Ал 2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG