Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Өкмөт өкүлүнүн өкүндүргөн жоругу


Туйгуналы Абдраимов.
Туйгуналы Абдраимов.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке кылган мамилеси социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Аткаминердин дарегине сын күчөп, кызматтан кетишин талап кылгандар да чыкты.

6-июнда журналисттердин демилгеси менен Чүй облустук администрациянын имаратындагы жолугушууда Абдраимов айткан сөзү үчүн өкүнбөй турганын билдирди жана айрым журналисттерди «чагымчылдыкка барып жатат» деп күнөөлөдү.

Туйгунаалы Абдраимов 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылган.

Активисттер «мамлекеттик кызматкердин этикасын» билбейт деп, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Абдраимовдун шөкөттөлгөн сүрөтүн социалдык тармактарга да жайылтып жиберишти. Акындар шакаба ыр жазышты.

Өкмөт өкүлүнө жакпай калган кабарчы маалымат агенттиктеринин биринде иштейт. Абдраимов «Ала-Тоо-24» каналынан башкаларга комментарий бербей турганын айтканда, кабарчы мунун себебин сурап, жемеге кабылган.

Журналист өзү окуя тууралуу пикир билдирүүнү каалаган жок. Бирок аны колдогон башка журналисттер тилектештик максатында Интернетке сүрөттөрүн жарыялап, өздөрүнүн эмес, бийликтин жүзүнөн уяла турганын айтып жатышат.

6-июнда бир топ кабарчылар Чүй облустук мамлекеттик администрациясына барып, аткаминердин журналистке кылган мамилеси боюнча Абдраимовдун өзүнөн комментарий алышты.

Өкмөт өкүлү кабарчынын суроосуна жараша жооп узатканын, кечирим сурабай турганын билдирди:

«Ага «өңүң жакпайт» деп айттым. Анын өңү мага, меники ага жакпайт. Бул деген турмуш. Кечирим сурабайм. Ал кыз мага катуу айтты, мен жооп берип койдум».

«Этиканы билесизби?» деген суроого «жок, этикатканы билбейм» деп жооп берген Туйгунаалы Абдраимовду сындап, кызматтан кетишин талап кылгандардын арасында журналисттерден, активисттерден тышкары саясатчылар, серепчилер да бар.

Этикалык жүрүм-туруму аша чапкан мамлекеттик кызматкерге чара көрүлүшү керек деп эсептегендердин бири - эксперт Даниел Кадырбеков.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

«Коом талап кылып, мындай сексист, ой жүгүртүүсү чектелүү кишилерди бийликке жакын жолотпогонго аракет кылышы керек, - дейт ал. - Аялдын келбетине асылуу туура эмес, бул үчүн чара көрүлүшү кажет. Биздин мамлекетте адамдын жынысына, расасына карап бөлүү болбошу керек. Журналисттин суроосунан качып, аны басмырлаганы кечиримсиз жорук».

Саясат талдоочу Акылбек Сариев бардык жоопкерчилик өкмөт башчынын моюнунда экенин белгиледи:

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

«Премьер-министр аны өзүнүн командасына алып келип, аткаруу бийлигинин башында тургандан кийин кызматкерлердин жоругуна да жооптуу. Өкмөттүн аброюн сактап калууну ойлонушу зарыл».

Өкмөт башчынын басма сөз кызматы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяга өкүнүп турганын, мындай жорук аткаруу бийлигине көө жабарын билдирип, жагдай териштирилгенден кийин баа берилерин кабарлады.

Ал арада Туйгунаалы Абдраимовдун иш кеңсесине барып, суроолор менен жарга такаган журналисттерди да «аша чаап кетишти» деп сындагандар чыкты.

Ишкер жана блогер Элан Абдыкеримов «Азаттыкка» мындай оюн айтты:

Элан Абдыкеримов.
Элан Абдыкеримов.

«Өкмөт өкүлү туура эмес сүйлөдү, катасын мойнуна албай жатат, мен аны актагым келбейт. Бирок азыр маселе башка - бул окуя коомдун бийликке жек көрүүсүн көрсөтүп жатат. «Кетсин-кетсин» дегенге өттүк. Абдраимовдун окуясы хайпка айланды. Бул биздин коомдун, бийликтин азыркы абалынын чыныгы жүзү. Журналисттер деле ошол кишинин жоругун гана күнөөлөп отуруп калбай, ушундай абалга жетүүнүн себептерин да талдаганы дурус».

Кыргыз саясатчыларынын арасында журналисттерди зекиген, кагып-силккен учурлар буга чейин да болгон. Жогорку Кеңештин депутаттары Жылдыз Мусабекова, Тазабек Икрамов өңдүү саясатчылардын кабарчыларга кылган орой мамилесин буга мисал келтирсек болот.

Дүйнөдө мындай көрүнүштөр башка өлкөлөрдө да жолугат. Журналисттерди басмырлаган саясатчылардын катарында орусиялык депутат Жириновский, Зимбабвенин президенти Мугабе, Таиланддын өкмөт башчысы Прайд Чан жана башкалар бар.

«Freedom House» эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөздүн абалын талдаган акыркы баяндамасында журналисттер саясатчылардын дооматына, оозеки жемесине кабылган учурлар көбөйүп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, эч ким жынысы, жашы, тили жана башка өзгөчөлүктөрү үчүн басмырлоого кабылбашы керек. Ар бир адам маалымат алууга акылуу. Журналисттин турпаты жакпай калганы үчүн аткаминер ага жооп бербей койсо болорун негиздеген мыйзам жок.

«Медиа өнүгүү борбору» облус башчысынын такмазасына кабылган кабарчыны колдоп билдирүү таратып, Абдраимов расмий кызмат адамы экенин эске салды. Анда өкмөттүн өкүлүнүн жоругу Конституциянын, «Журналисттин кесиптик ишмердиги жөнүндө», «Мамлекеттик мекемелерде, жергиликтүү бийликтерде маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу жана ага кепилдик берүү жөнүндө» мыйзамдардын, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин этикалык кодексинин эрежелерин бузганы эскертилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG