Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:12

FH: Дүйнөдө медиага кысым күчөдү


Мьянмада мамлекеттик сырды ачыкка чыгарды деп айыпталып, түрмөдө отуруп чыккан журналист Ва Лон. 3-сентябрь, 2018-жыл.
Мьянмада мамлекеттик сырды ачыкка чыгарды деп айыпталып, түрмөдө отуруп чыккан журналист Ва Лон. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Бийликти колдон чыгаргысы келбеген саясий лидерлер эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнүн жаңы жолдорун өздөштүрүп жатышат.

Бул тууралуу «Freedom House» уюму (FH) дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын талдаган жаңы баяндамасында билдирди. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Freedom House» уюму 5-июнда жарыяланган баяндамасында дүйнөдө саясий укук жана жарандык эркиндик сыяктуу эле басма сөз эркиндиги да барган сайын көбүрөөк чектелип жатканын белгиледи.

«Эркиндик жана медиа» аттуу бул баяндамада дүйнөдө медиа эркиндиги соңку 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлинде экени айтылат. Буга авторитардык өлкөлөрдөгү гана эмес, демократия калыптанып калган мамлекеттерде да эркин маалымат каражаттары бутага алынып жатканы себеп болууда.

Маселен, соңку беш жыл ичинде дүйнөдөгү «эркин» деп мүнөздөлгөн 16 мамлекетте басма сөз эркиндигинин көрсөткүчү начарлаган. Европада ар бир беш мамлекеттин төртөө «эркин» деп эсептелсе да, медиа эркиндиги орто эсеп менен 8 пайызга төмөндөгөн.

«Freedom House» уюмунун жаңы баяндамасында баса белгиленгендей, дүйнөдө бир катар лидерлер өз бийлигин колдон чыгарбаш үчүн өз алдынча маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнүн жаңы жолдорун да өздөштүрүп жатат.

«Freedom House» уюмунун дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын көрсөткөн картасы.
«Freedom House» уюмунун дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин абалын көрсөткөн картасы.

Башкача айтканда журналисттер эми ур-токмокко же коркутууга гана эмес, барган сайын саясатчылардын дооматтарына, оозеки жемесине жана өкмөткө ыктаган басылмалардын чабуулуна да кабылууда.

«Соңку бир канча жылдан бери түрдүү ыкмалар камтылган жаңы колдонмо пайда болду. Демократия толук калыптана элек өлкөлөрдөгү либералдуу эмес лидерлер өз бийлигин бекемдөө максатында бул ыкмаларды ЖМКны көзөмөлдөө жана аны башка нукка буруу үчүн колдонуп жатышат», - деп белгиленген баяндамада.

Маселен, Венгриянын лидери Виктор Орбандын бийликтеги «Фидес» партиясы өлкөдөгү медиага көзөмөлүн орноткону, өкмөттүн расмий билдирүүлөрү менен дезинформация жуурулушуп кеткени белгиленген.

«Freedom House» уюму Сербиянын өкмөтү салык кызматын медиа каражаттарына кысым көрсөтүш үчүн колдонуп жатканын, бул өлкөдө бир катар медиа каражаттары бийликке жан тарткан адамдардын колуна өткөрүлгөнүн да мисал келтирген.

Ошондой эле Кытайдын Коммунисттик партиясы чет өлкөлөрдөгү маалымат каражаттарына да таасир этип жатканы, расмий Бээжин сынчыл көз караштагы адамдарга кысым көрсөтүү жана кайсы бир маалыматтын убагында таратылышына тоскоолдук кылуу менен жаңылыктардын агымын да көзөмөлдөп жатканы «Freedom House» уюмунун баяндамасында белгиленген. Кытайдын мындай аракети Африка чөлкөмүндө өзгөчө байкалган.

«Ал бул аракетин өз билдирүүлөрүн чет жакка «экспорттоп», аларды элге жеткирүүчү маалымат каражаттарын издөө аркылуу ишке ашырууда. Ошондой эле журналисттерге жана дипломаттарга, медиа каражаттарынын кожоюндарына кысым көрсөтүп, Бээжиндин атынан цензура жүргүзүүнү талап кылууда», - деп билдирди «Freedom House» уюмунун өкүлү Сара Репуччи «Америка добушу» радиосундагы маегинде.

Дүйнөдөгү демократиянын жана басма сөз эркиндигинин абалына байкоо салган уюмдун мындай билдирүүсүнө Бээжин жооп бере элек.

Венгриянын президенти Виктор Орбан менен Сербиянын мамлекет башчысы Александр Вучич. 26-март, 2018-жыл.
Венгриянын президенти Виктор Орбан менен Сербиянын мамлекет башчысы Александр Вучич. 26-март, 2018-жыл.

«Freedom House» уюму бир кишинин бийлиги өкүм сүргөн өлкөлөрдө өз алдынча маалымат каражаттарын кысымга алуу мурдагыдай эле уланып жатканын, мындай шартта иштеген журналисттер арасында кооптонуу күч экенин кошумчалады.

Маселен, Беларуста 2018-жылдын декабрь айында «Медиа жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Интернет басылмалары салттуу медианын катарына кошулган. Мындай өзгөртүү буга чейин салыштырмалуу эркинирээк иштеп келген бир катар веб-сайттарга бөгөт коюуга жол ачкан.

«Freedom House» акыркы бир нече жылда АКШда да сөз эркиндиги кысымга дуушар болуп жатканына тынчсыздануусун билдирүүдө. Баяндамада айтылгандай, Кошмо Штаттарда медианын эркиндигин коргогон мыйзамдар дагы эле күчтүү болсо да, президент Дональд Трамптын айрым маалымат каражаттарын жана журналисттерди жемелегени элдин медиага болгон ишенимине кедергисин тийгизип жатат.

«Ири медиа каражаттары мындай чабуулдарга туруштук берип, ага каршылык көрсөтүп, лидерлерди жоопкерчиликке чакырган макалаларды жарыялоону улантып жатышат. Бирок жалпы нормалардын өзгөрүп жатканы бизди тынчсыздандырат. Биз мурдагы калыбыбызга кайта албай калышыбыз мүмкүн», - деди «Freedom House» уюмунун өкүлү Сара Репуччи.

CNN каналынын журналисти Жим Акоста, Ак үйдүн кызматкери жана президент Дональд Трамп. 7-ноябрь, 2018-жыл.
CNN каналынын журналисти Жим Акоста, Ак үйдүн кызматкери жана президент Дональд Трамп. 7-ноябрь, 2018-жыл.

«Freedom House» уюму негизинен АКШ өкмөтү тарабынан каржыланат. Анын соңку баяндамасы көрсөткөндөй, Кошмо Штаттарда калктын жарымынан бир аз көбү гана медиага ишенет. Италия менен Британияда калктын үчтөн бири, Түркия менен Орусияда төрттөн бири гана маалымат каражаттарына ишеним артышат.

Ошону менен катар соңку бир жылда дүйнөдө жакшы өзгөрүүлөр да болгон. Мисалы Арменияда, Малайзияда жана Эквадордо журналисттерге карата саясий кызым азайган. Эфиопия менен Гамбияда чет өлкөдөн иш алып барган журналисттерге акыры мекенине кайтууга уруксат берилген.

«Freedom House» уюму быйыл февраль айында жарыяланган «Дүйнөдөгү эркиндик - 2019» аттуу баяндамасында да Жер жүзүндө демократиянын абалы 13 жыл катары менен начарлап баратканын билдирген. Анда айтылгандай, соңку бир жылда саясий укуктар жана жарандык эркиндик чөйрөсүндө дүйнөдөгү 68 өлкөнүн көрсөткүчү начарлап, болгону 50 мамлекетте жылыш байкалган.

Бул уюмдун адистери Орусиядагы, Ирандагы, Азербайжандагы, Венгриядагы, Тажикстандагы, Түркмөнстандагы жана Өзбекстандагы жарандык эркиндиктин абалын сынга алышкан болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG