Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Будапештте нааразылык акциялары уланып жатат


Оппозициячыл кыймылдын төрагасынын орун басары Анна Доназ нааразылык акциясына катышып жатат. Будапешт, 16-декабрь, 2018-жыл.
Оппозициячыл кыймылдын төрагасынын орун басары Анна Доназ нааразылык акциясына катышып жатат. Будапешт, 16-декабрь, 2018-жыл.

Венгриянын баш калаасында премьер-министр Виктор Орбандын оңчул өкмөтүнүн саясатына каршы нааразылык акциялары бешинчи күн катары менен уланды.

17-декабрдын кечинде миңдей адам, алардын арасында парламенттеги оппозициячыл партиянын бир нече депутаты мамлекеттик MTVA телеканалынын алдына чогулуп, "Биз кетпейбиз", "Алар күнү-түнү калп айтып жатышат" деген ураандарды чакырып жатышты.

Ал эми депутаттар түз эфирге чыгып, нааразылыкка чыккандардын талаптары камтылган петицияны окууга аракет кылышканда, тартип сакчылары аларды күч менен имараттан сүрөп чыгышты.

Венгрияда нааразылык акциялары 12-декабрда, Эмгек кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенде башталган. Кодекстин жаңы жоболору иш берүүчүлөр өз кызматкерлеринен бир жыл ичинде 400 саат ашыкча иштеп беришин талап кылышына уруксат берет.

Профсоюздар аны "кулчулук мыйзамы" деп атап жатышат. Жекшембиде Будапешттин көчөлөрүнө 15 миңдей адам чыккан. Демонстрациялар Венгриянын башка шаарларында да өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG