Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Венгрияда Орбандын өкмөтүнө каршы демонстрациялар өттү


Будапешттеги демонстрация, 16-декабрь, 2018-жыл.
Будапешттеги демонстрация, 16-декабрь, 2018-жыл.

Венгриянын борбору Будапештте төртүнчү күн катары менен болгон демонстрацияга ушул жекшемби күнү миңдеген адамдар чыкты.

Алар парламент Эмгек кодексине өткөн аптада киргизген өзгөртүүлөргө каршы чыгып жатышат. Кодекстин жаңы жоболору иш берүүчүлөр өз кызматкерлеринен бир жыл ичинде 400 саат ашыкча иштеп беришин талап кылышына уруксат берет.

Солчул багыттагы оппозициячыл партиялар, студенттик уюмдар, кесиптик кошуундар жекшембидеги демонстрация учурунда жаңы мыйзамдын жокко чыгарылышын талап кылышты.

Венгрияда жакында жарандардын шайлоо укуктарын, нааразылык акцияларын, коррупциялык иштерди карай турган жана өкмөткө жооп берүүчү административдик соттор тууралуу мыйзам да кабыл алынган.

Бийликтин оппоненттери жаңы мыйзамдар бийликке 2010-жылы келген премьер-министр Виктор Орбандын бийлигинин тушунда өлкөнүн демократиялык институттары бузулганынын далили деп эсептешет. (UE)

XS
SM
MD
LG