Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Үч бийликтин даражасы, этиканын эрежеси


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Буга чейин Жогорку Кеңеш өкмөткө карата «укуктук ченемдеринен аша чаап жатат» деген сынга кабылып келсе, эми Жогорку соттун парламентке жыл сайын отчет бериши Баш мыйзамга каршы келери айтылууда.

Кыргызстандагы бийлик бутактарынын тең салмактуу, көз каранды эмес иштеши үчүн эмне кылыш керек?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова катышты.

«Азаттык»: - Алмамбет мырза, мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештердин иши менен азыркы парламенттин иштерин салыштырганда башка бийлик бутактары менен кандай иштеп жатат, өз ыйгарым укуктарын сактап жатабы?

Алманбет Матубраимов.
Алманбет Матубраимов.

Алмамбет Матубраимов: - Мурдагы жана кийинки парламенттин ишин бир жактуу салыштырууга болбойт. Ар бир чакырылыштын өзүнүн өзгөчөлүгү, тарыхый, саясий шарты бар. Биз иштеген убакта парламент эки палаталуу болчу, Жогорку Кеңештин депутаттары совет заманынын жакшы баалуулуктары менен өсүп-чоңойгон, кадр катары такшалган, тажрыйбалуу, билимдүү адамдар эле.

Парламенттин сапаты жөнүндө айтканда Т. Усубалиев, А. Масалиев, Ч. Айтматов, 12 академик, көп кызмат тепкичтеринен өткөн 11 мурунку министрлер ж.б. аттуу-баштуу кишилер отурушканын айтсам жетиштүү болор.

Мамлекеттин түптөлүшү үчүн өтө маанилүү документтерди кабыл алганбыз. Биз иштеген Жогорку Кеңеш КМШда биринчилерден болуп кыргыз сомун кабыл алган. Эң негизгиси - бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү болгон эмес. Кооптуу, катаал мезгилдин жоопкерчилигин өзүбүз мойнубузга алганбыз.

Азыр кандай? Эң башкы айырмасы - мурдагы чакырылыштарга караганда азыркы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары өтө жогору. Ошондон пайдаланып кээде өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетип жатышат. Өкмөттү, Башкы прокуратураны, Улуттук банкты чакырабы, алардын өкүлдөрүнө одоно, кемсинткен мамиле кылгандарын көрүп калабыз. Жогорку соттон чакырып алып, сот процессинде берилчү суроолорго чейин беришет.

«Азаттык»: - Клара айым, Жогорку сот «парламентке жыл сайын отчет берүү Конституцияга каршы келет, сот бийлигинин көз каранды эместигин жоготот» деп билдирүү таратты. Чындап эле бул жерде укуктук алешемдиктер барбы?

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова: - Бул жерде маселе отчет тууралуу эмес. Жогорку Кеңештин регламентинде «Жогорку сот маалымат берет» деп турат. Эгерде элдик суверендүүлүк принцибинен чыга турган болсок, анда бул туура эле норма. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары ошол маалыматты угуп жатканда да чектен чыкпаш керек. Алар Жогорку сот да Жогорку Кеңеш сыяктуу эле көз каранды эмес, өз алдынча бийлик бутагы экендигин түшүнүшү керек. Кайсы бир маселелер козголгондо такып, этикадан чыгып суракка албаш керек. Кээде чакырылган адамдардын инсандык сапаттарына чейин кийлигишип жатышпайбы.

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын мурда мыйзам чегинде эле өзгөртө бере турган болсо, азыр президент да өзгөртө албайт. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары Конституцияда даана, так жазылып турат, андан чыкпаш керек. Бийлик бутактарынын ортосунда сый мамиле болушу зарыл, «мыйзам чыгаруу бийлиги каалаганын кылат» деген туура эмес.

«Азаттык»: - Кенжебек мырза, буга чейин Жогорку Кеңеш «өкмөт менен иштешүүдө көп учурда өз укуктук ченемдеринен чыгып кетет» деп сынга кабыл келсе, эми Жогорку сот менен маселе чыгууда. Жогорку Кеңеште аша чабуу барбы?

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Кенжебек Бокоев: - Жогорку Кеңеш өкмөттөн отчет алат, анын курамын бекитет. Жогорку соттун курамын да парламент бекитет. Жогорку Кеңеш эл аркылуу шайланып келгенден кийин ушундай ыйгарым укуктар берилген. Жогорку сот бул убакка чейин деле парламентке отчет эмес, маалымат берип келген. Эми ал ошол маалымат бергенди оор көрүп жатышса, анда ал бийликтен ким сураш керек?

Жогорку Кеңеш соттун маалыматын угат, бирок баа бере албайт. Болгону ишти жакшыртыш үчүн депутаттар сунуштарын, сын-пикирлерин айтышат. Ал эми өкмөткө байланыштуу айрым министрлерге, чакырылгандарга карата депутаттардын одоно мамилелери конституциялык маселе эмес, алар жөнгө сала турган этикалык суроолор десем болот.

Сот бийлиги деле өз алдынча боло албай жатат. Жогорку соттун жетекчиси «Ак үйгө» чакырса жөн эле жүгүрүп бара калбашы керек. Анын ким менен, качан жолугары протокол менен чечилиши керек. Ар бир бийлик өз ордун билиши керек жана ага жараша өзүн алып жүрүшү керек.

«Азаттык»: - Алманбет мырза, эгер Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мыйзамдын, адамгерчиликтин чегинен чыгып жатса аларды тартипке сала турган механизм барбы? Этика комитети деген бар эле...

Алмамбет Матубраимов: - Албетте, депутаттарды да жоопкерчиликке чакырыш керек, алар үчүн да эреже, тартип болуш керек. Чектен чыккан депутаттарды этика комитетинде, жок дегенде өздөрүнүн фракцияларында карап ордуна койсо болот. Жогорку Кеңешти эл шайласа, анда элге отчет берсин. Азыр парламент да, президент да эч кимге отчет беришпейт.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Жогорку Кеңеш чектен чыктыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:12 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG