Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:40

Экс-президенттердин укугу чектелди


Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. Коллаж.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) төрагалык ишин токтотуп, партиянын мүчөлүгүнөн убактылуу кеткенин жарыялады.

Мындай чечим экс-президенттердин кол тийбестик макамын аныктаган мыйзам күчүнө кирерде кабыл алынды.

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койгон.

Мыйзам 27-майдан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, экс-президенттер мамлекеттик бийлик органдарында саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт, саясий партияларда жетекчи болууга же башка партиялык иштерге аралашууга акысы жок. Бул милдеттерди аткарбаган шартта экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоосу токтотулат. Мындай аракет башкы прокурордун сунуштамасынын негизинде президенттин актысы менен ишке ашат.

Бул мыйзам күчүнө кирер алдында экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү жетектеп келген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан убактылуу кеткенин жарыялады. Анткен менен партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жаңы ишке кирген мыйзамдагы экс-президенттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жобону жокко чыгарууну өтүнгөн арыз Конституциялык палатага даярдалып жатканын «Азаттыкка» билдирди:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Бул жобо Баш мыйзамга каршы келет деген негизде даярдалып жатат. Муну кароого убакыт кетет. Ошондуктан партиядагы мүчөлүктү убактылуу токтотуп, төрагалыкты орун басары Асел Кодурановага өткөрүп берди. Жол-жобого ылайык үч айдан кийин саясий кеңеш төраганы ротация кылууга же төраганын укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Атамабев саясаттан кеткен жок. Мыйзамда «саясат менен алек болууга тыюу салынат» деп жазылган жок. Демек экс-президент саясат менен алек болгонго, Кыргызстандын саясий турмушуна жигердүү катышканга укугу бар. Ал саясатта калды. Колун ушалап, «ушинтип Атамбаевди саясий талаадан чыгарып койсо болот» дегендер чоң жаңылышат. Анткени Атамбаевдин Кыргызстандын саясатында миссиясы бүтө элек».

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамга кирген жаңы өзгөрүүлөрдүн 12-беренесине ылайык экс-президент макамынан ажыратылгандан кийин гана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Экс-президентке карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирсе ушул беренедеги бардык кепилдиктер токтотулат. Мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту деп таануу сунушталып, ар-намысын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Мыйзамдын авторлорунун бири Исхак Масалиев мыйзам менен мамлекеттин каржылоосунда болгон экс-президенттерге шарт коюлуп жатканын белгиледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Каршы добуш берсем деле, менин сунушум өтпөсө деле бул бир кадам алдыга жылуу деп эсептесек болот. Мурдагы мыйзамда толук кол тийбестик болчу. Азыр Жогорку Кеңештин үчтөн бири сунуш кылса, үчтөн экиси добуш берсе, жоопко тартса болот. Ал жерде чектөө эмес, шарт болгон. «Эгер саясатка киришсең кирише бер, бирок анда мамлекеттик кепилдиктен ажырайсың» деген сөз. Анан «мага партияга караганда айлык, кайтаруу кымбатыраак» деп чыгып кетти. Партияны жетектебесе кандай саясат жүргүзөт? Расмий эмес көмүскө лидер болушу мүмкүн. Бирок бир жерде бир сүйлөп койсо, бирөөнү «бийлик үчүн күрөшөбүз» деп үгүттөп койсо - болду, макамдан ажырайт да».

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков экс-президенттер партияны жетектебей, мамлекеттик кызматты ээлебей туруп деле саясатка аралаша берет деген оюн ортого салды. Эл өкүлү бул мыйзам тоскоолдук кылыш үчүн эмес, коркутуш үчүн жазылган деп эсептейт.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Жеке пикиримде, бул мыйзам экс-президенттерди саясатка кийлигиштирбөө максатында, аларга тоскоолдук кылыш үчүн, «эгер ушул иштер менен алектенсең иш козгогонго да мүмкүнчүлүк бар» деп коркутуш үчүн жазылган болсо - бул иштебейт. Каалайбызбы же жокпу экс-президенттердин баары саясатта салмагы, коомдо өз орду бар. Кайсы бир иштер боюнча алар саясий көз карашын билдире алат. Бул турган иш. Бул үчүн жоопко тартууга эч мүмкүн эмес», - деди депутат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин юридика факультетинин ага окутуучусу Сания Токтогазиева мыйзамдын 11-беренесиндеги жобо мыйзам алдында коюлган укуктук принципке дал келбей турганын айтууда.

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

"Эмнегедир азыр коомчулук мыйзамдагы бир жобону, экс-президентти тартуу боюнча эле талкуулап жатышат. Бул норма көп деле көйгөй жаратпайт. Анткени президент болуп жүргөн кезде деле импичмент процесси боюнча жоопко тартуу шарттары бар болчу. Жаңы жобо ошонун эле логикалык уландысы болуп эсептелет. Мени, депутат Акылбек Жапаров сунуштаган жобо тынчсыздандырат. Анда Кыргызстандын экс-президентине саясий, мамелекеттик кызматтарды, партия жетектөөгө тыюу салынган. Бул жобо ар бир мыйзам алдында коюлган укуктук принципке дал келбейт. Анткени муну укуктук жана саясий контексттин негизинде анализдесек, бул норманын нейтралдуу эмес экенин көрсөк болот. Кагаз жүзүндө нейтралдуу көрүнгөн менен ишке ашыруу процессине келгенде конкреттүү бир адамдын, башкача айтканда Атамбаевдин саясатка аралашуу процессине бут тосуу максатында жазылгандай. Бул укуктук принципке дал келбейт. Андан сырткары Баш мыйзамдын 20-беренесине ылайык, конституциялык укуктарды чектөөдө ар бир мыйзам пропорционалдуулук принцибинде кабыл алынышы керек. Мындан сырткары мыйзамды экс-президенттердин сүйлөгөн сөзүндө саясат бар-жогун ким аныктай турганы белгиленген эмес. Исхак Масалиев муну президентке мандат берген Борбордук шайлоо комиссиясына берүүнү сунуштап жатат. Азырынча бул ачык маселе бойдон турат".

Негизи экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын тыянагы жарыяланганда көтөрүлгөн. Анда парламент кабыл алган токтомдо мурдагы президенттен мындай артыкчылыкты алып салуу боюнча мыйзам иштеп чыгуу каралган. Ошондон бери эле «бул мыйзам экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган» деген божомолдор айтылып келет. Эми аны айрымдар кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу менен да байланыштырып жатышат.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин өкмөт башчы да, депутат да болбой турганын, бирок өзү негиздеген партияны тазалап, 2020-жылдагы шайлоого даярдоого аракеттенерин айткан. Анткен менен 22-февралда «Медиа Форумда» өктөн басма сөз жыйынында КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партия жаңыланып жатканын белгилеп, Алмазбек Атамбаев 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катыша турганын, ал партиянын тизмесинде сап башына болорун белгилеген.

«Шайлоого катышат, катышканда да партиянын тизмесинин сап башында болот», - деген эле партия өкүлү.

Кыргызстандын эгемен тарыхында Сооронбай Жээнбековду кошкондо беш президент алмашса, анын алгачкы экөөнө - Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге экс-президент макамы берилген эмес. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге гана экс-президент деген макам берилип, алар мыйзамда көрсөтүлгөн артыкчылыктардан пайдаланып келет. Буга чейин Атамбаев КСДПны жетектеп келсе, Отунбаева эл аралык коомдук фонд ачып, билим берүү, аялдардын, балдардын укуктарын коргоо, экология багытында коомдук иштерди аткарып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (49)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG