Линктер

шаршемби, 26-июнь, 2019 Бишкек убактысы 07:45

КСДПнын кылычы кетилди


КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны. 25-май, 2019-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин беш жылга кесилиши боюнча КСДПнын саясий кеңеши коомчулукка кайрылуу таратты.

Партия жансакчыны камоо менен бийлик Алмазбек Атамбаевдин өзүнө коркунуч келтирүүгө аракет кылып жатат деп эсептейт. Ошол эле учурда жансакчы Дамир Мусакеевди «туура жаза алды» деп, мындан эч кандай саясат көрбөгөндөр да бар.

«Хандык-авторитардык системага кайтып баратабыз»

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев камакка алынганына байланыштуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Алмазбек Атамбаевди лидер катары тааныган мүчөлөрүнүн саясий кеңеши 25-майда жыйынга чогулушту. Жыйында Мусакеевдин камакка алынышын сындаган кайрылуу кабыл алышканын «Азаттыкка» кеңештин мүчөсү Адил Турдукулов кабарлады:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Дамир Мусакеевдин камакка алынышы Кыргызстанда кайрадан эле мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатканы - укук коргоо органдары жана сот системасы репрессиялык орган болуп калганын тастыктоочу прецедент болуп калды. Бул окуя Атамбаевдин өзүнө жана анын тарапкерлерине карата коркутуу, кооптуу белги берүү аракети болуп жатат. Эч кандай күнөөсү жок адамды деле ойдон чыгарылган айыптар менен камап коюуга болорунан кабар берген жагымсыз окуя. Бул хандык-авторитардык системага кайтып келе жатканыбызды көрсөтүп турат».

Мусакеев жана «тыңшоочу аппарат»

Партия жетекчисинин орун басары Кундуз Жолдубаева да Дамир Мусакеевди камоо менен бийлик экс-президенттин өзүнө коркунуч келтирүүгө аракеттенип жатат деген пикирде. Ал Мусакеевге сот чечими чукул чыгарылышын 24-майда ал аныктап чыккан тыңшоочу аппарат менен байланыштырды:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Анткени Мусакеев өзү деле тасмада «Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна коркунуч жаралып жатат. Анын коопсуздугун камсыз кылган адам катары балким мен аларга тоскоолдук кылып жаткандырмын» деп айтты. Бул сөздөрүн мурда да айтып жүрчү. УКМКнын экс-президенттин иш бөлмөсүнө тыңшоочу аппарат коюу аракетин да Мусакеев ачыкка чыгарып, коомчулукка жарыялап жиберди. Ушундан улам сот чечими чукул чыгып, аны камоону тездетип жиберишти деп ойлойм».

24-майда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын кеңешчиси Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюлганын жарыялаган эле. «КСДПнын мүчөсүмүн, «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн УКМКнын кызматкерлери «кызматташууга» мажбурлаганын, натыйжада экс-президенттин жана анын жансакчысы Дамир Мусакеевдин иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган тасманы КСДП өзү тараткан.

Тасмада ««Форумдун» IT кызматкеримин» деген адам УКМКнын кызматкери «экс-президенттин иш бөлмөсүнө орнот» деп бергени айтылган электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн. Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары баалаган.

Ошол эле күнү, 24-майда кечке жуук Бишкектин Свердлов райондук соту Атамбаевдин жансакчысы, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген айып менен соттолуп, сот залынан камакка алынды.

Дамир Мусакеевдин бул иши боюнча соттук отурум март айынан тартып жүрүп келе жаткан. Сот отуруму «жашыруун» деген грифттин алдында, жабык өтүп келди.

Коомдук резонанс

Дамир Мусакеев камакка алынгандан кийин анын туулган жери Тоң районунун Бөкөнбаев айылында тарапкерлери топтолуп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылышты. Эми алар нааразылык акциясын дүйшөмбү күнү улантышмакчы. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Акыйкат үчүн күрөш» кыймылынын төрагасы Айбек Жаңыбаев билдирди.

Учурда Мусакеевдин адвокаты Свердлов райондук сотунун ага карата чыгарган чечимин жокко чыгаруу аракетинде апелляциялык арыз даярдап жатат. Адвокат Темирлан Кожоакматов азырынча өкүмдүн көчүрмөсү колуна тие элек экенин маалымдады.

Дамир Мусакеевге бул ишинен тышкары Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде да иш козголгон. Ага Бишкекте тандалма батирлер, Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер тилкелери таандык экени айтылган. Ал өзүнө тагылып жаткан бардык айыптарды «карандай калп» деп четке каккан.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев кайсы берене менен айыпталган күндө да, Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратуу катаал чечим болду деген пикирде.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Менин көз карашымча өтө оор жаза чектеп коюшту, - дейт ал. - Эгер күнөөсү 100% далилденсе да, ага жазанын түрмөгө кесүүдөн башка жолун карап көрүшсө болмок. Биздин мамлекеттик кылмыш-жаза саясаты кылмыш жолуна кадам таштаган адамдардын санын көбөйтүү эмес, тескерисинче аларды артка кайтарып, нормалдуу жашоого алып келүү багытында болууга тийиш эле».

Ошол эле учурда жансакчыны укук коргоо жана сот тармагында экс-президент өзү түзүп кеткен системанын курмандыгы катары көргөн кишилер да бар. Алар Атамбаевдин тушунда саясий негизде камакка алынган адамдар арбын болгонун, айрымдары азыр да эркиндикке чыга элек экенин негиз кылышууда.

Ал эми саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалышында эч кандай саясат көрбөгөнүн билдирди:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Мусакеевдин иши чынында саясий себептерге байланышы жок. Ал өзү саясий фигура да эмес. Ошондуктан анын камалышында саясат жок. Атамбаевдин өзү үчүн жол ачык эле турат. Менин оюмча ал экөөнүн өз ара байланышы деле жок».

Атамбаев саясаттан убактылуу чегинди

Ал арада Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана курамынан кеткени кабарланды.

Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тартканын, анын ордуна төраганын орун басары Асел Кодуранова саясий кеңештин 25-майдагы жыйынында бир добуштан шайланганын «Азаттыкка» кеңештин мүчөсү Адил Турдукулов билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин партия жетекчилигинен убактылуу чегиниши экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзамга байланыштуу болду.

Экс-президенттер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.

Муну адам укуктарын бузуу деп эсептеген жана «Баш мыйзамга туура келбейт» деп жүйө келтирген КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков мыйзамды жокко чыгарууну өтүнүп, Конституциялык палатага кайрылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG