Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Апта: Саясатчылардын соту, Матраимовдун тою


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

3-майда Жогорку сот «Ата Мекендин» абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Жогорку соттун отурумунун токтомун судья Жаңыл Мамбеталы окуду:

«Соттолгон Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата мүлкүн конфискациялоо боюнча жаза бөлүгү алынып салынсын. Соттук актылардын калган бөлүгү өзгөртүүсүз калсын. Токтом акыркы жана даттанууга жатпайт».

Текебаевдин соту: өкүм өзгөргөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов сот чечимди жогору жактын көрсөтмөсү менен чыгарды деп эсептейт.

«Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн да мыйзамдар иштебегенин, адам укуктары сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаевдин, Чотоновдун, Жапаровдун иштери саясий, резонанстуу, коомчулуктун көңүлүн бурган, эл аралык институттарда каралып жатат. Бүгүнкү күнү сот мыйзамга баш ийбей, жогору жактын буйругу менен өкүм чыгарганын далилдеди. Бул саясий топтун чечими», - деди Шыкмаматов.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Кийин арыздануучу Леонид Маевский өзү ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн Орусияда камакка алынган.

Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу «Адилет» укуктук клиникасы быйыл 15-февралда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку сотко жиберген. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Текебаев боюнча сот чечиминин өзгөрүүсүз калышын мындайча чечмеледи:

«Садыр Жапаровду чыгарбагандай эле, Өмүрбек Текебаевди да мындан кийинки сотторунда да чыгарбайт. Анткени жакында Кыргызстанда эң чоң саясий окуя – парламенттик шайлоо өтөт. Эгерде Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров чыга турган болсо, анда чындыгында эле Кыргызстанда нааразылык маанай күндөн күнгө көбөйүп баратат. Булар кимдер? Алар бийликтин саясатына макул эмес, каршы электорат. Анткени бийлик эл күткөн реформаларды жасаган жок. Экономикалык реформаларды мындай койгондо да саясий реформаларды жасаган жок, сот реформасын жасаган жок. Соттор мурдагыдай эле, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мезгилинде президентке кандай көз каранды болсо, азыр деле ошондой көз каранды. Шайлоо реформасы ишке ашкан жок. Парламентке мурда кандай адамдар келсе, азыр деле ошондой капчыктуулар келет. Мунун баарын коомчулук көрүп турат».

Жаңы жылдын алдында экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн жана буга мыйзамдуу негиз бар экенин айткан. Аны парламенттеги бардык фракция лидерлери колдоп, кол коюп беришкен. Бирок президенттик аппараттагы ырайым берүү маселесин караган комиссия ал өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, аны Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүргөн.

Отунбаева апрель айында «Азаттык» үналгысындагы маегинде Жээнбековдун камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата позициясын түшүнө албай жатканын айткан:

«Жооптун баары формалдуу болду. Мунапыс берген комиссиянын башчысы «бул азыр каралбайт» деп койду. Мен бул позиция боюнча президентти такыр түшүнбөй койдум. Текебаевдин камакта отурганын азыр өзүнө «менчиктештирип» алды. Атамбаевге да азыр доомат кое албайбыз. Жээнбеков өзү 1,5 жылдан бери кармап отурат. Кыргызстанда «мен саясатчымын» дегендердин баары «бул мыйзамсыз, далилсиз болчу» деп айтып чыгышты».

3-майдагы сот өкүмү өзгөрүүсүз калганын уккан Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары да бул иш үчүн президент Сооронбай Жээнбековдун жоопкерчилигин белгилешти.

Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары 2018-жылы да ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан. Бирок 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирген. Бирок ал боюнча азыр бүтүмүн чыгара элек.

Ушул жумада Жогорку сот саясатчы Садыр Жапаровдун ишин да караган. Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча карап, анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга гана кыскартып, аны 10 жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим чыгарган. Жапаров өзү саясий негизде соттолгонун айтып келе жатат.

Матраимовдордун тою

1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы азыр да талкууланып жатат. Ал жерде конокто болгон парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү актанып бүтө элек. ​

"Раим миллион" элитаны жыйнады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков парламент депутаттарынын, анын ичинде өзүнүн Кара-Сууда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага барганы боюнча билдирүү таратты. Ал өз сөзүндө «биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок» деди:

«Биз, депутаттар, бири-бирибизге сый мамиле көрсөткөндүн негизинде гана барып келдик. Бюджеттен эч кандай каражат кеткен жок. Биринчиден, бул дем алыш күн болчу. Экинчиден, ар бир депутаттын барып келиши өзүнүн каражатынан болду. Төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок. Искендер Исмаиловичке: «Биз ал жерге бара албайбыз. Сенин иниңде ушундай маселе бар» дегенге эч кандай себеп жок».

Белгилүү болгондой, учурда кыргыз өкмөтү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен соттошууда. Анын агасы Искендер Матраимов - парламентте депутат, башка бир тууганы Тилек Матраимов - Кара-Суу районунун акими.

Депутаттар: Биз Райымбекке эмес, Искендерге барганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00

Кара-Суу районунда өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен «Раим миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовдон тышкары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, спикер Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахаб Нурбаев, Жанарбек Акаев, Тазабек Икрамов, Руслан Казакбаев, Канатбек Исаев, Алтынбек Сулайманов, Улан Примов, Алмазбек Батырбеков, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, саясатчы Ахматбек Келдибеков да катышкан.

Парламент депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү эл өкүлү Искендер Матраимовдун чакыруусу менен барганын айтып жатышат. Алардын ичинен депутаттар Жанарбек Акаев менен Алмамбет Шыкмаматов гана бул жыйынга барганы үчүн өкүнүп турганын билдиришти.

Кара-Суудагы иш-чарага катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов да депутат Искендер Матраимовго барганын айтып кутулду:

«Биринчиден, Райымбек Матраимовго барган жокмун, Искендер Матраимовго бардым. Экинчиден, дем алыш күнү жеке сапарым болчу».

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Рыскелди Момбеков кызматташтарынын жана өкмөт мүчөлөрүнүн аракетине мындайча баа берди:

«Жеке тойго баарынын жетелешип барганы депутаттарга болобу, өкмөткө болобу аброй алып келген жок, бийликтин элге болгон ишенимин дагы бир жолу кетирди. Бул окуя боюнча комдук пикир ушунчалык козголду. Анткени жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине да мынчалык чоң делегация барган эмес. Кайсы бир депутаттын аброюн Айтматовдун аброюнан өйдө койбош керек болучу. Бул адабият, тарых жана маданият алдында чоң, кечирилгис күнөө болду».

Рыскелди Момбеков өкмөт Райымбек Матраимов менен соттошуп жаткан кезде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун бир тууган Матраимовдор уюштурган иш-чарага барышына мындайча комментарий берди:

«Башка өлкөлөрдө мындайда «мен моралдык жоопкерчиликти мойнума алам, кызматтан кетем» деп айтат. Саясий маданияттын аныктамасы ушундай. «Мен туура эмес учурда туура эмес жерге барып алдым, ал үчүн жоопкерчилик тартам, мага өкмөт башчы сөгүш берсин же эл алдында кечирим сурайм» деп айтыш керек болчу. Ошону айта албай жатат».

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген.

2018-жылы апрелде ал «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовдун байлыгын текшертүүгө убада берген. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу кабар жок.

Ал арада мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун аялы Малика Арстанбекова күйөөсү Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) үчүн эмес, Матраимов үчүн соттолууда деген пикирин айтып чыкты. Арстанбекова 2-майда билдирүү таратып, «акыйкатка болгон үмүттү Райымбек Матраимов менен Жогорку Кеңештин жарымы жана спикери, биринчи вице-премьер Боронов түшкөн сүрөт таш каптырды» деп жарыялады. «Менин күйөөмдү Бишкек Жылуулук электр борборундагы кыйроо үчүн эмес, президенттин «сүймөнчүгүнө» каршы чыкканы жана бажыны Матраимовдон тазалоого аракет кылганы үчүн соттоп жатышканын эчак эле түшүнгөм» деди ал.

Ошондой эле Арстанбекова «Сооронбай Шарипович «Матраимовдун байлыгын, кан сарайларын, ишканаларын текшертем» дегенинен бери төрт айдын жүзү болду, бирок бул боюнча эч кандай маалымат жок» деп президенттин жогоруда сөз болгон убадасын эске салды.

Сооронбай Жээнбековдун аты аталган бул билдирүүгө президенттик аппарат азырынча комментарий бере элек.

Уран кени: элди талабы жана саясий чечим

2-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу чаралары жана Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелер жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту. Анын жыйынтыгында Жогорку Кеӊеш республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды.

«Урматтуу депутаттар, парламент саясий чечим кабыл алды. Кыргызстандын бардык аймактарында уранды иштетүүгө, чалгындоого тыюу салынат. Токтом долбоорунун негизги максаты ушундай болду», - деген парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков бул саясий чечим болгонун баса белгиледи.

Ошону менен катар парламентте «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасына карата «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдардын сакталышына текшерүү жүргүзсүн» деген талаптар коюлду.

Парламент уран казууну тыйган токтом чыгарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00

Парламенттин чечими Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык акцияларынан кийин кабыл алынды. Ал кенди иштетүү укугун кыргыз-орус биргелешкен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы алган.

Парламент кабыл алган токтомду министрлер кабинети аткарууга милдеттүү. Өкмөт Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарылып алынганын, кенди иштетүүгө толук тыюу салынганын айтууда. Бирок активисттер өкмөттүн сөзүнө ишенбей, Кыргызстан боюнча уран казууга түбөлүк тыюу салууну талап кылып жатышат.

«Азыр уранды казуунун коопсуз жана экологияга зыяны тийбеген ыкмасы жок. Анын экологияга, ошол жерде жашаган калкка жана туризмге да абдан оор кесепеттери болот. Ошондуктан эл бул маселени туура көтөрүп жатат. Кээ бир адистер «эл түшүнбөй жатат, анткени биз уранды алып кетебиз» деп жатышпайбы. Менимче, коомчулук муну абдан эле жакшы түшүнүп жатат. Балким техникалык жактарын түшүнбөшү мүмкүн. Бирок анын коркунучун, кооптуу экенин жакшы түшүнүп, маселе алар туура көтөрүлүп жатат», - деди техника илимдеринин доктору, Германиянын Байройт университетиндеги илимпоз-инженер Канат Ишенбек.

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы нааразылык ушул жумада да уланды. Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдер өттү.

Парламент токтом кабыл алган күнү, 2-майда өткөн Каракол шаарындагы активисттер «Ысык-Көл уранга каршы!» аттуу митинг өткөрүшүп, уран кендерин иштетүүнү токтотууну талап кылган резолюция кабыл алышты. Ал эми караколдук журналист Алена Хоменконун Интернет аркылуу топтогон уран казууга каршы петициясына 30 325 киши кол койду.

Уранга каршы ураан, Кытай көздөгөн кыйыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:59 0:00

Социалдык тармактардын колдонуучулары 2-майда уран маселеси тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирбей жатканына нааразы болуп, «Президент, үн кат!» деген акция башташты.

Ушундан кийин, 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда президент Сооронбай Жээнбеков уран казуу маселеси боюнча өз пикирин билдирди.

«Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтырышыбыз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин - Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун парламентте айткан маалыматына караганда, Кыргызстанда уран кенин чалгындоо жана казуу үчүн баш-аягы 18 лицензия берилген, анын төртөө Ысык-Көл облусунда.

Ошол эле кезде адистер лицензияны кайтарып алуу же кен казуучу компаниялар менен келишимди токтотуп коюу оңой эмес экенин, бул үчүн жүйөлүү себептер зарыл экенин белгилейт. Эл аралык ишкерлер кеңешинин тоо-кен комитетинин мүчөсү, кен тармагындагы адис Кубан Ашыркулов буларды белгиледи:

«Тоо-кен мыйзамы боюнча лицензияны тартып алууга мүмкүнчүлүк жок. Аны токтотууга эки гана себеби бар. Биринчиси - ишкана салык төлөбөсө, салыгы тууралуу отчет тапшырбай койсо, экинчиси - эгерде кандайдыр бир эреже бузуу болуп, кылмыш иши козголсо, соттун чечими менен жокко чыгарылат. Ал эми лицензияны убактылуу токтотуу дегенине андан да көбүрөөк себептер керек. Бул жерде кандай экени белгисиз болуп жатат. Менин түшүнүгүмдө лицензия убактылуу гана токтотулуп, ал канчалык туура же туура эмес деген гана маселени изилдеп жатышат. Анан ошол изилдөөнүн жыйынтыгына карап бир чечим кабыл алынат болуш керек».

Элдин нааразылыгы, уран боюнча «саясий чечимдер» өкмөттү да кысталыш абалга кептеди. Анткени Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындай баштаган «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы буга чейинки жумуштарга 271 миллион сом коротуп койгонун айтып жатат.

Экинчиден бул уран кенин иштетүү тууралуу эки тараптуу келишимге ишкерлер Орусиянын президенти Владимир Путин марттын акырында Кыргызстанга келгенде кол койгон. Үчүнчүдөн, мындай окуялар башка да инвесторлордун кыргыз өкмөтүнө ишеничин азайтары белгилүү.

Ал эми экономикасы чабал Кыргызстан инвесторлордун каражатына муктаж.

Ал арада депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков Кыргызстанда уран казууга түбөлүк тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылып жатышат.

Кыргызстанда өз кезинде Кажы-Сайда, Майлуу-Сууда, Шекафтарда, Миң-Кушта, Төө-Моюнда жана башка жерлерде уран казылган. Азыр Кыргызстанда урандын калдыктарын сактоочу 23 жай бар.

Венесуэлада тиреш күчөдү

Венесуэлада президент Николас Мадуро баштаган бийлик менен парламент спикери Хуан Гуайдо жетектеген оппозициянын ортосундагы тиреш, саясий кризис башталганына төрт айга жакындап калды. Бул жумада ал укук коргоо органдары менен демонстранттардын чоң кагылышы менен коштолуп, өлкө күн сайын туңгуюкка кетип бара жатат.

Маалымат каражаттары 1-майдагы кагылыштарда кеминде бир киши өлгөнүн жазышты. Ал эми Хуан Гуайдо укук коргоо органдары менен болгон кагылышта 27 жаштагы кыз жана 24 жаштагы жигит каза тапканын кабарлады. «Бул токтошу керек. Киши өлтүргүчтөргө өз кылмыштары үчүн жооп бере турган мезгил келет» деп жазды ал «Твиттерге».

Полиция менен демонстранттардын кагылышы. 1-май, 2019-жыл.
Полиция менен демонстранттардын кагылышы. 1-май, 2019-жыл.

Оппозиция Николас Мадурону бийликтен кетириш үчүн басымды улам күчөтүп жатат. Хуан Гуайдо баштаган оппозиция Мадурону бийликтен кулатуунун «акыркы баскычы» башталганын жарыялап, өлкө жарандарын 1-майда демонстрацияга чыгууга чакырган.

«Бизди угуп жаткандардын баарына кайрылам: убакыт келди! Венесуэлада тынчтык орношу үчүн бир гана кенебестик жана эстүүлүк жетиштүү эмес, азыр эр жүрөктүк жана акылдуу кадам керек. Биз күрөштү улантабыз жана өлкөбүздүн эркиндикке, демократияга жетишин камсыз кылабыз».

Акыркы күндөрү оппозиция аскерлердин бир тобу алар тарапка өткөнүн жарыялады. Азырынча оппозицияны канча аскер колдогону белгисиз. Негизги армия жана күч органдары дагы эле Мадурону колдоп боюнча турат.

Николас Мадуро (солдо).
Николас Мадуро (солдо).

«Биздин баатыр аскерлер коркунучтун алдында турганда чыккынчыларга жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандарга «Жок!» деп айтуудан тайманган жок. Тынчтыкты сактап кала турган учур келди. Кечээ кутумчулар эмнени каалап жатышканын айтты. Алар биз, бир туугандар бири-бирибизди өлтүрүшүбүз үчүн пулеметко каршы пулемет, танкка каршы танк кылып, жарандык согушту каалап жатышат», - деди Николас Мадуро 3-майда.

Венесуэлада январдын этегинен бери саясий кризис өкүм сүрүп жатат. Парламент оппозициянын көзөмөлүндө. Спикер жана оппозиция лидери Хуан Гуайдо шайлоо мыйзамсыз өткөнүн, андыктан Мадуронун бийлиги «легитимсиз» экенин айтып, өзүн спикер катары өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялаган.

Гуайдону 50дөн ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ, Батыш, Бразилия жана Латын Америкасындагы көптөгөн өлкөлөр «утурумдук президент» катары таанышкан. Бирок Орусия, Кытай жана Куба президент Николас Мадурону колдоп турушат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 6-7-майда Финляндияда жолукканы жатат. Анда Венесуэла темасы да талкууланмакчы.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 30-апрелде Венесуэланын президенти Николас Мадуро эртең менен Кубага чыгып кетүүгө камынганын, бирок Орусия аны токтотуп калганын айтты. Бирок орус тарап муну четке какты.

Мадуронун өкмөтүн колдогон Орусия быйыл март айында Каракаска жүздөй аскери менен учактарды жөнөткөн. Вашингтон ал аскерлердин арасында атайын бөлүктөрдүн жоокерлери жана киберкоопсуздук боюнча адистер бар деп эсептейт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен Венесуэладагы кырдаалды да талкуулаганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп оппозицияга колдоосун бул жумада бир канча жолу билдирди.

«Венесуэла элине каршы аёосуз репрессия мүмкүн болушунча эрте токтошу керек. Эл ачка, аларда тамак, суу жок. Бул бир кезде дүйнөдөгү бай мамлекет болчу. Ошондуктан биз аларга жакшы нерсени гана каалайбыз жана жардам бериш үчүн ошол жерде болобуз», - деди Трамп.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайызга көтөрүлүп, улуттук валютанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG