Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Текебаев менен Чотоновдун өкүмү өзгөргөн жок


23-апрель, 2019-жыл
23-апрель, 2019-жыл

Абакта жаткан саясатчылардын тарапташтары сот чечимине нааразы болушту.

3-майда Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жактоочулардын арызынын негизинде жаңы мыйзамдар боюнча карап, мурдагы инстанциялардын чечимдеринин мүлкүнө байланышпаган тарабын өзгөртүүсүз калтырды.

Сот отурумунда камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Кемелбек Жаныбеков Жогорку сотко даттануунун жүйөсүн минтип түшүндүрдү:

“Биздин өтүнүчтү тактай кетсем, бул сот отурумунда Текебаевди актоону же мөөнөтүн кыскартууну жана конфискация боюнча өзгөртүүнү суранган жокпуз. Биз болгону жаңы кодекс боюнча кылмыш ишти кайра кароо үчүн алгачкы инстанцияга – Биринчи май райондук сотуна жөнөтүүнү суранып жатабыз. Жаңы жагдайлар боюнча кайра короого жөнөтүү өтүнүчүн канааттандырып берүүнү, 2017-жылдын 16-августундагы Биринчи май райондук сотунун, 2017-жылы 2-октябрдагы Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жана 2017-жылдын 21-ноябрындагы Жогорку соттун токтомун жокко чыгарууну суранабыз”.

Адвокат Текебаевдин жер участогу менен "Волга" автоунаасы 1990-жылдары алынганын белгилеп, кылмыш ишке тиешеси жок болгондуктан бул мүлктөрдү камакка алуу чечимдерин жокко чыгарууну дагы суранды. Текебаевдин башка жактоочусу жана Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты Жаныбековдун өтүнүчүн колдошту.


Мамлекеттик айыптоочу Арстанаалы Аракеев жактоочулардын өтүнүчүн негизсиз деп атап, ишти жаңы мыйзамдар менен кароодо соттолгондордун жазасы оор болуп калышы мүмкүн экенин айтты. Прокурор соттолгондорго буга чейинки чыккан чечимдерди өзгөртүүсүз калтырууну сурады.

“Мен айтылган дооматтарга такыр макул эмесмин. Себеби, айтылгандарга буга чейинки инстанцияларда укуктук баа берилген. Тактап айтканда, жаңы ачылган жагдайлар боюнча жактоочулар Жакупбекова, Токтакунова, Хасанов Башкы прокуратурага арыз менен кайрылышкан. 2018-жылы 11-июнда Башкы прокуратуранын орун басары тарабынан баш тартуу боюнча токтом кабыл алынган. Жактоочулар Жаныбеков, Осмонбаевдин жаңы жагдайда кароо өтүнүчү жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери келтирген сунуштар канааттандырылбасын”.

Тараптардын сөзүнөн кийин Жогорку соттун судьялары кеңешүүгө кетип, чечимин бир сааттан кийин жарыялады. Ага ылайык абакта отурган саясатчылардын кылмыш иши жаңы кодекстерге ылайыкташтырылды.

Тагыраак айтканда, саясатчылар соттолгон учурда Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Эми жаңы мыйзам боюнча саясатчылардын кылмыш иши Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") 1-бөлүгүнө туура келди.

Жогорку соттун отурумунун токтомун судья Жаңыл Мамбеталы окуду:

“Соттолгон Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновго карата мүлкүн конфискациялоо боюнча жаза бөлүгү алып салынсын. Соттук актылардын калган бөлүгү өзгөртүүсүз калсын. Токтом акыркы жана даттанууга жатпайт”.


Текебаевдин тарапташтары “сотко наалат” деп кыйкырып, чечимге нааразы болушту.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн сот адам укуктары сакталбаганын, сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди деген пикирин билдирди. Шыкмаматов сотторду жогору жактын буйругу менен чечим чыгарды деп айыптады.

"Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, Чотонов, Жапаровдун иштери саясий, резонанстуу, коомчулуктун көңүлүн бурган, эл аралык институттарда каралып жатат. Бүгүнкү күнү сот мыйзамга баш ийбей, жогору жактын буйругу менен өкүм чыгарганын далилдеди. Бул саясий топтун чечими", - деди Шыкмаматов.


Сотко Текебаев да, Чотонов да алып келинген жок. Соттолгон саясатчынын жакындары, партиялаштары жана башка саясатчылар катышты. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаева саясий кеңеш жыйын куруп мындан аркы кадамдарын талкуулашарын билдирди.

Соттолгон саясатчыларга укуктук көмөк көрсөтүп жаткан «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Текебаев жана Чотонов боюнча чыккан бул чечим даттанууга жатпай турганын айтып, бирок юридикалык жактан сот жүрүшүндөгү жаңы жагдай боюнча кайра короо болушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери сот чечимин карап чыккандан кийин толук жана так комментарий беришерин маалымдады.

Мунун алдында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыкка» курган маегинде Өмүрбек Текебаевдин иши үч вариантта каралышы мүмкүн экендигин айткан. Ал, мисал катары биринчиси - мыйзамдардын жаңы редакциясынын ишке киришин, экинчиси - өкүм чыккан соттук отурумдарда белгисиз жагдайлардын жаңыдан ачылышын жана үчүнчүсү - боштондукка чыгуу мөөнөтүн эсептөө жараянын келтирген.

Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасы быйыл 15-февралда ишти кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдогон. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Кийин арыздануучу Леонид Маевский өзү Орусияда ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн камакка алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG