Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 04:28

Соттолгон саясатчылардын акталуу талабы


Иллюстрациялык сүрөт.

Саясий туткундарды коргоо комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда репрессияланган саясатчыларды толук актоо демилгесин көтөрүп чыгышты. Алар бийлик саясатчыларды "соттолгон" деген макамын сактоо менен, аларды "саясий мунжу" кылууга аракеттенип жатат деп эсептешет.

Абактагы жана бошотулган саясатчылар учурда өздөрүнүн акталуусу үчүн сот органдарына, прокуратурага жана эл аралык уюмдарга да кайрылышууда.

Резолюциянын чоо-жайы

Саясий туткундарды коргоо комитети Атамбаевдин бийлиги тушунда анын режимине каршы чыккан саясатчыларды "жок жерден айыптаган" деп, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди, экс-баш прокурор Индира Жолдубаеваны, "бир жактуу каралоого катышкан" деп КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков баштаган бир катар журналисттерин, "Дело №" гезитинин редакторун, айрым журналисттерин сот жоопкерчилигине тартуу демилгеси менен чыкты.

Муну негиздеген резолюцияны аталган комитет 12-марттагы жыйынында кабыл алды. Жыйындын катышуучулары айрым саясатчыларды камактан бошотуу менен бийлик өзүнө саясий упай топтоого аракет кылып жатат деп эсептешти.

"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Асия Сасыкбаеванын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун бул жаатта иши толук болбой жатат.

Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева

- Азыркы президентибиз деле жарым-жартылай иш кылгандай болуп жатат. Ал саясий туткундарды камактан бошоткону менен, аларды актаган жок, өз эркин көрсөтүп, алардын "күнөөсү жок" деп айта алган жок, - деди Сасыкбаева. - Биз президенттен жакшы, чыныгы кадамды күттүк эле, бирок андай болбой жатат. Кечээ соттордун курултайында сүйлөгөн сөзүндө да эмоционалдуу сөздөр айтылды, бирок чечкиндүү бир ойлор, кадамдар болгон жок. Көрүп жатпайлыбы, соттор бүгүн деле пара алышат, бүгүн деле көз каранды, саясий буйрутма аткарып отурушат. Бир жарым жылдан бери биз президенттин сөзүн угуп келатабыз, бирок жон терибиз менен сезе элекпиз.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин маалыматы боюнча, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны отузга чукул. Өткөн жумаларда бул тизмеге кирген саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жаңы кодекске ылайык жаза мөөнөтү аяктады деген негиз менен эркиндикке чыгышкан.

Эки саясатчынын кийинки максаты толук акталуу экендигин айтып жатышат. Бектур Асанов анын жөнүн "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

- Кылмыш кылган эмеспиз. Жалган жалаа болгон. Муну коомчулук бүт билет. Демек, биз сөзсүз акталабыз. Азыркы бийлик болбосо, кийинки бийлик сөзсүз актайт. Камап коюп саясаттан чектей албайт. Биз түрмөдө жатып деле саясат кылып жаттык. Соттолгон деген макам алынбай туруп, балким биз жакшыраак саясат жүргүзүүбүз мүмкүн.

БУУга даярдалып жаткан кайрылуу

Саясий туткундарды коргоо комитети да Асанов менен Кадыровду толук актоо максатында ишин кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. Азырынча прокуратурадан жооп боло элек. Ушул тапта юристтер булардын иши боюнча БУУнун адам укуктары комитетине кайрылуу жолдоп жатышат.

Абакта отурган, эркиндикке чыккан саясатчылардын адвокаттары алардын ишин кайра кароо же актоо өтүнүчү менен Омбудсмен институтуна да кайрылып жатышканын акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттыкка" билдирди.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Бир топторунун адвокаттары менен, кээ бирөөлөрүнүн өздөрү менен жолуктум. Баарынын арыздарын алдым. Айрымдары боюнча сот органдарына, прокуратурага кат жолдоп, өз сунуштарыбызды бердик. Азыр иш жүрүп жатат. Толук жоопторду алгандан кийин коомчулукка кабарлайбыз.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Саясий туткундарды коргоо комитетинин демилгесин комментарийлөөдөн баш тартты. Партиянын юристи Нурбек Касымбеков муну сот чечимдери менен байланыштырды:

- Биздин партия бул демилгелерди комментарийсиз калтырууну чечтик. Анткени ар бир соттолуп камалган киши тууралуу Жогорку соттун чечимдери бар.

Абактан бошотулган саясатчыларды актоо маселеси жакында Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралган мыйзам долбоорунан кийин күч алган сыяктуу. Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерге карата кошумча талаптар киргизилет да, соттуулугу жоюлганына карабай оор кылмыш үчүн соттолгон адамдардын шайлануусуна чек коюлат.

Долбоордун авторлору азыркы мыйзамдарда соттолгон адамдар күч мекемелерине кызматка орношо албаганы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына, президенттикке талапкерлигин коюп, шайланууга укуктуу деп жазылып калганын белгилеп, «беш жылдан көп мөөнөткө соттолгон адам абактан чыккандан кийин соттуулугу жоюлганына же алынып ташталганына карабастан президенттикке жана депутаттыкка өмүр бою талапкер боло албайт» деген өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышууда.

Бул мыйзам сунушталганда эле көптөгөн саясатчылар менен юристтер ага каршы чыгышкан. Алар бул мыйзам долбоору буга чейин соттолуп чыккан же учурда камакта отурган саясатчылардын кайра бийликке келишине бут тосот деп белгилешкен. Ушундан улам камакта отурган саясатчыларды чыгаруу, чыккандары менен кошо толук актоо зарылчылыгы учурдун маанилүү маселеси болуп тургандай.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кандай гана бийлик болбосун, ал өзүнүн режимине каршы чыккандарды жазалоо менен мамлекеттүүлүк системасына чоң зыян алып келет деп эсептейт:

- Кыргызстанда саясатчы абдан көп, "Жыйырмасы камалып кетсе эмне болмок эле?" деп ойлогондор көп. Анын келечек муунга, мамлекетке, мамлекеттүүлүк системасына, адам укугуна тийгизчү залакасын эч ким ойлобойт да. Бул - генетикалык деңгээлде улутту коркутуу. Эртең Бектур менен Кубандын кошунасы корко баштайт, баласына "Тың болсоң Кубанга окшоп түрмөгө түшөсүң, Бектурга окшоп камаласың" деп айта баштайт. Баласы коркуп, чектеле баштайт. Бул кулчулук аң сезимге алып келет. Ал эми кулча ойлонгон коом эч качан эркин мамлекет кура албайт.

Саясий туткундарды коргоо комитетинин эсебинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда отуз чамалуу саясатчы соттолуп, камалган. Алардын ичинде мурдагы баш прокурор Аида Саляновага карата чыккан сот өкүмү кичинекей кызы бар экендигине байланыштуу күчүнө кире элек. Ал эми Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров, Эрнест Карыбеков, Төрөбек Колубаев азырынча камакта.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жаза мөөнөтү кыскарып жакында эле абактан чыкты. Дастан Сарыгулов менен Марат Султанов үй камагына алынган. Аталган саясатчыларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу оор айыптар тагылган.

Мурдагы бийликтин тушунда экс-депутаттар Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков, Бишкек жана Ош шаарларынын мурдагы жетекчилери Нариман Түлеев менен Мелис Мырзакматов да соттолушкан. Түлеевдин жана сыртынан соттолгон Мырзакматовдун соттуулугу жоюла элек. Камчыбек Ташиевдин соттуулугу 2015-жылы, Келдибековдуку 2017-жылы алынган. Буга чейин соттолгон саясатчыларга карата коюлган айып негизсиз деп табылган жана аларды актоо чечими чыккан учурлар каттала элек.

Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буюртма катары баалап келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG