Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Прокуратура Текебаевдин үмүтүнө суу септи


Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Буга "жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароого негиз жок" деген жүйө келтирилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын арызы четке кагылганын "Азаттыкка" ырастады:

​- Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын арызын карап чыкты. Анын жыйынтыгында адвокаттар келтирген далилдер буга чейин сотто каралганы аныкталды. Ошондуктан Кылмыш-процессуалдык кодекстин 384-беренесинин негизинде жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин ачууга негиз жок. Ушундан улам 2018-жылдын 11-июнунда жогорудагы беренеге ылайык адвокаттардын арызынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары жаңы жагдайларга ылайык, ишти кайра кароону өтүнүп, 22-майда Башкы прокуратурага арыз жазышкан. Алар негизинен беш далилди көрсөтүшкөн. Тактап айтканда, алар Текебаевге каршы арыз жазган чет элдиктер Алексей Модин менен Леонид Маевскийдин айткандары жалган экени ырасталганын белгилешүүдө.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, дал ушул далилдер саясатчыны актоого негиз болуп бермек:

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Башкы прокуратура келтирген негиздерге биз макул эмеспиз. Ал чечим негизсиз жана мыйзамсыз. Биз берген беш жаңы жагдай туура. Аларды сөзсүз түрдө карап чыгышы керек болчу. Андыктан, биз бул чечимди жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылабыз.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Текебаевдин адвокаттарынын арызы каралып жатканын билдирип, коомчулукта "мурдагы депутат акталат" деген пикирлер айтыла баштаган. Бирок акыркы маалымат мындай ишенимдерге суу сепкендей болду. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев башкы көзөмөл органы бул чечими аркылуу өзүнүн "жөндөмсүз экенин көрсөттү" деген пикирде:

- Элдин пикирин окуп, угуп жатабыз. Менин жеке пикирим да элдикиндей. Бул жерде күмөн туудуруп келген толгон-токой жагдайлар бар. Соттун, тергөөнүн жүрүшүн баарыбыз эле көрбөдүкпү. Башкы прокуратуранын азыркы чечимин жөндөмсүздүк, өздөрү жүргүзгөн ишти билбегендик катары баалайм. Себеби, карапайым адамдан деле сурасаңыз, кайсы жагдайларга көңүл буруш керек экенин айтып берет. Сотто Кыргызстандын белдүү саясатчыларынын баары көрсөтмө беришти. Ошону эске алганда көп жагдайлар бар болчу.

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.

Өзүмдүн жеке пикирим тууралуу айтсам, президенттин мунапыс менен бошотконго ыйгарым укуктары бар да. Өмүрбек Текебаев "мыйзам чегинде жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттошом" деп президентке кайрылгандан да баш тартып койбодубу. Эреже боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен Башкы прокуратура өндүрүштүк иш ачышы керек. Мыйзамда ошондой жазылган. Жаңы ачылган жагдайларды прокурорлор текшерип чыгып, андан кийин тиешелүү материалдар сотко жиберилиши керек эле. Андан кийин гана сот жараяндары жүрүп, чечим чыгат. Бул бир күндө чечиле турган иш эмес. Жок дегенде бир айдан үч айга чейин улана турган маселелер.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты, соттолгон саясатчылардын ишин кайра кароо демилгесин көтөргөн “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөсү Алтынбек Жунус уулу да "Башкы прокуратура үмүттү актаган жок" деп билдирди:

- Башкы прокурорду дайындап атканда баарыбыз эле Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу керек экенин айтканбыз. Эми "ишти кароого негиз жок" дегени таңкалычтуу болуп калды. Жакшылап талдап, карап чыкканы да мен үчүн суроо жаратып жатат. Эгерде жаңы ачылган жагдайлар болсо - ошону эринбей карап чыгат, укук тебеленип аткан болсо калыстык болот деп үмүт кылып атканбыз. Муну менен чекит коюлбашы керек. Дагы талдап, карап чыкса болот.

Алтынбек Жунус уулу Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайрадан караш үчүн мыйзамдуу жолдор бар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан кийин мурдагы бийликтин тушунда ар кандай кинелер менен камалып кеткен саясатчылардын, коомдук ишмерлердин ишин кайра кароо тууралуу талаптар көтөрүлө баштаган. "Эгер Текебаевдин иши кайра каралса, бул кадам башка саясатчылардын тагдырына да оң таасир этет" деген божомолдор айтылып жаткан.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бирок өткөн айда Жогорку сот "Ата Мекендин" дагы бир мүчөсү Аида Саляновага карата мурдагы чечимдерди күчүндө калтырып койду.

Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланыштуу ишти гана кайра тергөөгө жөнөттү.

Коомчулукта "Башкы прокуратуранын чечимине Текебаевдин президенттен мунапыс сурабай койгону себеп болду" деген пикирлер да бар.

Май айында акыйкатчы Кубат Оторбаев президентке кайрылып, Текебаевге ырайым кылууну суранган. Бирок камактагы саясатчы өзүнүн күнөөсүз экенин белгилеп, ырайым суроодон баш тарткан. Ал эми саясатчынын жубайы Айгүл Текебаеванын айтымында, анын иши БУУнун тиешелүү түзүмдөрүндө каралып жатат.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылдын 26-февралында камалган. Сот алардын ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG