Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Апта: Саясий "куугунтуктар", тарыхый саммитке даярдык


Өмүрбек Текебаев жана орусиялык ишкер Леонид Маевский. (коллаж)
Өмүрбек Текебаев жана орусиялык ишкер Леонид Маевский. (коллаж)

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароого негиз берет деген беш жагдайды ушул жумада Жогорку Кеңештин депутаттары көтөрүп чыгышты.

Парламент имаратында өткөн маалымат жыйынына "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров, "Республика Ата-Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жана эркин депутат Жанар Акаев катышып, Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар сотто кайра каралышы керектигин белгилешти.

Өмүрбек Текебаевдин сот жараяны учурунда тартылган сүрөт.
Өмүрбек Текебаевдин сот жараяны учурунда тартылган сүрөт.

Эл өкүлү Наталья Никитенко билдиргендей, адвокаттар чогулткан далилдер Текебаев менен Чотоновго каршы арыз жазган орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүн төгүндөйт.

Маселен, депутаттар 2010-жылдын 13-майында Маевскийдин Бишкекке келгени жана "Хаят" мейманканасында жайгашканы тууралуу тергөөнүн маалыматы калпыс экенин, 2010-жылдын 13-майында "Леонид Маевский жана Алексей Модин Текебаев менен жолуктук" деген өкмөт үйүндөгү №306 кабинетте ал кездеги Убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьери Алмазбек Атамбаев иштегени белгилүү болгонун билдиришүүдө.

Депутаттар ошондой эле "Ата Мекендин" лидери ошол күнү "Маевский менен жолукту" деген учурда Конституциялык кеңешменин жыйынында отурган болсо, Дүйшөнкул Чотонов Ошто жүргөнүн бышыктаган далилдерди тапканын жарыялашты.

"Республика Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арыз жазып, аны 1 млн. доллар алган деп айыптап жаткан эки чет өлкөлүк жаран да жоопко тартылууга тийиш деп эсептейт:

- Модин менен Маевский Текебаевге 1 млн. доллар пара бергени анык болсо, аны эки бөлүп, өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен алып киргени үчүн эмне үчүн жоопко тартылбайт? Текебаев коррупцияга айыпталып, түрмөдө жатса, анда эмне себептен Модин менен Маевский сыртта жүрөт? Алар да бул ишке катышы бар катары жоопко тартылууга тийиш болчу.

Депутаттар Текебаевдин маселесин көтөрүштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

​"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "Орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Саясий туткундарды коргоо комитети" уюмунун маалыматына караганда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий негизде куугунтукталып, негизсиз иш козголгон 30дай киши бар. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери алардын ичинен иши кайра кароого жиберилген же өкүмү өзгөргөндөрү боло элек.

Парламенттеги басма сөз жыйынында эл өкүлү Жанарбек Акаев Текебаевдин ишин кайра кароонун маанилүүлүгүнө мындайча токтолду:

- Кыргызстанда саясий режим алмашты. Үмүттүү көздөр менен миңдеген адамдар соттордон, жаңы бийликтен адилетүүлүктү күтүп жатат. Текебаевдин ишинен башталса, башка саясий туткундарга да акырындык менен кадам ташталат.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу арыз Башкы прокуратурага жиберилгенин билдирди. Анда Текебаевдин кылмыш ишиндеги так эместиктер көрсөтүлгөн:

- Арызды 22-майда бердик, мыйзам боюнча алар он күн ичинде карап, жообун берүүгө тийиш. Башкы прокуратура биздин арызды оң жагына карап, өз корутундусу менен Жогорку сотко кайрылат деген ишеничтебиз.

Салянованын иши жана сот реформасы

Сот иштери демекчи, ушул шейшемби күнү Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри, “Ата Мекен” партиясынын дагы бир өкүлү Аида Салянованын ишин карады.

Саясатчыны буга чейин Ленин райондук жана Бишкек шаардык соттору "2010-жылы юстиция министри кезинде Бакиевдердин жакыны Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан" деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөмөк болгон. 22-майда ишти караган Жогорку сот мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Салянова Жогорку соттун чечимин мындайча комментарийледи:

- Соттор президенттин сөзүнө, коомчулуктун сынына эч кандай реакция кылган жок. Же болбосо президенттин айтканы куру сөз. Эч бир реалдуулукка тиешеси жок жөн эле сөз. Мен реалдуу иштер болот деп ойлогом.

Салянованын соту: өкүм күчүндө калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

​Аида Саляновага карата Жогорку соттун чечими президент Сооронбай Жээнбеков сот бийлигин реформалоо жана сот адилеттигин орнотуу боюнча маселе көтөрүп жаткан учурга туш келди. 17-майда президент Жээнбеков башында турган соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында мамлекет башчы адилетсиз соттор темасын козгогон эле:

- Коомубуз талап кылган маанилүү реформалардын бири - соттук-укуктук реформа. Мен эл менен жолукканда жарандарыбыздын укуктарын бузган, коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго даттануулар айтылууда. Менин дарегиме келген кайрылуулардын 70 пайызы ушул соттор боюнча болуп жатат.

Жээнбеков: Эл сот реформасын күтүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00

Соттор жана депутаттар

Элдин көбү судьяларга ишенбеси 23-майда Жогорку Кеңеште да айтылды. Бул күнү эл өкүлдөрү Сотторду тандоо кеңешинин элегинен өтүп, президент да жактырып, парламентке сунуштаган Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди карады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Чүй облустук сотунун судьясы Кыдык Жунушбаев менен буга чейин судья болуп иштеген Нургүл Бакированын талапкерлиги колдоо тапса, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова, Биринчи май райондук сотунун судьясы Дамира Орозова жана Бишкектеги район аралык соттун судьясы Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш ала алган жок.

Депутат Жыйында Жанарбек Акаев соттордун баарын кулатууну сунуш кылды:

- Кайсы сотко ким кандай добуш берди? Эл көрүшү керек. Ошондуктан ачык добуш берели. Бул жерге келген талапкерлердин көбү - Манасбек Арабаевдин кадрлары. Келгиле, биз жаңы адамдарды нөлдөн баштайлы. Бүгүнкү бешөөнү тең жыгышыбыз керек. Ошондо эл ишенет.

Эл өкүлү сөз кылган Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгынан өткөн жумада бошотулган.

Ал эми Жогорку соттун судьялыгына өтпөй калган Ирина Воронцова учурда Бишкек шаардык сотунун төрайымы болуп иштейт. Ал шаардык сотто Аида Салянованын ишин караган. Воронцова депутаттардын соттолгон саясатчылар тууралуу суроолоруна мындайча жооп берди:

- Садыр Жапаров тууралуу чыгарылган чечим тууралуу азыр комментарий берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Өмүрбек Текебаев боюнча Жогорку соттун дагы чечими чыккан жана ал күчүндө калган. Ошондуктан чечим мыйзамга ылайык чыгарылган. Садыр Жапаров бүгүн эле арыз берди. Эми арызды Жогорку сот карайт жана "кандай чечим болот" деп судьянын, кесиптештердин чечимине комментарий берүү мүмкүн эмес.

Жогорку сотко үч судья өткөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:12 0:00

"Куугунтук курмандыктары"

Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана башка саясатчылар өздөрүнө козголгон кылмыш ишин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ага баш ийген Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратура тарабынан жасалган куугунтук катары санап келишет. Атамбаевдин тушунда УКМКны Абдил Сегизбаев, Башкы прокуратураны Индира Жолдубаева жетектеген.

Куугунтук демекчи, мындай билдирүүнү, эми болсо тескерисинче, экс-президенттин командасындагы адамдар айта баштады. Мурдагы президенттин жакын адамдарынын бири, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов ага козголгон кылмыш ишин, суракка чакырууну, үйүн тинтүүнү психологиялык басым жана куугунтук катары баалады:

- Бул акчаны биз, мэрия көргөн эмеспиз. Бул акчага TBEA өзү мектеп салган. Ошондуктан мен "чыгым болду" дегенди түшүнбөй жатам. Каяктан, кандай чыгым болушу керек? Бул грант болчу. Гранттан бизге, мэрияга акча берилген эмес. Биз техникалык көзөмөл кылып, ал жакка коммуникацияны алып барганбыз. Мэриядан чыккан акча ушул эле болчу. Алар өздөрү компанияны тандап алып, өздөрү салган. Бүгүнкү күнү ушундай болуп жатат, кичине саясатка аралаштырып жатышат. Жогорку Кеңеште эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. Үйдү тинткенде эч нерсе табылган жок. Психологиялык кысым болду. Үйдө аялым, балам бар. Кошуналарды чакырып, тигиндей-мындай кылышты. Азыр Атамбаевдин айланасындагыларга "саясий куугунтук" болуп жатат.

Кулматов УКМКга суракка барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:10 0:00

​25-майда болсо Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынганы маалым болду. 18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган.

Тергөө маалыматтарына караганда, ал 2014-жылы калаанын башчысы болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экени айтылууда.

Буга чейин Сапар Исаков да анын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылышын куугунтук катары сыпаттаган. Бишкек жылуулук борборундагы аварияны жана аны реконструкциялоого жумшалган 386 миллион кытай насыясынын парламентте талкуулаган жыйында укук коргоо органдарын куугунтуктан алыс болууга чакырган:

- Саясий куугунтук эч качан болбошу керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Качан саясий куугунтук башталганда бийликтин аброюна шек келет. Мен ошону суранам. Баары акыйкат болот деп ойлойм.

Ал арада шаршемби күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Социал-демократтар партиясы “начар иштердин баарын экс-президентке жана партияга шылтоо аракети байкалууда” деген мазмундагы билдирүү таратты. КСДП өз билдирүүсүн "УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын тандамал мамилеси жемкорлукту жоюу идеясын өзүнөн өзү жокко чыгарат" деп жыйынтыктаган.

Талдоочу Бекбосун Бөрүбашев аткаминерлердин “саясий куугунтук” тууралуу билдирүүлөрүн мындайча баалады:

- Бизде саясатчылардын бир оорусу бар - аларды укук коргоо органдары суракка чакырса же ушундай иштер башталса эле "саясий куугунтук" деп айта баштайт. Саясий куугунтук саясий көз карашынан улам болушу мүмкүн. Оппозициялык маанайдагы адамдарды бийлик өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдаланып кысымга алган учур бар. Аны жок дегенге болбойт. Эми муну аягына чейин күтөлү. Азыр эми ал "саясий куугунтук" деп өзүн коргоп атканын түшүнүп турабыз.

Вашингтон-Пхеньян саммитине даярдык

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен боло турган жолугушуу, мурда пландалгандай эле, 12-июнда Сингапурда өтөрү күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Трамп 25-майда өзүнүн “Твиттер” баракчасына жазды. Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн экенин ушул эле күнү журналисттерге да айткан:

- Эмне болорун көрөбүз. Кездешүү 12-июнда да болуп калышы ыктымал. Азыр алар менен сүйлөшүп жатабыз. Алар жолугушууну абдан каалашат. Биз дагы.

Бирок Трамп мындан бир күн мурда, атап айтканда 25-майда 12-июнга пландалган Сингапурдагы саммит болбойт деп жарыялаган. Анын жолугушуудан баш тартканы тууралуу чечими Ким Чен Ынга жолдогон катында баяндалган.

Катты мамлекеттик катчы Майк Помпео Сенат комитетиндеги жыйында окуп берип, Пхеньянга да жөнөтүлгөнүн ырастаган. Саммиттен баш тартууга Пхеньяндын достукка жатпаган билдирүүлөрү себеп болгону айтылган.

Президент Дональд Трамп Ким Чен Ынга багыштаган катында ушул жүйөдөн улам 12-июнга Сингапурга болжолдонгон саммитти өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеп, буларга токтолгон:

- Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылып, мамлекеттердин жамаатына кошулуу менен жакырчылыктан, эзүүдөн кутулганга мүмкүнчүлүгү бар. Акыр-аягында Ким Чен Ын ошону кылат деп үмүттөнөм. Бул анын өзүнө эмес, азап тартып, жардамга өтө муктаж болуп турган элине керек. Бүткүл корей эли - Түндүк жана Түштүк чогуу, тынчтыкта жана бакубаттыкта жашоого татыктуу. Бул жаркын келечек өзөктүк курал коркунучу жоголгондо ишке ашат. Башка учурда мүмкүн эмес. Эгер Ким Чен Ын конструктивдүү диалогду жана аракетти тандай турган болсо, мен күтөм. Ал арада биздин эң кубатуу санкциялар жана максималдуу кысым көргөзүү өнөктүгүбүз улана берет.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Пхеньян АКШнын жолугушуудан баш тартышына камтамачылыгын билдирүү менен Трамптын чечиминен кийин да диалогго даярдыгын айткан. Кошмо Штаттардын соңку жарыясынан кийин да Түндүк Кореянын сүйлөшүүгө дилгир экенин өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ким Ге Гван жарыялаган. Ал белгилегендей, АКШ президентинин чечими Пхеньян үчүн “өтө өкүнүчтүү” жана “күтүүсүз” болду, сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу "Түндүк Корея менен АКШнын тереңдеп кеткен кастык мамилесинин ааблы канчалык олуттуу экенин жана алака-катышты оңдош үчүн саммитти ыкчам өткөрүү зарылдыгын көргөздү”.

“Биз дүйнөдөгү, Корей жарым аралындагы тынчтык жана туруктуулук үчүн эң мыкты натыйжага жетүүгө умтула беребиз, АКШга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүгө даярбыз”, - деп айтылат Түндүк Кореянын мамлекеттик кабар агенттиги тышкы иштер министринин орун басарынын атынан тараткан расмий билдирүүдө.

Түндүк Кореянын билдирүүсүнөн кийин Вашингтон бир күн мурдагы чечимин кайра өзгөрттү.

Дональд Трамп Түндүк Кореянын президенти менен жолугушуу 12-июнда Сингапурда өтөрүн 10-майда жарыялаган. Ал эми Вашингтон менен Пхеньян саммитти өткөрүү тууралуу марттын башында макулдашкан. Жолугушуу сунушу Түндүк Кореядан түшкөн. Аны уюштуруу үчүн мамлекеттик катчы Майк Помпео Түндүк Кореяга эки жолу барып келген. АКШ бул саммиттин эң башкы жыйынтыгы - Пхеньяндын өзөктүк куралдан толугу менен баш тартуусу болушу керек жана бул “ишенимдүү текшерүү” аркылуу ырасталышы зарыл деп кабарлаган.

Буга чейин АКШнын бир да президенти Түндүк Кореянын лидерлери менен жолугушкан эмес. Ошондуктан Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын саммити тарыхый деп мүнөздөлүп жатат.

29-апрелде Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын Пунгеридеги өзөктүк полигонду жабууга убада берген. Анын алдында Пхеньян ракеталык жана өзөктүк сыноолорун токтоторун жарыялаган. Пхеньян Пунгеридеги өзөктүк полигонду бейшемби күнү 500 метрдей алыстыктан көз салып турган чет элдик прессанын көзүнчө жок кылганын жарыялады.

Журналисттер жардыруулардан кийин асманга коюу түтүн чыкканын маалымдашты. Анткен менен полигонду жок кылууга ядролук программа багытындагы адистер катыштырылган жок. Ал эми батыш аналитиктери полигон 2017-жылдан бери иштебей калганын белгилешүүдө.

Бул полигондо 2006-жылдан бери алты сыноо өткөрүлгөн. Акыркысы 2017-жылы болгон. Пунгери өлкөнүн түндүк-чыгышындагы тоолуу аймакта орун алган. Айрым адистер полигон 2017-жылдын сентябрында болгон акыркы сыноодон кийин жарым-жартылай бузулуп калганын белгилешүүдө.

Ал арада 26-майда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жолугушканы маалым болду. Анда Түндүк – Корея АКШ саммити тууралуу сүйлөшүү болгон. Бул эки Корея президенттеринин чек арада, демилитаризациялык аймакта бир айдын ичиндеги эле экинчи жолугушуусу.

Эки президенттин жолугушуусу. 26-май, 2018-жыл
Эки президенттин жолугушуусу. 26-май, 2018-жыл

Соңку бир канча жылдан бери баллистикалык ракеталарын жана өзөктүк бомбаларын сынап келген Түндүк Корея быйыл жыл башында Түштүк Кореяда өткөн кышкы олимп оюндарынан бери дипломатияга басым жасаган кадамдарын көрсөтүүдө.

Дональд Трамптын “саммит өтпөйт” деегн чечиминен кийин Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин өз өлкөсүнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, буга “терең өкүнүчүн” билдирген жана эки тарапты түз сүйлөшүүгө чакырды.

Түндүк Кореянын коңшуларынын ичинен Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда эгер Пхеньян душмандык саясатын токтотсо, алар менен алака түзө турганын белгилеп өттү:

- Эгер Түндүк Корея БУУнун резолюциясын аткарып, өзөктүк куралдан толук баш тартса жана аны текшертсе, Жапониядан уурдап кеткен адамдарынын баарын кайтарып берсе, жана биз бул убадалар аткарылганына ынансак, анда Жапония Түндүк Корея менен кызматташтык байланышын түзүшү мүмкүн.

Петербургдагы экономикалык форумда Түндүк Кореянын маселесине токтолгон Кытайдын вице-премьер-министри Ван Кишан “Кытай тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздагысы келет, согушту каалабайт” деп билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG