Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 20:28

Салянованын соту: өкүм күчүндө калды


Аида Салянова

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча өкүм чыгарып, Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

Муну менен Салянова "2010-жылы юстиция министри кезинде Бакиевдердин жакыны Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан" деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөмөк болду. Аида Салянова соттун чечимин "адилетсиз" деп баалап, президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы боюнча убадаларын куру сөз катары мүнөздөдү.

Экс-депутаттын үмүтү жана күйүтү

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин караган Жогорку соттун коллегиясынын чечими көп күттүргөн жок. Коллегиянын төрагасы Каныбек Бокоев Саляновага карата мурдагы Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырылганын жарыялады:

- Кылмыш-процессуалдык кодекстин 383-беренесине ылайык, Жогорку соттун коллегиясы Ленин райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын Салянова Аида Жеңишбековнага карата чечимдерин күчүндө калтырды. Бул чечим акыркы жана даттанууга жатпайт.

Жогорку соттун мындай чечими сот залында отургандарды нааразы кылды. Алар сот Саляновага карата адилетсиз чечим кабыл алынганын билдирип жатышты.

Өкүм чыгарда Аида Салянова Жогорку сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, сот калыс чечим кабыл алат деген үмүтү бар экенин билдирген. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы жана сот адилеттигин орнотуу боюнча убадаларынан соң ушундай ойго келгенин айткан эле.

- Кыргызстанда мыйзам боюнча жашоо коркунучтуу болуп калды. Эгерде бирөө-жарымдын пикири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көз карашына туура келбесе, коркунучтуу абал жаралышы мүмкүн эле. Адилеттүүлүк уттубу же Атамбаев уттубу - аны бүгүнкү соттун чечими аныктайт.

Салянованын соту: өкүм күчүндө калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Экс-прокурор өзүнө карата саясий куугунтук жалгыз ушул иш менен чектелбегенин жана ал үч жарым жылдан бери уланып келатканын кошумчалаган. Бирок Жогорку соттун судьялары Каныбек Бокоев, Арзыбек Акыев жана Болотбек Акматов курамына кирген коллегиянын чечиминен соң "сот мыйзамсыздыкка барбайт" деп ойлогонун, бирок үмүтүнө суу себилгенин билдирди:

- Соттор президенттин сөзүнө, коомчулуктун сынына эч кандай реакция кылган жок. Же болбосо президенттин айткан сөздөрү жөн эле сөз. Эч бир реалдуулукка тиешеси жок жөн эле сөз. Ушул сөздөрдөн соң реалдуу иштер болот деп ойлогом.

22-майдагы соттук жараяндын жүрүшүндө Аида Салянованын коомдук жактоочуларына сөз берилген. Жактоочу Нурлан Садыков Салянованын иши башынан эле саясий негизге байланганын, тергөөдө ойго келбес иштер болгонун айткан.

Дагы бир жактоочу Рабига Садыкова да ушундай эле пикирин айтып, "Салянова саясий негизде айыпталып жатат" деген. Ал эки баскычтагы соттун жыйынтыгы Саляновага каршы кылмыш ишинде саясий мотив бар экенин ачыктан-ачык көргөзгөнүн, мамлекет эч кандай зыян тартпаганын билдирген эле.

Реформанын желаргысыбы?

Аида Саляновага карата Жогорку соттун чечими өлкөдө жаңы президент Сооронбай Жээнбеков сот бийлигин реформалоо жана адилеттик орнотуу боюнча маселе көтөрүп жаткан учурга туш келди.

Өткөн аптада президент Жээнбеков башында турган соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны өткөн. Анда мамлекет башчы жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин баса белгилеп, андыктан реформаларды тездетүүнү тапшырган эле.

Буга кошумча өлкөдө журналисттерге карата бир катар арыздар кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөнү, "Ак үй сотторду тескейт" деген президенттик аппараттын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаевдин кызматтан алынышы бул багытта өзгөрүүлөр болуп жатканы тууралуу сөздөрдү кызыткан.

Азыр буга чейин кесилген бир катар саясатчылардын ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчтөр айтылып жатат. Алардын алгачкысы болуп каралган Салянованын ишине коомчулуктун көңүлү бурулуп жаткан эле.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Аида Салянованын иши менен эле сот реформасы жөнүндө кескин жыйынтык чыгаруу туура эмес деген пикирде:

- Сот реформасы деген иш жүзүндө болушу керек. Ал бир адамды экинчиси менен алмаштырып коюу менен бүтпөйт. Укуктук негизде, системасын караш керек. Ал эми Салянованыкы же Текебаевдики көрсөткүч болуш керек дегенден алысмын. Кыргызстанда 13 миңге жакын адам кесилген болсо, ар бириники каралышы керек.

Кылмыш ишинин таржымалы

Аида Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

46 жаштагы Аида Салянова апрель окуяларынан кийин юстиция министринин милдетин аткаруучу, андан соң президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп эмгектенген.

2011-жылы Салянова башкы прокурорлукка дайындалган болчу. Ал башкы прокурор болуп турган кезинде бир катар депутаттарга, министрлерге карата "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кээ бирөөлөрү камакка алынган. Алардын айрымдары саясий негизде камакка алынганын айтканы менен Салянова мыйзамдын негизинде иш алып барганын билдирип келет.

2015-жылдын башында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий колдоосун сезбей калганын айтып, башкы прокурорлук кызматынан кеткен болчу.

Андан соң бийликке каршы оппозиция өтүп, 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Депутат кезинде бийликке каршы кескин сын айткан саясатчылардын бири катары белгилүү.

Эми Салянова Жогорку соттун чечими чыккан соң өз актыгын колунда турган бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен далилдөөгө аракет кыларын билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (78)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG