Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Көз каранды соттор, көмүскө таасир


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевдин айланасындагы сөздөр кызыды.

Мурдагы судья Максуда Оморова кызы Гүлчехранын судьялык кызматтан мөөнөтүнөн мурда алынганы үчүн Арабаевди ачык айыптап чыкты. Ал аны "сот чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деп күнөөлөдү.

Арабаев жана президенттин аппараты, басма сөз кызматы азырынча үн ката элек. Арабаевдин соттордун ишине кийлигишээрин эки жылдай мурун ошол кездеги депутат, азыр камакта отурган Канатбек Исаев да парламентте сөз кылган.

"Президент чыныгы абалды билгенде..."

Ушул айдын башында президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын сунушу менен Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Анда мындай жазага эмне негиз болгону ачык айтылган эмес.

Текебаевдин иши, кызматтан кеткен судьялар

Текебаевдин иши, кызматтан кеткен судьялар

Серепчилер коомдо резонанс жараткан соттук териштирүүлөр жаңы жагдайда кайра каралып калышы ыктымал экенин айта баштады.

Гүлчехра Оморова тууралуу анын апасы, мурдагы судья Максуда Оморова 7-апрелде "Фейсбуктагы" баракчасына көлөмдүү билдирүү таратты.

Ал кызынын иштен алынганына байланыштуу президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүн 2015-жылдан бери жетектеп келе жаткан Манасбек Арабаевди, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында иштеген Алмаз Маткасымовду жана кызматтан кеткен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны ачык айыптады.

Максуда Оморованын билдирүүсү боюнча, кызы былтыр күзүндө Нарын облусунун мурдагы прокурору Жаныбек Салиевдин аны кайра кызматка коюу тууралуу башкы прокурорго доо арызын караган жана "анын иштен алынышы мыйзамсыз болгон" деген өкүм чыгарган:

- Ишти иликтеп, бир канча жараян өткөргөндөн кийин кызым Салиев Эмгек кодексин бузуу менен иштен алынганын аныктаган. Ошондуктан "мурдагы кызматына кайра коюлушу керек" деген чечим чыгарган. Бул иштеги жоопкерлер кезектеги жараяндан кийин чыныгы абалды түшүнүп, Оморовага кирип, бул доо арыздан баш тартыш керектигин эскертишкен. Алардан кийин эле кызыма доогер кирген. Оморованын болгон күнөөсү - доогерди кууп чыкпай, аны угуп отуруп алганында болгон. Бирок сүйлөшүүдө эч кандай өтүнүч, убада айтылбаганы тасмада деле айкын болду. Доогер өзүнүн арыз-муңун, Башкы прокуратурадагы куугунтук жана башка тууралуу тынбай сүйлөп туруп алган. Ошол учурда иш бөлмөнүн эшиги ачык болгон. Кабылдамада катчы менен жардамчы отурган.

Максуда Оморова кызына жогору жактан Жаныбек Салиевдин арызын канааттандырбоо тууралуу буйрук келгенин, аны аткарбай койгону үчүн иштен айрылганын жарыялады:

Максуда Оморова. Сүрөт "Facebook" баракчасынан алынды.
Максуда Оморова. Сүрөт "Facebook" баракчасынан алынды.

​- Кызым өкүмдү жарыялаары менен мага УКМКнын кызматкери Алмаз чалып: "Максуда Мадиевна, кызыңыздын бул эмне кылганы? Ал Ак үйдүн көрсөтмөсүн аткарбай, Салянова ишке алып келген анын курсташын, досун кайра кызматка койду! Жолдубаева менен Манас сиздин кызыңыздын өз эрки менен кызматтан кетишин талап кылып жатат", - деди. Мен дендароо болуп эле кызыма чалсам: "Апа, мен мыйзамдуу чечим чыгардым, чындык мен тарапта", - деди. Мен: "Алар сенин өз эркиң менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышыңды талап кылып жатышат", - десем: "Билем, мага да биздин төрага "Манас экөөбүздүн бирөөбүз кызматтан өз эркибиз менен кетишибизди талап кылып жатат", - деди. УКМКнын кызматкери Алмаз бир аздан кийин кайра чалып: "Эже, кайгырбаңыз, мен аны менен сүйлөшкөнгө аракет кылайын", - деди. Бирок ал бир аздан соң чалып, эч нерсе болбой калганын айтты. Мен ошол замат Манас Матаевичке чалып: "Сот системасындагы кадр маселелерин укуктук бөлүм менен башкы прокурор чечкени кандай?" деп айттым".

Максуда Оморова президент Сооронбай Жээнбеков кызына байланыштуу чыныгы жагдайды билбегендиктен аны мөөнөтүнөн мурда бошотту деп боолголоп жатат:

- Өкүм чыккан күндөн бир жума өткөн соң кызымды Кадамжайга алты айга жөнөтүү тууралуу Жогорку соттун төрагасынын орун басары кол койгон буйрук чыккан. Эч ким анын баласы бар экенин, өзү жалгыз багып жатканын эске алган эмес. Ал мунун баарын айтпай эле баласын алып Кадамжайга кеткен. Үч айдан кийин эле Башкы прокуратура "Оморова өзүнүн иш бөлмөсүндө Салиев менен сүйлөшүп отурганы" тартылган видеону тиркеп, Тартип комиссиясына сунуштама жөнөтүптүр. Мен Бишкекте судья болуп 20 жыл иштедим. Азыркыдай Манастын кылгандарын буга чейин укуктук бөлүмдүн бир да башчысы кылган эмес. Ал тургай Жолдубаева деле бул бөлүмдү жетектеп турганда бир нерсени талап кылып эч бир судьяга чалган эмес. Эгер азыркы президент чыныгы абалды билгенде ошол буйрукка кол коймок эмес деп ишенем".

Аты аталгандар үн ката элек

"Азаттык" Гүлчехра Оморова тууралуу Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы, Бишкектеги Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архаровага кайрылды. Бирок ал бул чечим тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты:

- Силерге менин телефонумду ким берди? Келгиле, муну телефондон сүйлөшпөйлү. Биз Тартип комиссиясынын чечими тууралуу комментарий бербейбиз. Арыздангандар жазганга укугу бар.

Биздин Манасбек Арабаев менен байланышалы деген аракетибизден майнап чыккан жок. Бул макала жазылып жаткан учурда президенттик аппараттын азыркы жана мурдагы жетекчилеринин да Манасбек Арабаев тууралуу пикирин билүү мүмкүн болгон жок. Басма сөз кызматы да үн ката элек.

УКМК да Максуда Оморованын билдирүүсүндө аты аталган Алмаз Маткасымов аттуу кызматкери тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Кызматтан кеткен башкы прокурор Индира Жолдубаеванын пикирин билүү мүмкүн болгон жок.

Манасбек Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына 2015-жылдын башында, ошол учурда башкы прокурор болуп дайындалган Индира Жолдубаеванын ордуна барган. Быйыл февраль айында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков аны ушул эле бөлүмдүн башчысы кылып кайра дайындаган.

Маткасымов Алмаз Анарбаевич болсо юридика илимдеринин кандидаты, УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын кызматкери экени тууралуу маалымат бар.

Бул эки адам тууралуу 2016-жылы ноябрда ошол кездеги депутат Канатбек Исаев парламентте атайын билдирүү жасаган:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

- Эгер чечимди АКСтин (УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы - ред.) кызматкери Алмаз деген жигит жана президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Матаевич кабыл алып жатса, эмне, Кыргызстан 1937-жылдагы абалга келдиби? Ошол учурда НКВДнын "үчилтиги" эле адамдардын тагдырын чечип койчу. Бүгүн да ушундай коркунуч пайда болду. Кокус, булардын буйругун кайсы бир сот аткарбай койсо - ал сөзсүз жумуштан айдалат. Болбой эле калды дегенде алыскы районго бир жылга "сүргүнгө" кетет. Ар кандай себептер менен он бештей сот кызматынан четтетилди. Ушундай абалдан кийин "көз каранды эмес сот бийлигин орнотобуз" деген максатыбыз жөн гана куру сөз болуп калды. Эч кандай күнөөсү жок, күнөөсү далилденбеген адамдар 10-15 жылга кесилип кетип жатат. "АКС айтып жатат, Манас чалып жатат" деген көрүнүштөр пайда болду. Адамдын да убал-сообу бар!

Ошол кезде Манасбек Арабаев "Азаттыкка" учкай комментарий берген. Анда Алмаз Маткасымовду тааныбай турганын, депутаттын дооматы негизсиз экенин билдирген:

- Мен Алмаз Маткасымов аттуу адамды тааныбайм. Биз кандайча буйрук бере алабыз? Ар бир судья президенттин жарлыгы менен дайындалган жана Конституция боюнча эч кимге көз каранды болбой иштейт. Канатбек Исаев баарына эле асылып жатат. Балким Башкы прокуратура ага карата кылмыш ишин жандандырганы үчүн ушундай кадамга бардыбы, мен түшүнбөй жатам.

Манасбек Арабаевдин аты 11-апрелде Жогорку Кеңеште да сөз болду. "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, Бишкек шаардык сотунун мурунку судьясы Курманкул Зулушев соттор бийликтен көз каранды болуп калганын айтып чыкты.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Соттор бийликтен көз каранды, адилетсиз, чөнтөк сотторго айланды. Арасында мыйзамды сыйлаган адилет соттор бар. Бирок алар калыс чечим чыгаруудан коркушат. Себеби бизди жумуштан кетирүү менен башка сотторго сабак кылып, кимде ким буйрукту аткарбаса бийликтин каарына калаарын туйгузуп, соттордун эрксиз, көз каранды кылышты. Азыркы Жогорку соттун төрайымы Токбаева же жергиликтүү соттор эч нерсени чечпейт. Маселенин баарын президенттик аппараттын бөлүм башчысы Манас Арабаев чечет. Анын айтканы боюнча соттор ак-карасын териштирбей чечим кабыл алып, адам тагдырын талкалап жатканына коомчулук күбө.

Соттордун ишине ичинен кийлигишүү...

Бишкекте 10-апрелде бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, юристтер сот реформасын талкуулаганда да президенттик аппаратын бөлүм башчысы тууралуу сүйлөгөндөр болду. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупова соттордун ишине кийлигишүү чоң кылмыш экенин эскертти.

- Манас Арабаев тууралуу мындан бир канча жыл мурун ошол кездеги депутат Канатбек Исаев айтып чыккан. Бирок ошол адамдар басмырлаган судьялардын бирөө да прокуратурага арыз жазган эмес. Соттордун ишине кийлигишүү - өтө оор кылмыш. Ошондуктан ошол учурда айтылган сөздөр ошол боюнча эле калган. Мына азыр Максуда Оморова кызынын судьялык кызматтан четтетилгени боюнча айрым адамдардын атын ачык айтып чыкты. Менимче коомчулук муну колдошу керек. Биз "Соттордун ишине кийлигишүү" беренеси менен жоопко тартууну талап кылышыбыз керек.

Мындай пикирди жарандык активист Рита Карасартова да колдоп жатат:

- Гүлчехра Оморованы Башкы прокуратуранын Тартип комиссиясына берген видеотасма боюнча иштен кетирди. Эгер жөнөкөй адамдардын соту болсо, андай видеотасманы прокуратура бербейт. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин сотунда судья "камералардын баарын өчүргүлө" деген буйрук берген. Мисалы ошол эле Арабаев боюнча "өйдө жактан "Кайсы судьялар карасын?" деген тизме келет" деген сөздөрдү канча угабыз? Бирок биз колдорунан кармап албагандан кийин далилдей албайбыз. Бүгүн соттун мурдагы төрайымы "кысым болуп жатат" деп айтып чыккандан кийин биз ошого реакция кылып, "президенттик аппараттын бөлүм башчысы кандайдыр жоопкерчиликке тартылсын" деп чыга турган болсок, коомдук пикирдин күчү бар экенин билип калышат. "Жумуштан эле четтеп калбай, жоопко тартылды" деген нукка түшүп алсак сонун болмок.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикиринде, мурунку судья Максуда Оморова буга чейин "бийлик соттордун ишине ачык кийлигишет" деп уу-дуу кеп болуп келген сөздөрдү далилдеди:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

- Бардык саясий иштерди эле эмес, чарбалык маселелерди, "ким камалат, ким камалбайт, ким канча мөөнөт алат" дегенди ушул аттары аталган үч адам чечип калганын жалпы Кыргызстан деле билет. Максуда Оморованы балким жаштар билбеши мүмкүн, бирок ал Чолпон Баекованын катарында эле жүргөн юриуспруденциянын, соттун белгилүү өкүлү. Ал жазган ар бир сөзүнө жооп берет. Анткени ал судья. Судья болуп 20 жыл иштеген адам жөн эле жазбайт. Анын жазгандарына коомчулук терең маани бере албай жатат. "Кызы үчүн таарынганын, ичи күйгөнүн жазыптыр" деп эле кабыл алып жатышат. Мамлекеттик бийликке, сот системасына эң олуттуу, эң оор шек келип жатат. Бул жерде бир канча эпизоддор айтылып жатат. "Кызым мурун силердин тилиңерди алып, бир канча өкүмдөрдү чыгарган, азыр эми бир талабыңарды аткарбай койсо эле жумуштан алып койдуңар" деп жатат. Ким эмне деп телефон чалганынан бери "Фейсбукка" жазып жатат. Ушул эле эпизод боюнча бүгүнтөн калбай кылмыш иши козголуп, Манас Арабаев, Алмаз Маткасымов, Индира Жолдубаева жумуштан алынып, камалып, тергөө жүргүзүлүшү керек.

Судья Гүлчехра Оморова бир катар "саясий өңүтү бар" деген чуулгандуу иштерди караганы менен белгилүү. Маселен, ал "Zanoza.kg" сайты боюнча соттук отурумда төрайымдык кылган. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирүү тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаеванын арызын канааттандырган жана журналист Нарын Айыпты үч миллион сом доого жыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин коомдук активист Мавлян Аскарбековго каршы жазган арызын карап, Аскарбековду "күнөөлүү" деп чечим чыгарган. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеевге Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезиндеги ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишин да Оморова териштирген.

Буга чейин адвокаттар жана жарандык активисттер "паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген" деп эсептеген соттордун "кара тизмесин" түзүшкөн. Ал тизмеде судья Оморова да бар болчу.

"Азаттыктын" архиви: Сот реформасын талап кылган митинг. 5-март, 2018-жыл

Сот реформасын талап кылган митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG